БУУнун резолюциясына карабастан Чыгыш Гутада бомбалоо уланууда

БУУнун Коопсуздук кеңеши Чыгыш Гутада 30 күндук ок атышпоо тууралуу резолюция кабыл алганына карабастан, Сириянын аба күчтөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп турган аймактарга бомба чабуулун улантууда.

Чыгыш Гута - өлкө борборуна жакын жайгашып, көтөрүлүшчүлөр кармап турган эң акыркы чоң аймак.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чыгыш Гута - өлкө борборуна жакын жайгашып, көтөрүлүшчүлөр кармап турган эң акыркы чоң аймак.

БУУ 30 күнгө ок атышууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алгандан бир нече сааттан киийн Чыгыш Гутага жөө аскерлердин операциясы башталды.

Бир аптага созулган бомба чабуулдарынан жүздөгөн кишилер мерт болду. Франция жана Германия жекшембиде Орусияга кайрылып, Сирия өкмөтүнө таасир этип, БУУнун резолюциясын аткарууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Бул резолюция аба чабуулуна кабылган аймакка гуманитардык жардам жеткирүү, жарадар жана оорукчан кишилерди коопсуз жайга алып чыгып кетүү максаты менен кабыл алынган.

Ири жихаддык топторго каршы жүрүп жаткан аскердик операциялар БУУнун резолюциясынын шарттарына кирбейт.

Чыгыш Гута - өлкө борборуна жакын жайгашып, көтөрүлүшчүлөр кармап турган эң акыркы чоң аймак.

Химиялык чабуул болгонбу?

Жекшембиде сириялык-америкалык медицина коому Чыгыш Гутада иштеп жаткан кызматкерлерине таянып, шаардын ооруканасына химиялык заттан ууланган белгилер менен 14-16 киши түшкөнүн билдирди. Божолу хлор деп айтылып жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жекшембидеги ок атышуулардан кеминде үч киши мерт кеткени кабарланды.

Уюмдун өкүлдөрү Би-би-сиге билдиргендей, ооруканага түшкөндөрдүн арасында аялдар жана балдар дагы бар. Бир бала каза тапты.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы Чыгыш Гутадагы ооруканалардын бирине деми кыстыгып бир киши түшкөнүн билдирген. Бирок газ чабуулу болгонун аныктай албай турганын айтты.

Ок атышууну токтотуу режими киргизилген аймак

Чыгыш Гута - ок атышууну токтотуу режими киргизилген аймактардын бири. Коопсуздук зонасын түзүү боюнча келишимге өткөн жылдын жаз айында жетишилген.

Бул тууралуу келишимге сириялык бийлик менен оппозиция Орусия, Иран жана Түркиянын арачылыгы менен жетишкен эле.

Бирок анклавда тынчтык орногон жок. Ноябрда Чыгыш Гутада тирешүү күчөдү. Согушкерлер чабуулга өткөндө өкмөттүк күчтөр бомба чабуулун жаадырды. Февралдын соңунда элиталык аскер бөлүктөрү дагы тартыла баштады.

Башка күндөргө салыштырганда, ушул жекшембиде аба чабуулдары тынымсыз жасалганы айтылып жатат. Жекшембидеги ок атышуулардан кеминде үч киши мерт кеткени кабарланды.

Анклавдын түштүк тарабында көтөрүлүшчүлөр менен регулярдуу армия күчтөрү кагылышкан.

Көтөрүлүшчүлөрдүн айтымында, өкмөттүк күчтөр шаардын туш тарабынан чабуулга өтүүдө. Бирок катуу каршылык көрсөтүп, шаарды кармап турушат. (AbA)