Ооганстанда талиптер менен элдешүү аракетинен майнап чыгабы?

Ооганстандын президенти Ашраф Гани "Талибан" кыймылын саясый топ катары таанууга чакырды. Бул сунушту ал 20 өлкөдөн, БУУ, НАТО, Европа биримдигинен өкүлдөр катышып жаткан Кабулдагы коопсуздук боюнча конференцияда айтып чыкты.

Талибы

Сүрөттүн булагы, AFP

Мындан тышкары Ашраф Гани эч кандай шарттарды койбой эле сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылды.

Соңку учурда Ооганстанда кырдаал кайрадан курчуп кетти. Ал тургай коопсуздук жана аскер күчтөрүнүн көзөмөлү күчтүү болгон Кабулдун өзүндө январдын соңку апталарында эле үч жолу жардыруу орун алды.

Жакында жарыяланган Би-би-си иликтөөсү боюнча талиптер азыркы учурда Ооганстандын аймагынын дээрлик чоң бөлүгүндө (70 пайыз) активдүү аракеттенет.

2014-жылы өлкөдөн эл аралык коалициялык күчтөрдүн чоң бөлүгү чыгарылып кеткенден кийин, талиптердин таасириндеги аймактар кеңейген.

Буга улай эле өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун согушкерлеринин активдүүлүгү күчөдү. Бирок алар өз алдынча аракеттенишет. Анткени талиптер "ИМ" жихадчылары менен достошпойт.

Көп жылдан бери Ооганстанды негизги база кылып алган "Аль-Каиданы" дагы эстен чыгарууга болбойт. Алардын дагы талиптер менен мамилеси чыңалган абалда.

Тарыхый мыйзам ченемдүүлүк

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Kоопсуздук жана аскер күчтөрүнүн көзөмөлү күчтүү болгон Кабулдун өзүндө январдын соңку апталарында эле үч жолу жардыруу орун алды.

Азыркы куручуган кырдаалдын бир нече себеби бар.

"Биринчиден, Ооганстанга бир нече миң аскерди жөнөтүү жана өзүнүн аскер башчыларына "Талибан" турумдарына чабуул жасоо укугун берген АКШ президенти Дональд Трамптын стратегиясынын күчүнө кириши",-дейт Би-би-синин ооган кызматынын редактору Давуд Азами.

Азами белгилегендей, АКШ талиптердин каржы булактарына сокку урду. Ошондой эле баңгизат лабораторияларын жок кылды.

"Алар "Талибанга" болушунча кысым көрсөтүп жатышат. Буга жооп кылып "Талибан" дале алдуу-күчтүү экенин далилдөөгө аракет кылууда".

Экинчи себеп, журналисттин айтымында, "Талибан" Ооганстан өкмөтүнүн жана атайын кызматтарынын алсыз экенин көрсөтүүгө далалаттанып жатат.

Үчүнчүсү, "Талибан" менен "ИМ" тобунун ортосундагы атаандашуу. Эки топ тең Кабулга кол салууларды уюштуруп жатат.

"ИМ" экстремисттик тобу катуу күчтөнүп жаткан учурунда башка кыймылдарды, топторду дагы өз катарына кошулуп, лидерине баш урууну талап кылган.

Бирок 90-жылдардын жарымынан бери Ооганстандын бир топ аймагын көзөмөлдөп келе жаткан талиптер "халифат куруучуларын" теңине алган жок. Аларды ашкере катаалдыгы үчүн айыпташты. (Бул жерде талиптер менен алардын атаандашы "Аль-Каида" дагы макул болгон ).

Сүйлөшүүлөр кандай шартта жүрөт?

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ооганстандын президенти Ашраф Гани элдешүү боюнча сунушун биринчи жолу айтып жаткан жок. Азырынча жыйынтыксыз болуп жатат.

Бир нече күн мурун "Талибан" билдирүү таратып, өзүнүн Катардагы өкүлчүлүгү менен АКШны сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. Кызыгы мунун алдында эле Кубул бул өкүлчүлүктү жабуу өтүнүчү менен Катарга кайрылган.

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жылдын жай айындагы билдирүүсүндө, Ооганстандагы америкалык аскер күчтөрү канча муктаждык болсо, ошончо убакытка чейин кала берерин айтып, Ирактагы катаны кайталабайбыз деп билдирген. Трамп ошондой эле талиптер менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын бир нече ирет айткан эле. Чынында президенттин көз карашын өзгөртүүгө мүмкүн деп үмүтөнсө болот. Албетте, талиптер менен сүйлөшүүдөн майнап чыкса.

Азырынча талиптер Кабул менен түз сүйлөшүүгө келеби жокпу, белгисиз. АКШ менен сүйлөшүү тууралуу билдирүүдө ооган бийлиги тууралуу сөз да жок.

Элдешүү жараяндары ийгиликтүү болгон күндө дагы катардагы талиптер тынч жашоого жуурулушуп кете алабы деген суроо бар. Аларды ооган коопсуздук кутөрүнүн катарына жумушка алуу да күмөндүү. Мурдагы каршылаштардын бири-бирине ишенбеген, сактанган мамилеси көпкө чейин сакталышы мүмкүн.

Талиптердин ооган саясый турмушуна аралашып кетүүсү оңой болбойт. Мурдагы каршылаштардын ортосундагы кандай гана келишимдер болбосун, ал сырткы күчтөрдүн катышуусу менен болсо дагы өтө морт болот. Сырткы күчтөр дегенде, кызыкчылыгы бар өлкөлөрдүн катарына - АКШ, Пакистан, Орусияны айтсак болот. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай - Ооганстандан Орусиянын аймагына жылына 75-80 тонна героин кирет экен. Мындай көйгөй башкаларына деле мүнөздүү.

Чөлкөмдөгү күчтөргө түздөн-түз стратегиялык союздаш катары талиптер керек эмес. Болжолу "Талибандардын" жетекчилери деле бул жагдайдаларды аңдап билип турушат. Бул өңүттөн алганда Ашраф Ганинин сунушунда перспектива бар.

Президенттин сунушун талиптердин чоң бөлүгү кабыл алган күндө дагы дароо эле тынчтык орнойт деп айтууга эрте. Анан калса, азырынча "Талибан" жетекчилери сүйлөшүүлөр тууралуу сунушка үн ката элек. (AbA)