Орусияда Ан-148 жүргүнчү учагы кырсыкка учурады

Орусияда Ан-148 жүргүнчү учагы кырсыкка учурады Сүрөттүн автордук укугу Stanislav Krasilnikov/TASS
Image caption Ан-148 учагы Москва убактысы боюнча 14:21де Домодедово аэропортунан учуп чыккан. Бир нече минутадан кийин эле экипаж диспетчер менен байланышын жоготкон.

"Саратов аба жолдоруна" таандык жүргүнчү ташыган Ан-148 учагы Москвадан-Орск шаарын көздөй учуп чыккандан бир нече минутадан кийин кырсыкка кабылган.

Орусиянын тергөөчүлөрү учак эмне себептен кырсыкка кабылганын аныктоо үчүн анын калдыктарын изилдөөдө. Учактын экинчи "кара кутусу" табылганы айтылды.

Учактын бортундагы 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү каза тапты.

Орусиянын расмийлеринин айтымында, аба ырайы, адам фактору, учактын техникалык абалы жана башка кырсыкка себеп болгон факторлордун баары каралат.

Сүрөттүн автордук укугу Stanislav Krasilnikov/TASS
Image caption Орусиянын расмийлеринин айтымында, аба ырайы, адам фактору, учактын техникалык абалы жана башка кырсыкка себеп болгон факторлордун баары каралат

Учактын калдыктарын издөө иштерине 700дөн ашуун адам катышууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин учак кырсыгында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учак кырсыгында набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок деп билдирди.

Бизге эмне белгилүү?

Ан-148 учагы Москва убактысы боюнча 14:21де Домодедово аэропортунан учуп чыккан. Бир нече минутадан кийин эле экипаж диспетчер менен байланышын жоготкон.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Учактын калдыктарын издөө иштерине 700дөн ашуун адам катышууда

"Саратов 703, жооп бериңиз! Саратов 703 эмне болду, байланыштасызбы? Москва чакырып жатат!", - деген Ан-148 менен радио сүйлөшүүлөрдүн үзүндүлөрүн Mash телеграм-каналы жарыялады.

Ан-148 учагы кырсыкка кабылгандан кийин ММКлар Flightradar сайтындагы маалыматка өзгөчө көңүл буруп жатышат. Анда Ан-148 таң калыштуу абалда учуп барып, кырсыкка кабылган. Башында учак 1800 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, саатына 600 чакырым ылдамдыкта учкан. Андан кийин Ан-148 капысынан эле 1500 метрге чейин төмөндөгөн. Көп өтпөй кайра 1800 метр өйдө чыгып, анан төмөн көздөй кулаган. 900 метрден кийин, ал радарга илинбей калган.

Башында тик учак менен кагышкан болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылып, кийин такталган жок.

Кырсыктын себеби боюнча кандай маалыматтар айтылууда?

Орусиянын Тергөө комитети кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Ространснадзор кырсыкка байланыштуу "Саратов аба жолдорун" текшерүүгө алууда. Азырынча учак кырсыгынын себептери расмий айтыла элек. Бирок айрым басылмалар күбөлөргө шилтеме берип, учактын кыймылдаткычы иштебей калганын жазууда.

Сүрөттүн автордук укугу Stanislav Krasilnikov/TASS
Image caption Орусиянын Тергөө комитети кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Mash ысымы айтылбаган булакка шилтеме берип, Ан-148 учагынын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калып, андан кийин жарылуу болгонун жазып чыкты.

"А дегенде канатынын алдында бир нерсе жарылгандай болду. Кийин өрт чыкты. Мунун баары көз ирмемеде болду. Экинчи жолу жарык чыккандан кийин учак төмөн көздөй кулады",-деп айтып берген күбө.

Андан сырткары күбөлөр учак жерге кулап баратканда эле өрттөнүп кеткенин айтып беришкен.

Эмне болгон учак эле?

Сүрөттүн автордук укугу AIr Team Images

Ан-148 Украина менен Орусия биргелешип чыгарган учак. Башында учакты Харьковдогу мамлекеттик авиа ишкана чыгарган. Кийин аны Орусияда дагы жасай башташты. Украина чыгышындагы жаңжал жана Крымдын аннексияланышынан кийин Орусия учакты жасоону токтоткон.

Кырсыкка кабылган учак 2010-жылы Воронеждеги авиакурулуш ишканасы тарабынан чыгарылган. Аталган завод дагы кырсыктан кийин атайын комиссия түзгөнүн ырастады. (AbA)