Газадагы демонстрация алдында бир палестиналык каза тапты

Palestinian protesters at Jabaliya, Gaza Сүрөттүн автордук укугу AFP

Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин артиллериялык аткылоосунан бир палестиналык дыйкан каза тапканын билдирди.

Бул окуя Хамас жана палестиналык башка топтор уюштурган демонстрация башталаардын алдында болду. Нааразылык акциялар алты аптага уланмакчы.

Палистинанын расмийлеринин айтымында, Газанын түштүк тарабында жер иштетип жүргөн дыйкан Израилдин артиллериялык аткылоосунан каза тапты.

Израилдин армиясы чек арага жакын жайгашкан аймакта жүргөн эки шектүүнү бутага алганын айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Палестиналыктар нааразылык акциялар тынч өтөт деп ынандырууда

Палестина менен Израилдин ортосундагы абал кайрадан чыңалып бара жатат. Палестиналык дыйкан каза тапкандан кийин эки тарап бири-бирини чагымчыл аракеттери үчүн айыптады.

Буга чейин палестиналык топтор "Кайра кайтып келүү" деген чакырык алдында алты аптага созулган нааразылык акция уюштуруу демилгесин көтөрүп, демонстрациялар Израилдин чек арасына жакын аймакта башталды.

Хамас жана палестиналык башка топтор чек арага чектеш аймакта көптөгөн чатыр тигип, беш лагерь тургузулду. Палестиналыктар нааразылык акциялар тынч өтөт деп ынандырууда. Палестинанын расмийлери он миңдеген кишилерди акцияларга катышууга чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Хамас жана палестиналык башка топтор чек арага чектеш аймакта көптөгөн чатыр тигип, беш лагерь тургузулду

Демонстрациялар 15-майга чейин созулат. Ал күндү палестиналыктар "накба" же алаамат деп аташып, 1948-жылы Израилдин түптөлүшүнө каршы нааразылык акцияларды уюштуруп келишет. Израиль мамлекети түзүлгөндөн кийин жүз миңдеген палестиналыктар аргасыз жер которгон.

Израилдин армиясы болсо чек арага кошумча күч тартып келип, палестиналыктарды чек ара аймагына жакын келбегиле деп эскертти.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Израилдин армиясы чек арага кошумча күч тартып келди

Израиль Газа менен чектеш аймактарын өзгөчө зона деп атап, коопсуздук маселеден улам палестиналыктарды чек арадагы тосмолорго жакын жолотпойт.