Орусия-Батыш тиреши: жаңы "кансыз согуш" башталдыбы?

Орусия менен Батыш ортосундагы мамиле болуп көрбөгөндөй муздак жана катаал болуп калды. Көптөр муну 1950-1980-жылдардагы СССР менен Батыш ортосундагы идеологиялык кыл чайнашууга салыштырып, "жаңы кансыз согушту" эстешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Бирок мындай салыштыруу адашууга гана алып келиши мүмкүн",-деп жазат Би-Би-Синини дипломатия боюнча кабарчысы Жонатан Маркус.

CNA Corporation фирмасынын кызматкери, иликтөөчү Майкл Кофман: "Кансыз согуш - негизинен эки системанын тирешүүсү болуп, дүйнөлүк саясатка таасир этүү үчүн экономикалык, аскердик атаандашуу болгон",-деп түшүндүрөт.

Бүгүн биз көрүп жаткан тирешүүдө мурдагыдай идеологиялык күрөш байкалбайт дейт Кофман. Муну өлкө лидерлеринин сырткы саясаттагы стратегиясы, чыр-чатактарга карата кабыл алынган чечимдеринен улам десе болот.

"Кансыз согуш" учурунда Европа "куралданган дүйнөдө" тынчсызданган абалда эле. Чыныгы согуш башка чөлкөмдөрдө - Анголадан Кубага чейин жана Жакынкы Чыгышта болуп жаткан. Бүгүнкү күндө фронттун сызыгы Орусияга жакын жерде өтүүдө, айталы, Украина жана Грузияда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Орусиянын "Искандер" баллистикалык системасы.

Орусия менен Батыш ортосундагы аскердик кубаттын тең салмагы дагы мурункудан башка. Андан тышкары бүгүн Орусиянын мурдагыдай башка өлкөлөргө "сата" турган интернационализм идеологиясы жок. Орусия, Кытай либералдык доктриналарды ээрчибейт жана жактырбайт. Бул өлкөлөргө өз эркин таңуулаганга Батышта жол жок.

Эгерде "кансыз согуш" эки универсалдуу идеологиянын - капитализм жана коммунизмдин дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулган кармашы болсо, азыр Орусия менен Батыштын тирешүүсү эмнеде?

Кофмандын пикиринде, Орусия үчүн бул күрөш "эл аралык держава макамын жана Орусия империясынын калдыктарын сактап калууга жанталашуу".

"Орусиялык лидерлер алдыда орусиялык таасирдин жана аймактын бөлүндү болушунан аргасыз сактанууда. Алар бул үчүн сөзсүз "буфердик мамлекет" керек деп эсептейт жана өзүнүн чек арасын коопсуз кылуу үчүн коңшуларына эркин таңуулап жатат".

Бирок айрым серепчилер азыркы түзүлгөн кырдаал үчүн Батыш дагы кайсыл деңгээлде жоопкер деп эсептейт.

АКШнын Аскер-деңиз коллежинин профессору Лайл Голдштейн мындай пикирди кубаттайт: "Менимче, Батышта көптөр "кансыз согуштан" кийин "душман жок калган синдромго" түшүп калды. Коопсуздук жаатындагы көп адистерге оңой эле душман катары кабыл алынган коркунуч жетишпей келгендей туюлат".

Кофмандын айтымында, технология, саясий жана экономикалык институттардын өнүгүшү боюнча Батыштан калып баратат. "Бирок Москва экономикасы жол бербеген күндө деле сырткы саясатта тынымсыз соккуларды узатууда".

Профессор Голдштейн Орусиянын аскер кубаты АКШ жана НАТО күчтөрүнөн чабал болушу мүмкүн дейт. Бирок соңку 15 жыл ичинде Орусия артыкчылык бере турган тармактарына оңбогондой акча салды.

Айталы, "Искандер" баллистикалык системасына каршы тура турган НАТОнун реалдуу мүмкүнчүлүгү жок. Андан сырткары артиллерия жана радиоэлектрондук күрөштө Орусия тасирдүү мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Бирок бүгүн айдан ачык коркунуч - Орусиянын маалыматтык согушту жүргүзө алары жана кибер чабуулду ишке ашыра турганы. ММКлар жана эксперттер "татаал согуш" деген жаңы түшүнүктүн тегерегинде талкуулап жатышат. Орусия бул жерде чеберчиликке ээ өлкө катары эсептелет.

"Иш жүзүндө Орусия коңшу өлкөлөрүнүн аймагында натыйжалуу аскер операцияларын өткөрө аларын, саясый күрөш жүргүзүүгө, маалыматтык талаада, кибер мейкиндикте салгылаша ала турганын көрсөттү",-дейт Кофман.

Дагы бир маселе, Орусияга таасир этүүгө балким Батыш туура эмес каражаттар менен аракеттенүүдө. Балким, Батыш Орусиядан эмне каалап жатканын жеткиликтүү түшүндүрө албай жатат.

"Саясий биримдикти камсыздоо үчүн дипломатиялык чаралар жакшы. Бирок бир дагы лидер Москвадан эмне каалап жатканын билбейт. Орусияны жөн эле токтотуп, эл аралык саясаттан кетирүү же Украиндан чыгаруу аракети болсо, анда жумшак айтканда бул олуттуу нерсе эмес",-дейт профессор.

Соңку окуяда орусиялык дипломаттарды көп өлкөлөр чыгарып жиберип, чечкиндүүлүк жана биримдик тууралуу коңгуроо каккандай болду. Бирок бул Москванын башын оорутушу күмөндүү. Эксперттердин көбү, экономикалык кысымдар гана Орусияны ойлонтушу мүмкүн дейт. (AbA)