Түндүк Кореянын мурдагы тыңчысынын таң калыштуу окуясы

Түндүк Кореянын тыңчысы 1988-жылы Олимпиада оюндарынын алдында Түштүк Кореянын учагын жардырган.

Ким Хуюн Ху Пхёнчхандагы Олимпиада оюндарында Түндүк-Түштүк Кореянын мамилесинин оңолгонун пропаганда деп мүнөздөдү.

Ким Хуюн Ху учакты жардыргандан кийин кармалып, ага өлүм жазасы берилген. Тыңчы буйрукту Ким Чен Ыр өзү бергенин айткан.

Анын миссиясы 1988-жылы Сеулда өткөн оюндарга тоскоолдук жаратуу болчу.

Image caption Түндүк Кореянын мурдагы тыңчысы Ким Хуюн Ху

Чабуулда 115 адам каза тапкан. Алардын баары Түштүк Кореянын жарандары болгон.

"Мага Түндүк-Түштүк Кореяны бириктирүүдө негизги ролду ойнойсуң деп айтышкан. Түштүк Кореяны боштондукка чыгарасың, баатыр болосуң дешти. Мен катуу сыймыктандым. Бирок мени адамды өлтүрүүгө жөнөтүп жатканын түшүндүм. Күнөөсүз кишилер өлмөк", -деди Түндүк Кореянын мурдагы тыңчысы Ким Хуюн Ху.

Ким айым дагы бир тыңчы менен кармалган. Алар цианид жутканы менен, Ким Хуюн Ху аман калган.

Түштүк Корея президенти Түндүк Кореянын идеологиясы "Ким Хуюн Хунун башын айландырган" деген жүйөө менен, ага мунапыс берген.

Ким Хуюн Ху Түндүк Кореянын лидерлери чек арадан өтүп келип, Түштүк Кореянын лидерлери менен кышкы Олимпиада боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн көрдү. Бирок ал аны жасалма деп атады.

"Албетте бул популисттик кадам. Пхеньян өзөктүк куралга жетүүнү көздөйт. Түндүк Корея диолог аркылуу өзгөрбөйт. Түндүк Корея жумшак сөз менен өзгөрбөйт. Менимче Түндүк Кореяны бир гана күч жана кысымга алып өзгөртсө болот", -деди Ким Хуюн Ху.

Ал күйөөсү менен жашыруун жашайт. Ким Хуюн Хунун жолдошу дагы атайын кызматта иштейт. Бир учурда Ким Хуюн Худан сурак алган.

Image caption Ким Хуюн Ху өзү өлтүргөн адамдардын жакындары менен дагы жолуккан

Ал өзү өлтүргөн адамдардын жакындары менен дагы жолуккан.

"Жардыруу уюштурган адам катары мен өмүр бою күнөөлөрүмдү жууп өтөм. Мен өмүр бою бул күнөөнү көтөрүп өтөм", -деди Ким Хуюн Ху.