Оор кылмыштар боюнча Лондон Нью-Йорктон озуп кетти

Лондон полициясы британ баш калаасында оор кылмыштардын саны өсүп жатканына кабатырлануусун билдирди. Соңку эки айдын көрсөткүчү менен адам өлтүрүүлөр саны көп катталып, Лондон биринчи жолу Нью-Йорктон алдыга чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу PA

2018-жылдын башында Лондондо 46 кишинин өмүрүнө кол салынган. Ал эми Нью-Йоркто болсо 50 киши. Бирок февраль жана март айларында Нью-Йоркто оор кылмыштар кыскарып (адам өлтүрүү боюнча 32 кылмыш), Лондондо болсо бул көрсөткүч 37ге жеткен.

Лондон полициясынын мурунку жетекчиси Лерой Логандын пикиринде, соңку эки айдын статистикасы - британ баш калаасындагы зомбулуктун көбөйүшү "жугуштуу илдет" сыяктуу болуп жатканынан кабар берет.

Image caption "Маселени коомчулук менен кызматташуу аркылуу чечүү керек",-деди Лерой Логан.

Лондон менен Нью-Йорктун калкынын саны бирдей: британ баш калаасында болжолу 8,8 млн киши жашайт. Нью-Йоркто 8,6 млн. Оор кылмыштар Нью-Йоркко караганда Лондондо аз катталып келген эле.

Лондондун бийлиги адам өлтүрүү кылмышы өсүп кеткенине, ошол эле учурда бычак менен кол салуу көп катталып жатканына "терең кабатырлануусун" билдирди.

Деген менен полиция жана шаардын бийлиги белгилегендей, Лондон дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири бойдон калууда.

Сандар

Январда Лондон полициясы 8 адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө жүргүздү. Ошол эле учурда Нью-Йоркто полиция 18 өлүмдүн себебин иликтеген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Февралда лондондук полициянын жетекчиси Крессида Дик адам өмүрүнө кол салуу фактыларын кескин кыскарткан Шотландиянын тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Глазго шаарына келген.

Февралда Лондондо 15 адам өлтүрүү кылмышы катталган, Нью-Йоркто - 11.

Мартта Лондондо адам өмүрүнө кол салуу 22 болсо, Нью-Йоркто 21 кылмыш катталды.

"Адам өмүрүнө кол салган бир учур болсо дагы бул абдан көп. Биз өзүбүздүн өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун өсүүсүнүн себептерин түшүнүүгө жана мындай трагедияны болтурбоо аракетин көрүп жатабыз",- деди Лондон полициясынын өкүлү.

Лерой Логандын пикиринде, адам өмүрүнө кол салуу кылмыштары чочулата турган көрүнүш. Полициянын күчөтүлгөн иш-аракети жетишсиз болуп калышы мүмкүн.

"Кырдаал кантип көзөмөлдөн чыгып кеткенин түшүнө албай турам. Биз зомбулуктун кескин өскөнүн байкап жатабыз. Мындай учурлар коомдун түрдүү катмарларынан чыкты. Көйгөйдү чечүү үчүн комплекстүү чара көрүшүбүз керек. Маселени коомчулук менен кызматташуу аркылуу чечүү керек",-деди Лерой Логан.

Февралда лондондук полициянын жетекчиси Крессида Дик адам өмүрүнө кол салуу фактыларын кескин кыскарткан Шотландиянын тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Глазго шаарына келген. Полиция дагы бир топ аймактарга барып, тажрыйба топтомок болуп жатат.

Британия өкмөтү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана бычак менен кол салууларды кыскартуу максатында социалдык жарнамаларды тартуу үчүн 1,8 млн доллар короткону жатат.

Калкынын саны боюнча чоң шаарлардын бири Москваны кыстара кетели. Орусия баш калаасында январь-февраль айларында 44 адам өлтүрүү кылмышы катталган. Соңку жылдары орус баш калаасында адам өмүрүнө кол салуу кылмышы кыскарып баратканы айтылып жүрөт. Маселен, 2010-жылы адам өмүрүнө кол салган 582 кылмыш катталса, 2014-жылы - 379, өткөн жылы -315 кылмыш катталган. Москванын калкынын саны 12,5 млн киши.

Ал эми Кыргызстанда 2017-жылы адам өмүрүнө кол салуу боюнча 213 факты катталган экен. (AbA)