Пхёнчхандагы Олимпиаданын ачылыш салтанатынан сүртүмдөр

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Салтанаттуу ачылыш аземине 92 өлкөдөн алты миңден ашуун спортчу катышты. Анын ичинде кыргызстандык чакан топ дагы мамлекеттик туунун алдында жүрүштөн өттү.

Олимпиаданын ачылышы алп жолборсту курчаган балдардын аянтка чыгышы менен башталды. Сүрөттүн автордук укугу Jamie Squire / Getty

Олимпиаданын ачылышы алп жолборсту курчаган балдардын аянтка чыгышы менен башталды. Бул жолборс Түштүк Кореяда өткөн Сухоран олимпиадасынын символу болгон эле.

Стадион Сүрөттүн автордук укугу Jamie Squire/Getty Images

Олимпиаданын ачылыш аземи беш бурчтуу ачык стадиондо өттү. Ар бир бурчу Түштүк Кореядагы дөөлөттөрдү туюндуруп турат. Булар: маданият, экология, экономика, тынчтык жана IT-индустрия.

Стадионго Түштүк Кореянын мамлекеттик туусу алынып киргенден кийин, өлкө гимни жаңырды. Ушундан кийин спортчулардын парады башталды. Сүрөттүн автордук укугу Jamie Squire/Getty Images

Стадионго Түштүк Кореянын мамлекеттик туусу алынып киргенден кийин, өлкө гимни жаңырды. Ушундан кийин спортчулардын парады башталды.

Стадион Сүрөттүн автордук укугу Richard Heathcote/Getty images

Салт болуп калгандай эле парадды Грециянын командасы баштап берди. Анын артынан Гана чыкты. Өз өлкөсүнүн туусун желбиреткен спортчулар кезек-кезеги менен жүрүштөн өтүштү. Нигериядан келген бобслейчи кыздар бул өлкөнү кышкы Олимпиадада тааныштырган биринчи спортчулар болуп калды. Ошондой эле Африкадан келген биринчи бобслей командасы болду.

Спортсмены из Нигерии Сүрөттүн автордук укугу Harry How/Getty Images

Сеун Адигун, Нгози Онвумере жана Акуома Омеога спорттук карьерасын жеңил атлетикадан баштаган. Бирок күтүүсүз жерден эле жөө күлүктөр кышкы спорт түрүнө өтүп кетишкен экен.

Кышкы оюндарга мадагаскарлык 16 жаштагы лыжа спортунун чебери Мьялитьяна Клерк (тууну кармапа бара жатат) катышууда. Клерк - Мадагаскар тарыхында кышкы Олимпиадага катышып жаткан экинчи спортчу. Сүрөттүн автордук укугу Quinn Rooney/Getty Images

Кышкы оюндарга мадагаскарлык 16 жаштагы лыжа спортунун чебери Мьялитьяна Клерк (тууну кармапа бара жатат) катышууда. Клерк - Мадагаскар тарыхында кышкы Олимпиадага катышып жаткан экинчи спортчу.

Спортсмены Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin/TASS

Орусиялык спортчулар допинг жаңжалына байланыштуу кышкы оюндарга өз өлкөсүнүн туусу алдында чыга алган жок. Алар бейтарап туунун алдында чыгып келишти. Кийимдеринде дагы туунун белгиси түшүрүлгөн эмес.

Оюндарда орусиялык спортчуларды расмий түрдө "Орусиядан келген олимпиадалык атлеттер" деп аташат.

Болельщики Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бирок орусиялык күйөрмандар өз спортчуларын улуттук тууну колдонуп, сүрөөнгө алса болот.

Спортсмены Сүрөттүн автордук укугу Matthias Hangst/Getty Images

Бул жолку Олимпиаданын чакырыгы: Бүтүкүл дүйнөгө тынчтык! Ошондуктан КЭДР менен Түштүк Кореянын командалары бир туунун алдында чыгууну чечкен. Алар ак түстөгү кийимди атайын тандап алышкан.

Спортсмены Сүрөттүн автордук укугу Jamie Squire/Getty Images

Эң экстремалдуу кийинген Тонгонун спортчусу болду. Ачылыш салтанаты өтүп жаткан учурда стадиондо -5 градус суук болуп турган. Айрым күндөрү Олимпиада өтүп жаткан аймакта -25ке чейин суук болот деп күтүлүүдө. Бул тонголук мурда жайкы оюндарда тхэквондо боюнча катышкан. Эми кышкы оюндарда лыжа спорту боюнча күчүн сынап көрүүнү чечкен.

Спортчулардын салтанаттуу жүрүшүнөн кийин стадионго бийчилер чыкты. Сүрөттүн автордук укугу Richard Heathcote/getty images

Спортчулардын салтанаттуу жүрүшүнөн кийин стадионго бийчилер чыкты.

Стадион Сүрөттүн автордук укугу Richard Heathcote/Getty Images

Андан кийин кореялык квартет Жон Ленондун Imagine ырын аткарды.

Олимпийский огонь Сүрөттүн автордук укугу David J. Phillip/Getty Images

Соңунда кореялык муз бийчиси Ю-на Ким Олимпиада отун жандырды.

Олимпийский огонь Сүрөттүн автордук укугу David J. Phillip/Getty Images

Пхёнчхандагы Олимпиада 25-февралга чейин уланат. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар