АКШ: мектепте ок атылып, кеминде 17 киши мерт кетти

Полицейская машина Сүрөттүн автордук укугу EPA

АКШнын Флорида аймагындагы Паркленддеги орто мектепте ок атылып, кеминде 17 киши мерт кетти. Бир нече киши жаракат алган.

Каза тапкандар тууралуу соңку маалыматты жергиликтүү шериф кабарлады.

"Кайгылуу кабар, 17 киши мерт кетти",-деп жазды шериф Скотт Израел "Твиттер" баракчасына. Окуя Stoneman Douglas High School мектебинде орун алды.

Кабарларга караганда, кол салган киши өрт учурундагы сигнализацияны иштетип, мектепке будуң-чаң салган. Андан кийин качып бараткан кишилерди көздөй ок чыгарган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Медиктер жаракат алгандарга жардам көрсөтүүдө.

Шерифтин айтымында, ок чыгарган кишинин колунда автоматтык курал болгон. Көчөдө эле үч кишини атып, андан кийин мектеп короосуна кирип 12 кишиге ок чыгарган. Дагы эки киши алган жаракатынан улам ооруканада каза болду.

Сүрөттүн автордук укугу EVN
Image caption Улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн кадрлардан мектептен "Тез жардам" унаалары жарадарларды алып кетип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле мектептен окуучуларды чыгарып жатышканы көрсөтүлдү.

Мерт кеткендер арасында окуучулар дагы , чоң кишилер да бар деди шериф. Бирок азырынча көпчүлүгүнүн өздүгү тактала элек. Мерт кеткендердин арасында жергиликтүү футбол командасынын машыктыруучусунун гана өздүгү такталды.

Кол салган шектүү кармалды

Жергиликтүү маалымат каражаттары кол салган 19 жаштагы Николас Круз экенин жазып чыкты. Ал мурун ушул мектепте окуп кеткен. Бул кабарды шерифтин кеңсеси тастыктап, ал камакка алынганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кол салган шектүү кармалды

Круздун коомдук сайттарда жазган билдирүүлөрүнөн баштап, ал тууралуу маалыматтардын баары текшерилип жатат деди шериф Израел.

Улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн кадрлардан мектептен "Тез жардам" унаалары жарадарларды алып кетип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле мектептен окуучуларды чыгарып жатышканы көрсөтүлдү.

Президент Трамп "Твиттер" баракчасы аркылуу жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты.

"Бир дагы бала, мугалим же ким гана болбосун америкалык мектептерде өзүн кооптуу сезбеши керек",-деп жазды Дональд Трамп. (AbA)

Тектеш темалар