Олимпиада алдында Түндүк Корея аскердик парадга даярданууда

Түштүк Кореяда кышкы Олимпиада оюндары башталып жаткан чакта Түндүк Корея бүгүн баш калаасы Пхеньянда аскердик парад өткөрөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Парад учурунда Түндүк Корея оор аскер техникаларын дагы көрсөтөт.

40 жылдан бери Пхеньяндагы аскердик парад 25-апрелде өткөрүлүп келген. Бул күн мамлекеттин негиздөөчүсү Кир Ир Сендин 1932-жылы биринчи партизандык бөлүктү түзгөн күнү.

1948-жылы 8-февралда КЭДРдин регулярдуу армиясы негизделген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул майрам маанилүү эсептелбейт.

Олимпиада босогосунда аскердик парад өткөрүүнү эл аралык коомчулук сынга алып жатат. Түндүк Корея болсо, өлкөнүн ички иши экенин айтып, аны айыптоого эч кимдин укугу жок деп айтты.

АКШ парад өткөрүү максатсыз, анткени дүйнөнүн көңүлү кышкы оюндарга гана бурулушу керек деп билдирүү жасады. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын өзү Вашингтондо аскердик парад өткөрүү каалоосун айткан эле. Азырынча параддын датасы жана масштабы белгисиз.

Түндүк Корея Олимпиада оюндарынын башталышына так бир күн калганда парад өткөрүүдө.

Эксперттердин баамында, парадда Түндүк Корея алыскы аралыкка учкан баллистикалык ракетасын мактанышы мүмкүн. Түштүк Корея бийлиги Пхеньянга жакын жердеги аэропортто 13 миң аскер кызматкерлери жана 200 дөй аскер техникасы турганын айтты. Муну парадга даярдык деп болжоп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 40 жылдан бери Пхеньяндагы аскердик парад 25-апрелде өткөрүлүп келген.

Пусан университетинин окумуштуусу Роберт Келлинин айтымында, параддын датасын жылдыруу саясий максат болгон.

"Бул чоң жаңылык. Ал (парад) Олимпиаданын ачылышына так бир күн калганда болуп жатканы - өзүнчө коңгуроо,-деди ал. Түштүк Кореядагы кышкы оюндарга дүйнөнүн булуң-бурчунан кишилер келет. Анткени бул жагымдуу окуя бүт дүйнөнүн көңүл борборунда эмеспи. Демек алар Түндүктө эмене болуп жатканына дагы көңүл бурушат".

Олимпиаданын уюштуруучулары параддын өтүшү кышкы оюндардын жүрүшүнө эч кандай таасирин тийгизбей турганын айтты.

БУУнун курамына кирген 193 мамлекет, анын ичинде Түндүк Корея Олимпиада учурунда эч кандай агрессияга жол бербеши керек деген келишимдер бар.

Кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталып, 25-февралга чейин болот. (AbA)