Дональд Трамп Вашингтондо аскердик парад өткөрүүнү каалайт

Трамп штаб жетекчилери менен болгон жолугушуусу учурунда Вашингтондо аскердик парад өткөрүү каалоосун билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Америкалык басылмалар өткөн жылы Парижде өткөрүлгөн парадга АКШ президенти абдан таасирленгени тууралуу жазууда.

Адатта Вашингтондогу парад кандайдыр бир аскердик жаңжалдын бүткөнүнө карата өткөрүлүп жүрөт. Бирок бул ирет аскер кызматкерлерине болгон урмат-сый катары өткөрүү демилгеси болгон.

Президенттин мындай планы тууралуу биринчилерден болуп Washington Post гезити жазып чыкты. Бул кабарды Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс тастыктаган.

Пентагон азыр парадды уюштуруу иштерин карап жатат. Бирок Washington Post басылмасы Ак үйдөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, азырынча бул демилге талкуунун гана деңгээлинде болуп жатканын жазды.

Бул идея баарына эле жаккан жок

Демократиялык партиянын саясатчылары парадды өткөрүү кымбатка түшөт деп чыкты. Ошол эле учурда мындай иш-чаранын символикалык маанисинен да чочулап турушат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бастилия күнүнө карата Парижде өткөн парад учурундагы америкалык аскер учактары.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Елисей талаасында америкалык аскерлер француздар менен бирге cалтанаттуу жүрүштө.

"Бул жөн эле акчаны асманга сапыруу! Трамп өзүн президент катары эмес, көбүрөөк диктатор катары көрсөтүүдө. Америкалыктар мындан чоң сыйга татыктуу ",-деп жазды "Твиттер" баракчасына конгрессмен Жим Макговерн.

Конгрессмен Жеки Спейер Си-эн-энге берген интервьюсунда, "буга (Трамптын демилгесине) таң калганын" айтып, "Биздин өзүбүздүн Наполеонубуз жаралууда" деп айткан.

Мындай параддар АКШда, Батыш өлкөлөрүндө өтө сейрек көрүнүш. Ошондуктан "Аскердик парад" дегенде эле негизинен Түндүк Кореяны элестетишет.

Си-эн-энге берген интервьюсунда генерал-лейтенант Марк Херлинг өмүрүндө парадды жактырган аскер кызматкерлерин аз эле кездештиргенин айтты.

"Аскер кызматкерлери башкы кол башчы талап кылгандын баарын аткарат. Бирок бул демилге биздин армия үчүн жарабаган идея",-деген ал.

"Бул Кошмо штаттардын куралдуу күчтөрүнө мүнөздүү маданият эмес. Менимче, күч-кубатыбызды мактангандын кереги жок".

Вашингтондо акыркы жолу аскердик парад 1991-жылы июнда өткөн. Анда Буштун улуусу президент болчу. Бул аскер парады Перс булуңундагы биринчи согуштун аяктаганына жана Кувейттин бошотулушуна арналып өткөн эле. (AbA)

Тектеш темалар