Химиялык заттарды тескеген уюм Орусиянын өтүнүчү менен чукул жыйынга чогулду

Sergei Skripal and his daughter Yulia Сүрөттүн автордук укугу EPA/ Yulia Skripal/Facebook
Image caption Учурда Сергей Скрипаль жана анын 33 жаштагы кызы Юлия ооруканада жатат

Химиялык куралдарды тыюу уюму Орусиянын суранычынан кийин чукул жыйын өткөрүүдө. Москва уюмдун жана Британиянын мурдагы орус чалгынчысы Скрипалдын жана анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча чогулткан далилдерди бөлүшүүнү талап кылган.

Орусияда чыккынчылык боюнча соттолгон мамлекеттин чалгын агенттигинин мурдагы офицери Сергей Скрипаль жана анын кызы бир ай мурун ууландырылган.

Кремль Британия менен Химиялык куралдарды тыюу уюмун тергөө иштеринде аныкталган далилдерди бөлүшүүнү талап кылды.

Image caption Химиялык затка каршы костюмдарды кийген адистер дезинфекция иштерин дагы жүргүзгөн

Орусиянын чалгын агенттигинин башчысы Скрипалдын ууландырылышын "АКШ менен Британиянын атайын кызматтарынын жийиркеничтүү чагымчыл аракети" деп атады.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте мурдагы орус чалгынчы Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылганын айтып, кол салуунун артында Москва турат деп кошумчалаган.

Image caption Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп жарыялаган

Орусия бул айыптарды четке кагып келет.

Кечээ күнү Британиянын Аскердик изилдөө борбору кол салууда "Новичок" деп аталган уулу зат колдонулганын тастыктады, бирок ал кайсыл мамлекетте чыгарылганын аныктоо алардын иши эмес экенин жарыялаган.

Химиялык куралдарды тыюу уюму дагы Британияда тергөө иштерин жүргүзгөн. Уюм чогулткан далилдерин көз карандысыз лабораторияга жолдогон, анын жыйынтыгы бир аптанын ичинде билинет.

Химиялык куралдарды тыюу уюмунун мүчөсү катары Орусиянын чукул жыйын чакырууга укугу бар. Москва уюмдун мүчөлөрүнө 13 суроо жолдоду. Анын ичинде Британия уюмга кандай далилдерди жөнөттү? Кайсыл тергөөчүлөр кылмыш болгон жерге барды? Алар ким менен жоолукту?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү

"Новичок" деген уулу зат эмне?

  • "Новичок" деп аталган затты Советтер Союзу 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулу заттардын катарына кошсо болот.
  • "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
  • "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулу затка айланат.
  • Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
  • Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.