Дүйнө чемпионатындагы бойкоттор тарыхы

Футбол чемпионатынын тарыхында оюнчулар баш тартып, мелдешке келбей койгон учурлар болгон.

Уругвай - 1934-жыл

Сүрөттүн автордук укугу Hulton Archive
Image caption Тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионаты 1930-жылы Уругвайда өткөн. Кийин 1950-жылга чейин Уругвай дүйнөлүк биринчиликке катышпай келип, 1950-жылы кайра чемпион болушкан.

Футболдогу бойкоттун башталышы биринчи жолу дүйнөнүн чемпиону болгон уругвайлыктарга таандык. 1930-жылы Уругвайда өткөн Дүйнө чемпионатында талаа ээлери чемпион болушкан. Бирок кийинки мелдеште наамын коргоодон баш тартышты.

1934-жылдагы чемпионат Италияда өттү. Уругвайлыктар чемпионаттан баш тарткан жүйөсүн мындайча түшүндүрүшкөн: биз мелдеш өткөргөндө көп европалык командалар келбей коюшкан!

Англия, Шотландия, Уэльс жана Ирландия футбол тарыхындагы алгачкы Дүйнө чемпионаттарына - 1930, 1934 жана 1938-жылдардагы мелдешти теңине албай койгон. Биздин ички мелдеш мындан кызык деп, катышуудан баш тартышкан.

Аргентина -1938-жыл

Сүрөттүн автордук укугу STAFF
Image caption Францияда өткөн мелдеште Италия курама командасы чемпион болгон. Европалыктардын мындай үстөмдүгү көп өлкөлөрдүн нааразылыгын жараткан.

1938-жылы кайра эле Уругвай курама командасы мелдешке келүүдөн баш тартат. Бул жолу дагы чемпионат Европа аймагында, тагыраагы Францияда өтүп жаткан.

Уругвайды колдоп чыккан Аргентина болду. Алдар дагы мелдешке барбай турганын, Европада эки жолу катарынан чемпионат өтүп жатканына нааразы экенин айтты. 1938-жылдагы дүйнө биринчилигин Аргентина өткөрүүгө ниеттенип, бирок укук француздарга берилген эле.

Түркия, Индонезия, Египет, Судан - 1958-жыл

Сүрөттүн автордук укугу STAFF
Image caption Израилди жеңип алгандан кийин Уэльс 1958-жылы Швецияда өткөн чемпионатка катышып, Бразилия менен бет келген. Сүрөттө 17 жаштагы Пеле.

1958-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алдындагы тандоо оюндары олуттуу маселеге айланган. Тандоо оюндарына Израилдин курама командасын дагы катышууга уруксат беришкен.

Ал учурда Израиль Азия аймагындагы команда катары каралып, тандоо оюндарында Азия жана Африканын улуттук курама командалары менен беттештерди өткөрүүсү керек эле. Бирок Түркия, Индонезия, Египет жана Судан саясий маселеден улам Израиль менен беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

Ошентип топко бутун тийгизбей туруп Израиль курама командасы 1958-жылдагы дүйнөлүк мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калат. Бирок FIFA эрежесине ылайык акыркы этаптагы беттеште Израиль менен Уэльс ойноп, чемпионатка катышуу укугун Уэльс утуп кеткен.

Африка - 1966-жыл

Image caption FIFA жетекчилигине жазган африкалык өлкөлөрдүн футбол бирикмесинин каты.

1966-жылы Англияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуудан бүтүндөй бир континент баш тарткан.

1964-жылы FIFA дүйнө чемпионатына катышкан 16 курама команданын ону Европадан, андан ичинде чемпионат өткөргөн Англия бар, төрт команда Латын Америкасынан, бирөө Борбордук Америка жана Кариб аралдарынан, калган бир орун Африка, Азия жана Океания курама командаларынан тандалышы керек деген чечим кабыл алат.

Африка өлкөлөрү муну эң адилетсиз чечим катары баалаган. Ошондуктан африкалык 15 курама команда тандоо мелдешинен баш тартат. Бул Гананын курама командасына катуу сокку болгон. 1963-1965-жылдары Гана Африка чемпиону болуп, өтө күчтүү эле. Айрымдар Гананы дүйнө чемпиондугуна талапкер катары көрүп турушкан.

СССР - 1974-жыл

Сүрөттүн автордук укугу MARTIN BERNETTI
Image caption 1973-жылы "Сантьяго" стадионунда өлтүрүлгөндөргө арналган эстелик.

СССР курама командасы эч качан футбол боюнча дүйнө чемпиону болбосо да, 1960-70-жылдары өтө күчтүү команда эсептелген. Дарабазачы Лев Яшин футболдун тарыхына жазылып калган мыкты оюнчу болду.

Кансыз согуштун күчөп турган жылдарда ГФРде өткөн Дүйнөлүк чемпионатка СССР катышкан эмес. Тандоо оюндарында СССР Чили курама командасы менен беттешүүдөн баш тарткан.

Анткени бир жыл мурун 1973-жылы аскердик төңкөрүш жолу менен Чилинин мамлекет башына Аугусто Пиночет келет. СССР менен Чили беттеш өткөрө турган "Сантьяго" стадионунда солчул кыймылдын активисттери өлтүрүлгөн экен. Советтер союзунун жететкчилиги беттешти башка стадионго жылдырууну өтүнгөн. FIFA мындан баш тарткандан кийин СССР оюнга барбай койду.

Чили оюнчулары атаандашы жок эле талаага чыгып, бири-бирине топ тээп туруп, анан дарбазага гол киргизишкен. (AbA)