Хайрулло Фаиз: Мирзиеёв прагматикалык кадамга барууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв эки күндүк иш сапары менен Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүгө келди.

Сүрөттүн автордук укугу President.uz
Image caption Мирзиеёвдин иш сапарын айрым басылмалар "тарыхый" деп аташууда.

Иш сапарды айрым басылмалар "тарыхый" деп аташууда. Анткени көп жылдан бери коңшу өлкөлөр ортосундагы мамиле "тоңгон муз" сыяктуу сакталып келгенине көңүл буруп жатышат.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө чек ара тактоо боюнча келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө. Ошондой эле жарандардын визасыз кирип чыгуусу боюнча макулдашылып, жабык турган чек ара бекеттерин ачуу маселеси талкууланмакчы. Иш сапарды утурлай көп жылдан бери бир тараптуу жабылып калган тажик-өзбек чек арасындагы айрым чек ара жана темир жол бекеттери ачылганы кабарланды.

Эмне үчүн бил сапарды "тарыхый" жана "коңшу өлкөлөр ортосундагы кансыз согушту бүтүшү" катары сыпаттшууда?

Хайрулло Фаиз Би-Би-Синин өзбек кызматынын продюсери:

Акыркы жолу Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 18 жыл мурун Тажикстанга иш сапары менен барган экен. Эки мамлекеттин дипломатиялык алакалары минималдуу болгон деп айтсак жаңылбайбыз. Өзбекстан менен Тажикстандын мамилелеринин солгундап кеткенинин себептери абдан көп. Орчундуусу суу көйгөйү, энергетика менен чек ара маселелери. Салкын мамиледен улам көптөгөн көйгөйлөр чечилбей келген. Бирок бүгүнкү күнү бул маселелердин баары рекорддук убакытта чечилип жатканына күбө болуп жатабыз. Эки жылдын ичинде талаштуу, орчундуу көйгөйлөргө мунаса табылды. Таанымал журналисттердин бири Борбор Азиянын бир гана көйгөйү бар деп айткан. Бул маселе өзбек-тажик алакасында дагы өзгөчө байкалчу. Мен аны кайталап кетким келет. "Негизги көйгөй президент Каримов" болгон. Ал чынында текебер саясатчы болчу. Өзүнүн эли жана коңшу мамлекеттерден дагы алыстап кеткен. Мирзиеёв бул көрүнүштү өзгөртүүнү көздөйт. Өзбекстанды жана коңшу өлкөлөр менен алакаларды оңдогусу келет.

Сүрөттүн автордук укугу President.uz

Би-Би-Си: Мирзиеёв бийликке келгенден кийин коңшу өлкөлөр менен чек ара жана суу маселесине байланышкан катаал саясатты жумшартканы байкалды. Тажикстан менен болгон мамиледе Өзбекстан кандай дипломатиялык жүрүштөрдү жасашы мүмкүн?

Хайрулло Фаиз: Президент Мирзиеёв Тажикстан менен мамилени оңдоп, стратегиялык өнөктөш катары деңгээлге көтөргүсү келгенин маалымдады. Чек ара, соода жана абдан маанилүү болгон эки мамлекеттин жарандары 30 күн бою визасыз кирип чыгуусуна укук берген документтерге кол коюшту. Дал ушул келишимдерден улам Мирзиеёв Өзбекстан менен Тажикстандагы аброю өсүп кетти. Мирзиеёв коңшу мамлекеттери менен мамилени оңдоо үчүн прагматикалык кадамга барды.

Би-Би-Си: Мирзиеёв Борбор Азиядагы активдүү дипломатиялык аракеттери менен коңшулук мамилелерди эле чыңдабай, өзүн регионалдык лидер катары көрсөткүсү келеби?

Хайрулло Фаиз: Менимче регионалдык лидер тууралуу сөз кылуу абдан эрте. Биринчиден, Мирзиеёв мырза абдан көп көйгөйлөргө көңүл бурушу зарыл. Мисалы, Өзбекстандагы экономикалык абал Каримовдун доорунан айырмасы деле жок. Ооба, туура нукка бурулду. Бирок Мирзиеёв мурдагы президент Каримовдон калган экономикалык жана саясий мурасты өзгөртүү үчүн абдан көп реформаларды ишке ашырышы керек. Бирок ал Өзбекстандагы жана коңшу мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамилелерде укмуштуу тез өзгөрүүлөрдү уланта берсе, анын лидер катары аброю өсө берет.

Тектеш темалар