Өзбекстандык Акилов террордук чабуул уюштурганын мойнуна алды

Өзбекстандык Акилов Сүрөттүн автордук укугу SWEDISH POLICE

Өткөн жылы Стокгольм шаарында террордук чабуул уюштурду деп шектелген теги өзбекстандык Рахмат Акиловдун соттук иши башталды.

2017-жылы 7-апрелде Стокгольм шаарынын борбордук бөлүгүндө оор жүк тарткан унаа жолдун жөө жүргүнчүлөр баскан тилкесине өтүп келип, кишилерди сүзгөн.

Акилов шаршемби күнү 40 жашка толот. Ал Швециянын тарыхындагы эң кандуу терактты уюштурду деп шектелүүдө.

Акилов оор жүк тарткан унааны айдай качып, кишилерди сүздүрүп өткөнүн мойнуна алды. Өткөн жылы апрель айындагы кол салууда беш адам каза тапкан.

Акиловдун соттук угууларын набыт болгондордун жакындары дагы түз байланышта телевизор аркылуу көрө алат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Сот имаратынын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Прокурорлор Акиловдун өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышууда.

Өзбекстандын тышкы иштер министри журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул кол салуунун алдында эле Өзбекстан 39 жаштагы Акиловко экстремизм боюнча айып тагып, эл аралык издөө жарыялаганын билдирген.

Өзбекстандын атайын кызматы анын өздөрүн "Ислам мамлекети" деп аталган экстремисттик тобунун тажик түйүнүнүн таасири алдында калган болушу мүмкүн деп болжогон.

Рахмат Акилов 2014-жылы Швеция бийлигине туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок тескери жооп алганын Стокгольм шаарынын полициясы билдирген.

2016-жылы декабрда аны төрт аптанын ичинде өлкөдөнкетишин талап кылышкан. Ушундан кийин ал дайынсыз кетип, миграция кызматы издөөгө алган экен.

Соттук угуулар май айына чейин уланат деп жоромолдонууда.