АКШ-Орусия тиреши: чоң оюнчулардын кызыкчылыгы кагылышкан Сирия

Сирияда химиялык курал колдонулду деген айыптоолор айтылгандан кийин, АКШ буга кандай жооп кайтаруу керектигин талкуулап жатканы кабарланды.

Президент Трамп Улуттук коопсуздук кеңеши менен жыйыны

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Трамп Улуттук коопсуздук кеңеши менен жыйын өткөрүп, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки күн мурун президент Трамп "Сирияны көздөй ракеталар жөнөтүлдү" деп айтканы менен, АКШ кандай чара көрөрүн азырынча так чече элек. Сириянын бийлигин колдогон Орусия болсо, Батыш мамлекеттерин аба соккулардын кесепети оор болоорун эскерткен.

Жети жылдык согуштун кесепети

Саясий иликтөөлөр боюнча сириялык борбордун (SCPR) маалыматына караганда 2011-жылы башталган жарандык согуш 470 миң кишинин өмүрүн алды.

БУУнун качкындар боюнча агенттиги Сирияны таштап чыгууга арагасыз болгондор саны 5 млн кишиге жеткенин ырастоодо.

Сирияда эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылып көрөлү:

1.Чыгыш Гутада эмне болуп жатат?

Февраль айында Сириянын өкмөтү жана союздаштары көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарда аскердик аракеттерин күчөттү. Анын ичинде 2012-жылдан бери президент Башар Асаддын режимине каршы чыккандардын колунда турган Чыгыш Гутада кырдаал курчуду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чыгыш Гутада 400 миңге чукул тургун бар.

Бул аймак бир нече жолу аба соккуларына кабылып, соңку апталарда эле миңдеген кишилер мерт болгон. БУУнун маалыматына караганда, Чыгыш Гутадагы имараттардын 76 пайызы талкаланды. 400 миңге чукул тургундардын көпчүлүгү жер алдындагы бомбадан сактануучу жайларда баш калкалап жатат. Химиялык чабуул жасалды деп өкмөттүк күчтөрдү айыпташты. Асад муну кескин четке кагууда. Чыгыш Гутада гуманитардык кризис дагы тереңдеди. Акыркы жолу гуманитардык жардам 5-мартта жеткирилген. Балдар жетиштүү тамак жебей, ачкачылык азабын тартып жатканы айтылды.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

БУУнун маалыматына караганда, Чыгыш Гутадагы имараттардын 76 пайызы талкаланды.

2. Эл аралык коомчулуктун реакциясы кандай?

24-февралда БУУ Чыгыш Гутага 30 күндүк ок атышпоо абалын киргизип, ал дароо эле бузулду. Эл аралык кысымдан кийин Асаддын негизги союздашы Орусия гуманитардык тыныгуу киргизген эле. Бирок ок атышуу уланууда.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Балдар жетиштүү тамак жебей, ачкачылык азабын тартып жатканы айтылды.

Орусиянын планы боюнча күн сайын беш саатка созулган тыныгуудан пайдаланып, жайкын тургундар анклавты таштап чыгып кетиши керек эле. Ал үчүн гуманитардык уюмдар атайын өтмөк уюштурушмак.

3. Орусиянын ролу кандай?

Гуманитардык тыныгуу тууралуу орус президенти Владимир Путин жарыялады. Бул дегендик Москва сириялык бийликтен мурун чечим кабыл алат дегенди билдирет.

Сириядагы жарандык согушта Орусия негизги ролду ойноп жатат. Аба аркылуу колдоосу менен сириялык өкмөт күчтөрүнүн алдыга жылышына көмөк берүүдө.

Гуманитардык тыныгууга карабастан Орусия "жихаддык" күчтөргө чабуулун уланта бере турганын айтты.

4. Согуштун жүрүшү эми кандай болот?

