Меркелдин саясаттагы узак жолунун сыры

Германиянын канцлери Ангела Меркель Христиан-демократиялык партиянын лидерлигинен кетерин жарыялады. Бирок 2021-жылга чейин өкмөттүн башында кала берерин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Көптөр Меркелдин өз ыктыяры менен кетип жатканына таң калса, муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алгандар дагы аз эмес. Оппоненттери Меркелден канцлерликтен да кетүүсүн талап кылууда. Тарапташтары анын укмуштуудай саясий карьерасын тамшана сөз кылып жатат.

Меркелдин саясаттагы узак жолунун сыры

Ангела Меркелге прагматикалык жана акылдуу лидер катары образ берилген. Ал тургай бир учурларда аны "Германиянын ханышасы", "Европанын ханышасы" деп дагы атап жүрүштү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2015-жылы Time журналы Меркелди "Жылдын адамы" атаган.

Бирок анын башындагы "таажы жылмышкан" учур өткөн шайлоодо болду окшойт. Меркелдин миграциялык саясаты оңчул саясий күчтөрдүн чырагына май тамызды. Шайлоодо Меркелдин партиясы соңку 70 жыл ичиндеги эң начар көрсөткүчтөргө ээ болгон.

Жаңы коалиция түзүү боюнча катаал сүйлөшүүлөрдө Европанын алдыңкы экономикасын башкарган Меркелдин ыкмасы аз жерден ыдырап кала жаздады. Бул сүйлөшүүлөр анын саясий карьерасындагы эң оор сыноо болуп калды. Жыйынтыгында Меркель өкмөттү курап, төртүнчү жолу канцлердин кызматына олтурган.

Консервативдүү көз карашты карманган Меркелдин саясий триумфуна жаракат кетти деп баалгандар бар. Деген менен анын популярдуулугу мурдагыдай эле бийик бойдон. Дүйнөдө саясий туруксуздук өкүм сүрүп турганда, көптөр үчүн Меркель Европадагы демократиялык принциптердин негизги күрөшкери.

Динчил бүлөнүн кызы саясатка кантип келген?

Ангела Меркель (төрөлгөндөгү фамилиясы Каснер) 1954-жылы 17-июлда Гамбургда төрөлгөн. Анын атасы чиркөө кызматкери эле.

Каснердин балалыгы Чыгыш Берлиндин чет жакасындагы шаарчада өттү. Ал учурда бул аймак коммунисттик бийликтин башкаруусунда турган.

Лейпциг университетинде физика боюнча докторлук даражага ээ болгон. ГДРдин илимдер академиясында иштеген.

Сүрөттүн автордук укугу German government
Image caption Ангела Меркелдин саясий карьерасында аны "табити жок кийинет" дегендей кабыл алышкан. Бирок ал жаңы чач жасалга жана кооз кийимдерге баш ооруткан жок.

Ал өзүнүн курсташы Ульрих Меркелге турмушка чыгып, тилекке каршы төрт жыл гана бирге түтүн булатышкан.

Кийин Меркель физиканы саясатка алмаштырды. 1989-жылы Чыгыш аймагында күч алган демократиялык кыймылдарга активдүү аралаша баштаган.

Берлин дубалы кулагандан кийин биринчи демократиялык шайлоо өтүп, Чыгыш Германияда өкмөт куралган. Ангела Меркель өкмөттүн басма сөз катычысы кызматына келет.

1990-жылы Германия бириккенден кийин Христиан-демократиялык союзу партиясынын катарына өтүп, бир жылдан кийин Аялдар жана жаштар укугу боюнча федералдык министр кызматына дайындалат. Ал учурдагы канцлер Гельмут Коль эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 1989-жылы Чыгыш аймагында күч алган демократиялык кыймылдарга активдүү аралаша баштаган.

2000-жылы Гельмут Колдун дарегине Христиан-демократиялык союзу партиясын мыйзамсыз каржылган деген кинелер коюлуп, Меркель анын отставкасын талап кылган. Ушундан көп өтпөй партиянын башына Меркель келет.

2005-жылы Ангела Меркель Германиянын биринчи аял канцлери болду.

Германияны каржы кризисинен кантип алып чыккан?

Ангела Меркелдин саясий карьерасында аны "табити жок кийинет" дегендей кабыл алышкан. Бирок ал жаңы чач жасалга жана кооз кийимдерге баш ооруткан жок.

1998-жылы Меркель физика боюнча профессор Иоахим Зауэрге турмушка чыгат.

Европадагы каржы кризиси учурунда Меркель бюджеттик каражаттарды катуу үнөмдөп, ашыкча чыгымдарды кыскарта алганы менен бааланды.

Европа биримдигиндеги карызга баткан өлкөлөрдү саздан сууруп чыгууда Германия негизги куткаруучуга айланган. ЕБ аймагында евронун наркынын чыңдалышында Меркель локомотив болду.

Германиянын соңку жылдардагы экономикалык, социалдык көрсөткүчтөрүнөн улам Меркелдин кадыр-баркы өстү. Өз өлкөсүндө аны оор кырдаалдардан жол таап чыгып кете алган, ишенимдүү өнөктөш катары эсептешти.

2013-жылы Бундестагга шайлоодо Меркелдин коалициядагы жаңы өнөктөшү - Германиянын эркин демократиялык партиясы утулуп калып, Меркель социал-демократтар менен биригүүгө аргасыз болду. Жыйынтыгында ал катаал экономика саясатына бир аз жакын болуп калды.

"Биз жайгарабыз"

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Канцлер болуп тургандагы Меркелдин машакаты Германияга мигранттар менен качкындар агылып келе баштаган учурда болду.

Канцлер болуп тургандагы Меркелдин машакаты Германияга мигранттар менен качкындар агылып келе баштаган учурда болду.

2015-жылы "Айрымдар (мигранттар) үйүнө кайтып барууга туура келет" деп айтканда, аны "сезими жок", "таш боор" деп айыпташты.

Бирок мигранттардын агымы күчөгөндө, Меркель Европа биримдигинин эрежелерин убактылуу токтотуп туруп, чек араларды ачуу керек деген демилге менен чыккан.

БУУ Меркелдин гуманитардык жааттагы эмгегин жогору баалаган. 2015-жылы Time журналы аны "Жылдын адамы" атаган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ангела Меркелди шакабага салган сүрөттөрдүн бири.

Меркелдин партиясынын "Биз жайгарабыз" деген урааны миллиондогон немистердин күндөлүк турмушундагы колдонмо сөзгө айланган.

Меркелдин мигранттарга карата ачык эшик саясаты «Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясы менен пикир келишпестиктерге алып келди.

Исламга каршы жүрүштөр өлкөнүн чыгышындагы бир катар шаарлардан башталып, бүтүндөй Германияга жайылды. Андан кийин терактар орун алып, бул окуялардын баары Меркелдин популярдуулугун гана төмөн түшүрбөстөн, коалиция куроосуна дагы бөгөт болду.

Кийин Ангела Меркель эгерде убакытты арка кайтара турган болсо, анда Германияны мигранттардын агымына туруштук бере тургандай даярдыкка келтирмегин айткан. (AbA)

Тектеш темалар