Москванын жообу: Орусиядан АКШ дипломаттары чыгарылат

АКШнын орусиялык бир нече дипломатты чыгарып жиберген чечимине Москва жооп кылды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бейшембиде кечинде болгон басма сөз жыйынында, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу да жабыла турганын айтты. Ошондой эле АКШ тарап канча орусиялык дипломатты чыгарып жиберсе, өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүнөн да ошончо киши чыгарыларын кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ырастагандай, АКШнын Москва элчилигиндеги 58 кызматкерди жана Екатеринбургдагы консулдукта иштеген эки кызматкерди "персона нон-грата" деп жарыялады. Алар Орусия аймагын 5-апрелге чейин таштап чыгып кетиши керек.

Ак үй өз билдирүүсүндө мындай жооп күтүлгөн эле деп айтты:

"Орусиянын жообу күтүүсүз болгон жок жана АКШ анын кесепеттерин жоет",-деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын мамлекеттик департаменти Орусия муну менен актана турган жөнү жок, өзүн курмандык катары сезбеши керек деди.

Бул кадамы менен Орусияга дипломатияга кол шилтегендей түр көрсөттү. Азырынча Вашингтон өзүнө жооптук чараларды калтырып турат деди АКШ тарап.

Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу бир катар өлкөлөр орус дипломаттарын чыгаруу чечимин кабыл алган.

Дүйшөмбүдө АКШ орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгарды. Шейшембиде эрте менен Австралиянын премьер-министри Малькольм Тернбулл билдирүү жасап, Британия жана башка өлкөлөргө тилектештик катары эки орусиялык дипломатты өлкөсүнөн чыгара турганын айтты.

Дүйшөмбү күнү Германиянын Тышкы иштер министрлиги төрт дипломатты чыгаруу тууралуу кабарлады. Ушунча эле сандагы дипломаттарды Франция, Польша жана Канада чыгарып жиберди.

Испания, Нидерландия, Дания жана Италия экиден орус дипломатын чыгармак болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 20-мартта Лондондогу орус элчилигинен чыгып бара жаткан орус дипломаттары.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги төрт орусиялык дипломатты "персона нон-грата" жарыялап, алар дипломатияны жамынган тыңчылар болгонун айтты.

Чехия үч орусиялык дипломатты "персона нон-грата" жарыяласа, Литва үч дипломатты, ошондой эле дагы 44 орусиялыкты "персона нон-грата" деп тизмесине киргизди.

Хорватия, Финляндия, Швеция, Эстония, Латвия, Венгрия жана Румыния, Норвегия өлкөсүнөн бирден орус дипломатын чыгарышты. Албания эки дипломатты чыгаруу чечимин кабыл алган.

Украина бийлиги болсо 13 орусиялык дипломатты чыгармак болду. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр жалпысы болуп, 30 жакын дипломаттарды чыгарып жиберди.

Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск орусиялык дипломаттарды чыгаруу чечимин Европа Биримдигине кирген 14 өлкө кабыл алганын айтты.

"Орусияга мындай жаңжалдын кереги жок эле"

Москва Сергей Скрипалдын өлүмү боюнча айыптоолорду четке кагып жатат. Орусиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Александр Лукашевич орусиялык дипломаттардын чыгарылшы Хельсинки келишимин бузат деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption 22-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй европалык лидерлерди Брюсселде чогултту.

"Күнөөсүн далилдене элек туруп коллективдүү жазалоо көрүнүшү абдан кооптуу",-деп билдирди Лукашевич.

Орусиянын президенти Владимир Путин айыптоолорду "болбогон нерсе", "жалаа", "нонсенс" деп атады. Анын айтымында, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алдында Орусия үчүн ири эл аралык жаңжалдын кереги жок болчу.

66 жаштагы Сергей Скрипаль жана 33 жаштагы Юлия 4-мартта эс-учун билбеген абалда Солсбери соода борборунан табылган. Алар учурда ооруканада, бирок абалы оор бойдон калууда.

Бул окуядан бир апта өткөндөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй мурдагы чалгынчы Сергей Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылганын айтып чыкты. Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп билдирген. Кийин 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. (AbA)

Тектеш темалар