Кышкы Олимпиадада жаңы допинг жаңжалы тутанабы?

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда 9-февралдан 25-февралга чейин өтөт. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда 9-февралдан 25-февралга чейин өтөт.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын башталышына бир нече күн калганда лыжа спорту боюнча бир нече атлеттин допинг колдонгону тууралуу маалыматтар ачыкка чыгышы мүмкүн.

Бул тууралуу дүйнөдөгү алдыңкы ММКлар жазып чыкты.

Жүздөгөн лыжачылардын кан анализинин тыянактары тескери болгонуна карабастан, мелдештен четтетилген эмес. Британдык The Sunday Times басылмасы жана германиялык ARD телеканалы 10 миңге чукул кан анализдеринин тыянагы менен жакындан таанышып чыгууга мүмкүндүк алган. Бул деген кышкы спорттун эки миңдей жылдыздарынын кан анализдери деген кеп.

Бул маалыматтарда 2001-жылдан бери лыжачылар алган медалдардын үчтөн бири, анын ичинде Дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарынан алган 91 алтын медалды кан анализи шектүү эсептелген спортчулар утуп алганы айтылат.

Алдыдагы Олимпиада оюндарында спортчуларына өз өлкөсүнүн туусунун алдында мелдешке чыгууга тыюу салынган Орусия допинг махинацияларынын тизмесинде эң алдыңкы орунда турат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2-февралда Лозаннадагы спорттук арбитраждык сот (CAS) допинг жаңжалына аралашкан лыжачы Александр Легковду актаган чечим кабыл алып, 2014-жылы Сочи Олимпиадасында уткан алтын медалын кайтарып берди.

Мындай маалыматтардын ачыкка чыгышы кезектеги допинг жаңжалына алып келиши мүмкүн деп жазды басылмалар. Ушул апта этегинде Пхeнчханда кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Sunday Times басылмасы алынган маалыматтарды негиз кылып, Түштүк Кореядагы кышкы оюндарга катышууга укук алган 50 лыжачы, болжолу допинг колдонгон болушу мүмкүн. Бирок санкцияларга илинбей калган деп тыянак чыгарат.

Ачыкка чыккан маалымат базасында 2001-2010-жылдар аралыгында мелдештерге катышкан спортчулардын кан анализдери бар. Айрым спортчулар азыр деле чоң мелдештерге катышып келүүдө.

Допинг боюнча эки эксперттин чыгарып берген тыянагына караганда, көпчүлүк лыжачылар кан кызыткан дарыны кеңири тараган эки жол менен колдонушу мүмкүн. Алар тыюу салынган гормон эритропоэтин (EPO) колдонгон же алардын мурда алынган канын кайра куйган болушу мүмкүн.

Эки эксперт тeң кандагы аномалдык анализдер мелдештерден уткан лыжачыларга таандык экенин белгилешет. Жалпысынан 290 лыжачынын кан анализдери допинг колдонушу мүмкүн деген шектенүүгө негиз берет.

Арбитраждык сот актаган 15 орусиялык спортчу кышкы оюндарга катыштырылбайт

Эл аралык олимпиада комитети Лозаннадагы спорттук арбитраждык сот (CAS) тарабынан акталган 13 спортчунун жана эки машыктыруучунун Пхенчхандагы Олимпиада оюндарына катышуу талабын аткарган жок.

"Лозаннадагы спорттук арбитраждык сот (CAS) допингге шекти алып салган жок жана 13 спортчунун өздүк анализдери таза дегенге комиссияга ишенимдүү боло турган негиздерди көрсөтө албады ",-деп айтылат Эл аралык олимпиада комитетинин кайрылуусунда.

Сүрөттүн автордук укугу Peter Kneffel/TASS
Image caption Орусиянын курама командасын кышкы оюндардан четтетүү боюнча чечимди Эл аралык олимпиада комитети өткөн жылдын декабрь айында кабыл алган.

1-февралда Лозаннадагы спорттук арбитраждык сот (CAS) орусиялык 28 спортчунун доо арызын канааттандырды. Эл аралык олимпиада комитети допинг чатагынан кийин бул спортчулардын Сочи оюндарындагы тыянактарын жокко чыгарып, Олимпиада оюндарына өмүр боюу катышууга тыюу салган эле.

CAS өз чечимин Эл аралык олимпиада комитетинин далилдери жетишсиз болгону менен түшүндүргөн. Эл аралык олимпиада комитети бул чечимди кадыресе эле кабыл алып, баары бир Орусия олимпиадалык комитети Пхенчхан оюндарынан четтетилгенин белгиледи. Дүйнөлүк допингге каршы агенттик дагы сот чечимине реакция билдирген жок.

Түштүк Кореяга бара турган орусиялык спортчулар нейтралдуу туунун алдында оюнга чыгышат. Алар жеңишке жетсе өлкөсүнүн гимни эмес, олимпиада гимни ойнотулат.

Орусия Пхенчханга 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети 169 спортчуга гана уруксат берди. Атактуу спортчулардын ичинен орусиялык биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов оюндан четтетилген.

Орусиянын курама командасын кышкы оюндардан четтетүү боюнча чечимди Эл аралык олимпиада комитети өткөн жылдын декабрь айында кабыл алган. Уюм Орусия мамлекеттик деңгээлде допинг колдонууга колдоо көрскөн деп тапкан. Бирок орус бийлиги муну четке кагып келүүдө. (AbA)