Шахтада калып кеткен 955 шахтер куткарылды

африканский шахтер Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty

Түштүк Африка республикасында электр жарыгы өчүп калып, шахтада калып кеткен 955 шахтерду куткаруу операциясы жыйынтыкталды.

Шахтерлор жер алдында дээрлик эки күн камалып турушкан. Шейшембиде катуу бороонго байланыштуу "Беатрикс" кенинде электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, лифт иштебей калган. "Беатрикс" шахтасынын тереңдиги 1000 метрге чейин.

Ошондон бери эки күн лифтини иштетүү аракеттери жүрүп, жума күнү гана лифтердин бирине ток жеткиришкен. Шахтерлор ошону менен сыртка чыга алышты деп кабарлады жергиликтүү eNCA телеканалы.

Шахтаны иштеткен компаниянын жетекчилиги бул окуядан эч ким жабыр тартпаганын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty
Image caption Шахтерлор жер алдында дээрлик эки күн камалып турушкан.

Шахтадагылар куткарылгандан кийин аларды ордунда тамактандырып, андан соң бир нече "Тез жардам" унаасы менен медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып кетишкен.

Түштүк Африка республикасы дүйнөдөгү эң ири алтын экспортеру эсептелет. Бирок өлкөгө алтын өндүрүү тармагы чоң мүшкүл дагы алып келди. 2017-жылы эле ТАРдын тоо-кен тармагында 80 шахтер өндүрүштөгү кырсыктан мерт кеткен. (AbA)

Тектеш темалар