Февралда Дамасктын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактардын баарын өз көзөмөлүнө алуу аракетинен кийин жарандык согуш кайра күчөдү. Айрым эскперттердин пикиринде, жаңжалдын башы болгон Асадды бийликтен кетирүү идеясы акырындык менен соолуп бараткандай.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

24-февралда БУУ Чыгыш Гутага 30 күндүк ок атышпоо абалын киргизип, ал дароо эле бузулду.

Сирия менен Ирактын аймагындагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу көп аймактарынан айрылган менен толук талкалана элек.

Өкмөттүк күчтөр колдон келген аракетин кылып жаткан чакта, Сирияда башка дагы кармаштар орун алууда.

Мунун ачык мисалы өлкөнүн түндүк-батышындагы Африн. Январда күрттөрдү бутага алган Түркия аймакты аба чабуулуна алды.

Түркия менен чек аралаш Сириянын айрым жерлерин күрттөр көзөмөлдөйт. Анкара өз алдынча болгусу келген этникалык күрттөрдөн чочулап келген. Күрттөр өлкө калкынын 15 тен 20 пайызга чейинкисин түзөт.

Сириянын түштүк-чыгышында болсо Израиль бул жаңжал чөлкөмдөгү эскиден атаандаш өлкөлөрдүн "кыйыр согушуна" айланганын көрсөтүүдө.

5. Согушка чейин Сирияда эмне болду эле?

Асаддын режимине каршы жүрүштөргө чейин өлкөдөгү жумушсуздук, бийлик бутактарындагы коррупция, саясый экриндиктин жоктугуна нааразылыктар айтылып келген.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

2011-жылы башталган жарандык согуш 470 миң кишинин өмүрүн алды.

2011-жылы мартта "араб жазына" шыктанган мектеп окуучулары Дераа шаарындагы мектептин дубалына өкмөткө каршы чакырыктарды жазышкан. Кийин коопсуздук күчтөрү өспүрүмдөрдү камакка алышат.

Бул окуя өлкө боюнча каршылыктарды дүрт эттирди. Асаддын бийликтен кетишин талап кылган жүрүштөр күчөп кетти.

6. Согуш кантип башталды?

Нааразылык акцияларга чыккандарга каршы катаал репрессиялар 2011-жылы июлда оппозицияны колуна курал алууга арагасыз кылган.

Президенттин коркутуп-үркүтүүлөрү, "чет өлкө каржылап жаткан терроризм" атаганы эч кимди токтото албады. Өлкөдө зомбулук күчөдү. Өкмөттүк күчтөр менен күрөшүү үчүн жүздөгөн кошуундар биригип, шаар-кыштактарды көзөмөлүнө ала баштады.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыйраган, талкаланган Хомс.

2012-жылы согуштук аракеттер күчөп олтуруп Дамасктын өзүнө чейин, өлкөнүн экинчи ири калаасы Алеппого чейин жетти.

Бул мезгилде согуштун үрөйү дагы өзгөрдү: оппозициялык маанайдагылар менен өкмөттүк күчтөр ортосундагы кармаш эми конфессиялар ортосундагы келишпестикке айланды.

Жаңжалга башка өлкөлөр дагы тартыла баштады. 2013-жылы июлда Сириядагы согуштан 90 миң киши мерт болгону айтылган. Андан бери курмандыктар эселеп өстү.

7. Ким ким менен согушууда?

Жаңжал башталгандан бери куралдуу көтөрүлүшчүлөрдүн топтору чоң өзгөрүүгө учурады. Айталы, светтик оппозиция "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" сыяктуу экстремисттик диний топторго таасирин алдырды.

"ИМ" экстремисттик тобу "согуш ичиндеги согушту" жаратты. Жаңжалдын экинчи тарабында - күрт элдик кошуундары чыкты. Сириянын түндүгүндө аракеттенген бул кошуунга АКШ аба аркылуу колдоого алып жана курал-жарактан көмөк көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"ИМ" экстремисттик тобу "согуш ичиндеги согушту" жаратты.

2015-жылы Асаддын күчтөрү бир нече жолу жеңилгенден кийин Орусия аны колдоого алып, Сирия аймагында аба чабуулдарын өткөрө баштады. Иран колдогон ливандык "Хезболла" дагы Асаддын режиминин калыбына келишине жардам берди.

Орусия аралашкан чоң жеңиш бул 2016-жылы декабрда Алеппонун кайра өкмөттүк күчтөргө кайтарылышы болду. Алеппо оппозициянын негизги таянган турумдарынын бири эле.

8. Башка күчтөрдүн согушка аралашуусу?

АКШ Барак Обама президент болуп турган учурда Асадды зомбулуктар үчүн күнөөлөп, тынчтыкка жетүү үчүн кызматтан кетүү шартын койгон. Кийин Дональд Трамп бийликке келгенде позициясы өзгөрдү. Анын өкмөтү "ИМ" тобу менен күрөшкө басым жасады.

Бирок 2017-жылы апрелде Хан-Шейхун шаарында өкмөттүк күчтөр химиялык чабуул жасаганы айтыла баштаганда, Трамп катаал кадамдарга өттү. Оппозициянын чабуулдарына дагы колдоо көрсөткөн.

Деген менен эң таасирдүү оюнчу -Орусия болуп жатат. Өзүнүн аскердик кызыкчылыгы үчүн Асадды колдоого алууда. Иран дагы Асадды колдойт. Анткени Ливандагы "Хезболла" тобуна курал-жарак жөнөтүүдө Сирия негизги өтмөк болуп берет. "Хезболла" сириялык өкөмөттү колдоого алып, миңге чукул аскерин жиберген.

Болжолу Тегеран Асаддын аскер күчтөрүн кармоого миллиарддаган доллар коротту. Экинчи тараптан Жакынкы Чыгыштагы Ирандын негизги каршылашы Сауд Арабиясы көтөрүлүшчүлөргө жардам жөнөтүп келет. Түркия дагы айрым сириялык оппозициялык топторду колдоого алган. Бирок Түркия күрттөргө каршы чыгууда.

9. Согуш эмне үчүн узакка созулду?

Негизги эле себеби - башка өлкөлөрдүн аралашуусу.

Сириядагы эки тарапты тең каржылык, саясий жактан колдоого алган аракеттер кырдаалды кручутуп жиберген.

Эксперттер дагы сырткы кийгилишүүдөн улам диний чыр-чатак күчөп кеткенин белгилешет.

Сунниттер менен алавиттер ортосундагы каршылашуу мыкаачылык менен коштолду. Адам каны төгүлүп, коомдор ыдырады.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Батыш өлкөлөрүнөн дагы көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөтүлгөн.

10. Согуш алып келген кесепттер кандай?

Үрөй учурарлык. Каза тапкандар тууралуу так сандар жок. Саясий иликтөөлөр боюнча сириялык борбордун (SCPR) маалыматына караганда 2011-жылы башталган жарандык согуш 470 миң кишинин өмүрүн алды. БУУнун качкындар боюнча агенттиги Сирияны таштап чыгууга арагасыз болгондор саны 5 млн кишиге жеткенин ырастоодо. Кеминде 12 миллион киши - калктын тең жарымы согуштан улам өз үйүн, өлөң ташөгүн таштай качып, мусапырга айланды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кеминде 12 миллион киши - калктын тең жарымы согуштан улам өз үйүн, өлөң ташөгүн таштай качып, мусапырга айланды.

Качкындардын чоң агымы коңшу өлкөлөргө - Ливан, Иордания, Түркия сыяктуу өлкөлөргө агылды. 10 пайызга чукулу Европадан башпаанек издеген.

70 пайыз сириялыктар азыр таза сууга жетпей калды. Ар бир үчүнчү жаран жакырчылыктын сазына батты. Кеминде эки миллион бала мектепке барбайт. (AbA)

.