Кытай курал-жарак базарындагы дүйнөлүк оюнчуга айланды

Армия Китая Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эксперттердин айтымында, Кытай курал-жарак базарындагы артыкчылыктарды жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иш алып барат.

Кытайдын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо процесси тездик менен жүрүүдө. Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр институтунун (IISS) эксперттеринин пикиринде, Вашингтондун көңүлү Орусияга эмес, эми Кытайга бурулду.

Кытай бийлиги авиация жана флот багытындагы модернизация иштерин тез-тез жүргүзүп жатат.

Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) 1959-жылдан тарта "Аскердик баланс" деген жылдык докладын жарыялап келүүдө. Докладда өлкөлөрдүн аскердик потенциалы жана аскердик коргонууга сарпталган чыгымдарына баа берилет. Бул жылдагы IISS докладды апта соңунда жарыяланат. Алдын ала айтылган эксперттердин баасында соңку жылдары Кытай аскердик кубатын арттырууга көп күч жана каражат сарптады. Мунун жыйынтыгы сезилерлик. Айталы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү артты. Куралдарынын ичинде алыскы аралыкка жете турган баллистикалык ракета жана бешинчи муундагы аскер учактары бар.

2017-жылы 55-типтеги крейсерин сууга чыгарды. Анын потенциалы НАТОдогу кайсыл гана өлкөнүн аскердик-деңиз флотунун командачылыгы болбосун ойлонтору турган кеп.

Кытай аскер учактарын ташый турган экинчи кемесин жасап жатат. Пекин куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүн реформалоодо.

Артиллерияга келсек, абадан коргонуу системасында америкалыктардан кем калышпаган куралдар бар.

1990-жылдардын аягында Кытай Орусиядан заманбап технологиялык куралдарды сатып алган. Флотту жана суу алдында жүрүүчү кемелердин чоң бөлүгүн модернизациялоого Пекин оңой эмес акча коротту.

Image caption Aскер учактарын тарткан кытайлык биринчи кеме.

Кытай жаңы J-12 аскер учагы колдонууга берилгенин айтып жатат. Бул бешинчи муундагы аскер учагы эсептелет. Бирок IISS эксперттери бул кабарды көбүрөөк шек жаратат деп баалашты.

Коммерциялык коркунуч

"Аскердик баланстын" соңку докладында Кытай менен Орусиянын авиациялык ракеталык куралдануусуна өзгөчө маани берилет дейт талдоочулар.

Кансыз согуш бүткөндөн кийин АКШ жана анын союздаштары аба аркылуу бир нече операцияларды өткөрүп, аз гана жоготууларга учураган. IISS эксперттери эми Батыштын бул абадагы үстөмдүгүнө коркунучту Кытай жаратат деп эсептейт.

Маселен, Пекин бийик жана алыска жеткен "аба-аба" ракетасын иштеп жатат.

IISS докладдынын авторлору Кытайдын ракеталык технологиясынын өнүгүшү 2020-жылга барып, "АКШ менен анын чөлкөмдүк союздаштарын аскердик аэрокосмикалык программаларынын өнүгүү багытын кайра карап чыгууга аргасыз кылат" дейт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ушул сыяктуу кытайлык дрондор сатыкка чыгарылууда.

IISS маалыматына таянсак, Кытайдын кургактагы аскерлеринин жарымы гана азыркы заманбап куралдар менен камсыздалган. Бирок Кытай бийлиги 2020-жылга барып толук жаңылай турганын айтып жатат.

Кытайдын айдан ачык стратегиялык максаты бар. Ошондуктан жаңы заманбап куралданууга умтулууда. Эгерде эле, кудай анын бетин ары кылсын, аскердик конфликт чыгып кетсе, Пекин АКШнын куралдуу күчтөрүн коркутуп коюшту каалайт.

Кытайдын алыска жана бийикке жеткен ракеталары, ошондой эле флоту АКШ үчүн чоң кооптонуу жарата алат.

Пекин ошол эле учурда курал-жарак экспорттоо боюнча амбициялуу программасын өнүктүрүп жатат. Буга мисал дрон базары. Бул технология азыр дүйнө жүзү боюнча адбан бат жайылып жатат. Ошол эле учурда согуш менен тынчтыктын чек арасы кайсыл жерден кесилишет деген дагы суроолор көтөрүлүп турган чак.

Бул технологияны биринчилерден болуп колдонгон АКШ куралдуу дрондорду көрүнгөнгө эле сатуудан алыс. НАТО же Британияга сатышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Таиланддын армиясы кытайлык танктарды сыноодон өткөрүүдө.

Кытайда мындай чектөө жок. Курал-жарактар боюнча өткөрүлгөн көргөзмөлөрдүн баарына жогорку технологиядагы дрондорун алып чыгууда.

IISS эксперттери белгилегендей, Кытай аскердик максатта колдонула турган дрондорун саткан өлкөлөрдүн катарында Египет, Нигерия, Пакистан, Сауд Арабия, БАЭ жана Мьянма бар.

Мындан он жыл мурункуга салыштырганда Кытай бул жаатта маанилүү ролду ойноп калды. Ошол эле учурда кардарларына жакшы сапаттагы курал-жарактарды сунуштап жатат.

Кургактагы аскерлер үчүн курал-жарак экспорттоодо дүйнөлүк рынокто Украина жана Орусия менен дале атаандашып келүүдө. Мисалы, 2014-жылы Киев келишимге ылайык өз учурунда танктарын Таиландка жеткирип бере албай калган. Таиланд болсо кытайлык VT4 танктарын сатып алды. Мунун менен эле чектелбей 2017-жылы Таиланд Пекин менен ушул жаатта дагы бир келишим түздү.

Кытайдын жаңы куралдарды экспорттоп жатканы анын коңшуларын эле эмес көп өлкөлөрдү чочулатат. Кытай менен Батыштын ортосунда эч качан жаңжал болбошу мүмкүн. Бирок алдыңкы курал-жарактарды башка өлкөлөр сатып алууда. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар