Сүйлөө жөндөмүн жоготуп, бирок асыл ойлорун адамзатка арнаган Хокинг

Stephen Hawking Сүрөттүн автордук укугу BBC/Richard Ansett

Атактуу британиялык физик-теоретик Стивен Хокингдин күлү Лондон шаарында белгилүү окумуштуулар Чарльз Дарвин жана Сэр Исаак Ньютондун көрүстөнүнүн жанына көмүлөт.

Стивен Хокинг 76 жашында март айында дүйнө салган. Окумуштуу менен коштошуу аземине жүздөн ашуун мамлекеттен келген миңке чукул киши катышмакчы.

Британиялык окумуштуу "кара туңгуюк" жана салыштырмалуулук теориясын изилдеп, бир нече илимий китеп чыгарып, анын ичинде "Убакыттын кыска тарыхы" деп аталган эмгеги менен дүйнөгө таанылган.

Стивен Хокингдин кыскача өмүр баяны

  • 1942-жылы 8-январда Оксфорд шаарында туулган.
  • 1959-жылы Оксфорд университетине өткөн. Кийин докторлук диссертациясын Кембридж университетине жактаган.
  • 1963-жылы амиотрофикалык склероз илдетине кабылып, дарыгерлер эки жыл гана жашайсыз деген тыянак чыгарышкан.
  • 1974-жылы "Хокинг шоолалануусу" аттуу эмгегинде "кара туңгуюк" боюнча теориясын дүйнөгө тартуулаган.
  • 1988-жылы "Убакыттын кыска тарыхы" атуу китебин чыгарган. Бул эмгектин 10 миллиондон ашык нускасы сатылды.
  • 2014-жылы Хокинг тууралуу "Баардык нерсенин теориясы" деп аталган көркөм тасма дагы жаралган.

Дүйнөдөгү эң белгилүү окумуштуу өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн каптал амиотрофикалык склероз илдети менен күрөшүп өткөрдү. Илдет башында дарыгерлер болжогондой бат эле өөрчүп кетпеген менен Кембридж университетинин профессору шал болуп калды жана сүйлөө жөндөмүн жоготкон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Стивен Хокинг 2009-жылы АКШ президенти Барак Обаманын колунан өлкөнүн жогорку сыйлыктарынын бири - "Эркиндик" медалын алган.

Баарлашуу жана иштөө үчүн ал компьютердеги сүйлөө синтезаторун колдонгон. Оор илдетине карабастан Хокинг биздин замандагы акылга дыйкан залкар кишилердин бири бойдон калды. Анын Ааламдын жаралышы жана "кара туңгуюк" боюнча теориясы биздин космос тууралуу түшүнүктөрүбүздү өзгөрттү.

Сүрөттүн автордук укугу Rex Features
Image caption Стивен Хокингдин жаш кези.

Хокинг жаш муундарды илимге шыктандырып келди. Бирок анын басма сөздөгү кайрылууларындагы гуманисттик позициясы көбүрөөк таасирдүү болчу.

"Оорумду өөрчүтпөй турган дары болсо..."

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Хокинг үчүн атайын компьютерди Intel компаниясы жасап берген (сүрөттөр: Хокинг жана Нельсон Мандела)

"Коркконум, ач көздүк жана агрессия - адамдын турпатынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган. Жаңжалдарды чечүүнүн эч кандай белгилери жок. Аскердик технологиянын өнүгүшү жана массалык кыргын салган куралдар катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Адамзаттын жалгыз гана ишене турганы, бул - космосто көз карандысыз колония түзүү керек".

"Мен 75 жашка чейин жашайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Ошондуктан менин мурасым тууралуу суроо мага канчалык оңдой берди болгонун көрсөтүп турат. Менимче ири жетишкендигим Ааламдагы "кара туңгуюк" боюнча ачылышым болуп калат. Иш жүзүндө ал өтө деле кара эмес".

Былтыры Би-Би-Сиге берген маегинде, кандай белек алгың келет деген суроого окумуштуу илдетин дарылай турган же андан ары өөрчүтпөй турган дары алууну кыялдана турганын айткан экен.

"21 жаш курагымда мага дарыгерлер диагноз коюп, 2-3 жылдык өмүрүм калганын айтышты. Азыр эми арадан 54 жыл өткөндөн кийин, мейли мүмкүнчүлүгүм чектелген болсо да ишимди улантып, илимий иштерди жазып жатам. Бирок мунун баары мага чоң эмгек жана үй бүлөмдүн, кесиптеш, досторумдун күйүмдүү, түтүмдүү жардамы менен келди". (AbA)

Тектеш темалар