Пхенчхан: XXIII кышкы Олимпиаданын оту жанды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиаданын оту жанды. Алдыдагы 17 күн ичинде дүйнөнүн көңүлү Корей жарым аралында болмокчу.
Пхенчхан Олимпиадасы "эң суук" кышкы оюндардын бири катары тарыхта калмакчы.
"Эң суук" дегенде Түндүк-Түштүк Кореянын мамилеси же Орусиянын спортчуларына байланыштуу допинг боюнча чуулгандуу окуяларды айткан жокпуз. Албетте, кеп бул жерде аба-ырайы тууралуу.
Мелдештер негизинен Альпензия жана Каннын курорт шаарларында өтөт. Бирок айрым оюндар Бокваң жана Чунбон лыжа тебүүчү жайда болот. Бул аймакта температура 6 градустан, -2 градуска чейин болгону менен, тоодогу шамалдан улам күндүн суугу -25 градустай эле сезилет.
Ошондуктан Олимпиада уюштуруучулары күйөрмандарга жылуу болуш үчүн атайын жууркандарды таратмак болуп жатат.
Сүрөттүн булагы, AFP
Олимпиаданын ачылышынын алдында стадиондордун коопсуздук кызматкерлери норуолк вирусуна кабылып, алардын ордуна армияны тартышты
Олимпиада мурда суук делген Норвегияда деле өткөн. Бирок бул жердин суугу андан катуу экен. 1994-жылы Норвегияда болгон кышкы Олимпиадада -11 градус суук болгон.
Пхенчхан шаарындагы абанын температурасы мурунку Олимпиада өткөн Сочиден кыйла эле айырмаланат. Сочидеги мелдештерде температура 20 градус жылуу болгон. Ал эми Пхенчхандагы Олимпиада оюндарынын ачылышында температура -5 болмокчу.
Сүрөттүн булагы, AFP
Сочидеги мелдештерде температура 20 градус жылуу болгон
Сууктан тышкары Олимпиаданын ачылышынын алдында стадиондордун коопсуздук кызматкерлери норуолк вирусуна кабылып, алардын ордуна армияны тартышты.
17 күнгө созулган оюндарда үч миңден ашуун дүйнөдөгү эң мыкты спортчулар күч сынашат. Кышкы Олимпиадада атлеттер 15 спорттун түрүндө 102 медаль үчүн мелдешет.
Оюндарга билеттердин 77 пайызы сатылып, мелдештер өтчү 13 жайга 826 миң күйөрман чогулат.
Түндүк-Түштүк Кореянын оюндарда биригүүсү
Кышкы оюндардын алдында Пхеньян менен Сеулдун бийлиги эки жылдан кийин биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ушундан кийин Түндүк Корея кышкы Олимпиадага 22 спорчусун жөнөтмөк болду. Алар кышкы спорттун беш түрүнө катышат. Дагы бир кызыктуу жери - эки мамлекеттин спортчулары Олимпиаданын ачылыш салтанатында бир туунун алдында чыгат.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк-Түштүк Кореянын биргелешкен хоккей командасы биринчи жолу достук беттешке чыкты
Хоккей боюнча аялдар курама командалары дагы бирикти. Мындай аракеттерге кубангандар менен катар эле нааразылар дагы болбой койгон жок. Түштүк Кореянын айрым тургундары буга каршы чыккан. Түндүк Кореянын спортчуларын командага кошуп алуу менен Түштүк Корея медаль алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт деген пикирлер айтылды.
Жекшемби күнү Түндүк-Түштүк Кореянын биргелешкен хоккей командасы биринчи жолу достук беттешке чыкты. Алар Швейцияга 3-1 эсебинде утулуп калды.
Спортчулардан тышкары Пхеньян жүздөгөн делегаттарын, сүрөөнчүлөрүн, күйөрмандарын жана бийчилерин жөнөттү.
Команда биригет деген жаңылыктардан улам айрымдар нааразылык акциясын өткөргөн эле. Шейшемби күнү Түндүк Кореядан 120 музыкант келгенде, Түштүк Кореяда маасалык түрдө ири демонстрация уюштурулду.
Орусия бейтарап туунун алдында чыгат
Орусия Сочидеги оюндарда медалдар таблицасында биринчи орунду алган. Бирок допинг боюнча чуулгандуу окуялардан кийин Эл аралык Олимпиада комитети тергөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы оюндардан четтеткен.
Сүрөттүн булагы, PETER KNEFFEL/TASS
Орусиянын курама командасын кышкы оюндардан четтетүү боюнча чечимди Эл аралык Олимпиада комитети өткөн жылдын декабрь айында кабыл алган.
Бирок комитет кызыткыч колдонбогону далилденген 169 орусиялык спортчуга бейтарап желек астына оюндарга катышууга уруксат берди.
Түштүк Кореяга келген орусиялык спортчулар Эл аралык Олимпиада комитетинин туусунун алдында чыгат. Аларга мамлекетинин желегин формасы аркылуу даңазалоого да тыюу салынып, атайын эскертүүлөр да айтылды.

Кышкы Олимпиада келечекте кар жана музга зар болобу?
Жума күнү Корей жарым аралында кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышы болот. Албетте, бул оюндардын ийгиликтүү болоорунан күмөн санабаса деле болот. Бирок барган сайын кышкы Олимпиада оюндарын уюштуруу чоң мүшкүлгө айланат деген кооптонуу бар.