Түбөлүк жашоонун технологиясы табылдыбы?

Аризонадагы Alcor аттуу атайын жайда адамдын сөөгү тоңдурулуп, технология өнүккөн учурда гана кайра тирилтиле турган болууда.

Alcor компаниясынын атайын жайында 154 кишинин жансыз денеси бар.

Адамдын денеси -200 градус суюк азот затына чыланып сакталат.

Акча үнөмдөгүсү келгендер башын гана тоңдуруп койсо болот. Каалагандар үй жаныбарын дагы кошо тоңдуруп, кийин тирилтип алса да мүмкүн.

Мындай жайларда денени тоңдуруу акысы 200 миң доллар турат.

Бирок бул ыкма иштейби?

Нейробиологдор технологиянын туура экенинен күмөн санашууда.

Image caption Профессор Клайв Коэн, Лондондогу Королдук коллеж

"Мээни тоңдуруп жатканда ар бир микроэлементке жеткидей зат куюлаары тууралуу маалымат жок. Демек, мээнин баары -196 градуска түшпөй, сакталбай калышы ыктымал", -дейт профессор Клайв Коэн.

Alcor компаниясы бир жолу тоңдурулган кишини кайра тирилтүү оңой болбойт деп жатат. Ошентсе да алардын бул иштин келечегинен үмүтү чоң.

Чынында түбөлүк жашоону ким каалабасын?