Түркия башка өлкөлөрдөн гүленчилерди "уурдап" кетип жатабы?

Түркиянын бийлиги коопсуздук кызматтары 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине катыштыгы болгон деп шектелген 80 адамды чет өлкөдөн алып келгенин маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Өкмөтүнүн басма сөз катчысынын айтымында, 80 адам 18 башка өлкөдөн алынып келинген. Өткөн аптада Косовонун премьер-министри Түркиянын атайын операциясы тууралуу маалымат бербегени үчүн Ички иштер министрди жана атайын кызматынын башчысын иштен алган. Анкара Косоводон төңкөрүш аракетине катышты деп шектелген алты адамды Түркияга алып кеткенин айткан.

Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдоган "Косово төңкөрүшкө катышкан кишилерди коргоп жатат" деп айыптаганы бар.

Косоводо күч менен алынып кеткендердин арасында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар делген мектептин беш мугалими бар. Алар төңкөрүшкө катышканын четке кагууда.

2016-жылы жай айында аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле.

Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. Гүленди колдогон деген шек менен 80 миңге чукул мамлекеттик кызматкерлер: арасында аскер адамдары, соттор, полиция кызматкерлери, жогорку окуу жайларда иштегендер, журналисттер кызматынан четтетилген. Он миңдеген кишилер камакка алынган.

Куугунтук Түркиянын чек арасы менен чектелген жок. Дүйнө боюнча Түркиянын элчиликтери Гүлен кыймылынын бөлүгү деп айыпталган мектептерди жаптырууга аракеттенип келет.

Тектеш темалар