Кытай лидери Си Цзиньпин бийлик "эрежесин" бузабы?

Кытайдагы башкаруучу компартия өлкөнүн Баш мыйзамындагы мамлекет башчынын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салууну сунуштады. Мыйзамда мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөт менен эки ирет шайлана алат деп көрсөтүлгөн эле.

Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Учурдагы мыйзам боюнча Си Цзиньпин 2023-жылы кызматын тапшырышы керек.

Эгерде бул сунуш кабыл алынып калса, Кытайдын азыркы лидери Си Цзиньпин 2023-жылдан кийин дагы бийликте калышы мүмкүн.

Өлкөдө буга чейин эле "лидер мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы бийликте калууга аракет кылат" деген кеп-сөздөр айтылып келген.

2017-жылдын октябрь айында өткөн компартиянын курултайында Кытайдын Коммунисттик партиясы Си Цзиньпиндин макамын төрага Мао Цзэдундун деңгээлине көтөргөн. Курултайдын жабылышында партиянын лидерлери конституцияны өзгөртүп - "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" деген ураанды кошкон эле.

Бул деген Си Цзиньпин менен талашып тартышуу партиянын уставы менен талашканга тете дегенди туюндурат. Си Цзиньпин 2012-жылы партиянын жетекчилигине келгенден бери өзүнүн бийликтеги таасирин тынымсыз артырып келе жатат.

Курултайдан киийн "Си Цзиньпиндин ысымынын Баш мыйзамга киргизилиши анын атаандаштары эми өзүнүн лидерине каршы чыга албайт" дегенди туюндурат деп чечмелегендер болгон. Бирок көпчүлүк күткөндөй ошондогу курултайда мураскердин ысымы аталган эмес.

Си Цзиньпин 1953-жылы туулган. Анын атасы Кытайдагы компартияны негиздеген ишмерлердин бири болгон.

Си 1974-жылы компартиянын катарына өтөт. Ошондон тарта укмуштуудай карьералык өсүш жасап, 2013-жылы Кытайдын төрагасы болгон.

Анын бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Ошол эле учурда улутчулдук өсүп, жарандык укуктар чектелген.

Жаңы сунуш боюнча эмне белгилүү

Жаңы сунуш тууралуу кабар жекшембиде Синьхуа мамлекеттик агенттиги аркылуу тарады.

"Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитети Баш мыйзамдагы Кытай Эл Республикасынын төрагасы жана төрага орун басарынын бийликтеги мөөнөтүн чектеген эрежени алып салууну сунуштады",-деп айтылды расмий маалыматта.

Билдирүүгө ашыкча эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Кайрылуунун толук тексти жакынкы күндөрдө жарыяланышы мүмкүн.

Бул сунушту жекшембиде жарыялоонун өзү да бекер жеринен болгон жок дейт талдоочулар. Кытай жаңы жылды белгилегенден кийин, дүйшөмбүдө өлкөнүн турмушу кайрадан мурдагы ыргагына кайтып келет.

Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде Кытай көңүл борборунда болду. Кийинки оюндарды - 2022-жылдагы кышкы Олимпиаданы Пекин өткөрөт.

Кытайдын компартиясынын Аткаруу комитети 5-мартта өтө турган жылдык сессиясында Башмыйзамды өзгөртүүнү карашы мүмкүн.

Бул сунуш канчалык маанилүү?

Учурдагы мыйзам боюнча Си Цзиньпин 2023-жылы кызматын тапшырышы керек.

Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.

Си Цзиньпинге чейинки эки лидер бул эрежени бекем карманды. Бирок Си бийликке келгенден тарта эле өз эрежелери менен башкарууга даяр экенин көрсөтүп баштаган.

Силия Хаттон, Би-би-синин Азия-Тынчокеан аймагы боюнча аналитиги

Бул жарыяны көптөр күткөн. Өлкөнүн саясий-коомдук турмушунда Коммунисттик партия ондогон жылдар негизги орунду ээлеп келди. Эми алдыңкы планга Си Цзиньпин чыкты жана аны бийликтин башына алып келген партиянын өзү артында калды.

Мурун компартия бийликти бекем кармап, анын лидери чектелүү мөөнөткө гана бийлик кылган. Лидерлер он жыл бийликте тургандан кийин кийинкисине өткөрүп келген.

Си Цзиньпин калыптанып калган тартипти бийликке келген биринчи күндөн тарта эле бузуп баштаган. Маселен, ал антикоррупциялык чоң өнөктүк жүргүзүп, өз жолунан саясий атаандаштарын алып салды.

Ал ошондой эле ири экономикалык долбоорлорду жылдырып, айталы "Бир кур - бир алкак" деген жаңы демилге менен чыкты. Ошондой эле так саясий көз караштары менен өзүн көрсөтө алды. 2020-жылга чейин Кытайды жакырчылыктан алып чыгуу планын жарыялаган. (AbA)