Өзбекстан: Кымбат унаада келип мал уурдагандар кармалды

Сүрөттүн булагы, Bukhara police
Кылмышкерлер өзүнүн изин жашырыш үчүн кымбат унааны колдонушкан
Өзбекстандын коопсуздук кызматкерлери кымбат унаа менен мал уурдап бараткан эки кылмышкерди кармады. Алар торпокту салондун ичине салышкан экен.
UzNews сайты кабарлагандай, Бухара аймагынын коопсуздук кызматкерлери уурдалган уй менен койду издеп, эки шектүүнүн артына түшкөн.
Кылмышкерлер өзүнүн изин жашырыш үчүн Chevrolet Malibu үлгүсүндөгү кымбат унааны колдонушкан. Алар кой, торпок, айрым учурда бука дагы уурдашкан дейт милиция кызматкери.
Өзбекстанда америкалык Chevrolet унаалар кеңири тараган. Өлкөдө айтылган унааларды чыгарган General Motors компаниясынын заводу бар.
Сүрөттүн булагы, Bukhara police
Өлкөдө айтылган унааларды чыгарган General Motors компаниясынын заводу бар
Мамлекетте Chevrolet унааларын сатып алууга оңой болгону менен, Malibu үлгүсүндөгү машиналар кымбат болгондуктан, алар кеңири тараган эмес.
Chevrolet Malibu General Motors компаниясынын Өзбекстанда чыгарган эң кымбат үлгүдөгү унаасы катары сыпатталат. Анын баасы 30 миң долларга чыгат же жергиликтүүлөрдүн орточо маянасынан жүз эсе көп.
Бул жаңылык Өзбекстандагы коомдук сайттарда кызуу талкуу жаратты. Facebook сайтынын колдонуучулары "жок дегенде уурдалган торпок өзүн бактылуу сезип жатат" деп тамашалашты.