Чыгыш Гутадагы аба соккусунан ондогон кишилер мерт болду

Дамасктын чет-жакасындагы Чыгыш Гута аймагындагы аба соккуларынан кеминде 70 киши каза тапты деп кабарлады сириялык активисттер.

ребенок в восточной гуте

Сүрөттүн булагы, EPA

Орусиялык аскер жетекчилери Чыгыш Гутадагы кырдаал курчуп кеткенин ырастап, бирок мерт кеткендердин санын атаган жок.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы ок атышуулардан кеминде 77 киши мерт кетти деп кабар таратууда. Алардын 20сы балдар. Азырынча бул маалыматтарды тастыктаган башка булактар жок.

Сириянын SANA мамлекеттик агенттиги Дамасктагы атышуулардан бир киши мерт кетти деп кабарлады. Айрым булактар тараткан маалыматка караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутага кургак жер аркылуу чабуулун улантууну көздөп жатат.

Орусиянын Тышкы иштер минстри Сергей Лавров сириялык чабуулдун бутасы "Жебхат ан-Нусра" радикалдуу тобу болуп жатканын билдирди.

"Радикалдуу "Жебхат ан-Нусра" тобу чагым кылганын токтотпой жатат. Тагыраагы Дамасктагы турак-жайларды, анын ичинде орусиялык элчиликти жана соода өкүлчүлүгүн аткылоодо. Биздин батыштагы өнөктөштөрүбүз болсо негедир дал ушул райондордун - Идлиб жана Чыгыш Гутанын тегерегиндеги окуялардын себебин, эмне болуп жатканын түз айтпай эле ызы-чуу көтөрүшүүдө. А себеби болсо "Жебхат ан-Нусранын" куралдуу чагым салганында болуп жатат",-деди Лавров.

Ок атышуу токтогон аймактагы курчуган кырдаал

Чыгыш Гута - ок атышууну токтотуу режими киргизилген аймактардын бири. Коопсуздук зонасын түзүү боюнча келишимге өткөн жылдын жаз айында жетишилген. Орусия, Иран жана Түркиянын арачылыгы менен сириялык бийлик менен оппозиция келишкен.

Бириккен улуттар уюму Чыгыш Гутадагы ок атышуунун чукул арада токтотууга чакырды.

Чыгыш Гута 2013-жылдан бери блокадада турат. Соңку учрларда кырдаал дагы курчуп кетти. Сириянын бийлиги 400 миң киши жашаган аймакка коммерциялык жүктөрдү өткөрбөй жатат. БУУ маалыматына караганда, Чыгыш Гутада азык-түлүк тартыш болуп, мындан балдар дагы жапа чегүүдө.

Лина Синджаб, Би-би-синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы

Чыгыш Гутадагы ок атышуу жекшембиден тарта уланып жатат. Аймактагы кишилер Алепподогу сценарий кайталанбайбы деп чочулашууда. Сириянын армиясы Алепподон козголоңчуларды сүрүп чыгаруу үчүн узакка созулган согуштук аракеттерге барган. Ортодо көп сандагы жайкын тургундарды өмүрү кыйылган эле.

Чыгыш Гутада азык-түлүк сактаган кампаларга дагы сокк урулду. Унаа жолдор керектен чыкты. Эми гуманитардык жардамдарды жеткирүү ишин кыйындашы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, AFP

Ооруканаларга дагы ок атылгандыктан мерт кеткендер саны өсүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар. Көтөрүлүшчүлөр Дамасктын чабуулуна минометтон ок атуу менен жооп беришти. Бирок өкмөттүк күчтөр үстөмдүк кылууда.

Жети жылдык согуш

Март айында Сириядагы согушка жети жыл толот. Бул жылдар ичинде Сирияда 400 миңден ашуун киши мерт болду. Беш миллионго чукул киши жер которууга аргасыз болуп, өз үйүн таштап чыгып кетти. Бул болсо Европаны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор миграциялык кризиске алып келди. (AbA)