Тогуз жылдык тыныгуудан кийин Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

Тажикстан апрелден тарта Өзбекстандын түштүк аймактарына электр энергиясын экспорттой баштады.

1 кВ саат электр энергия үчүн Өзбекстан тарап 2 цент, башкача айтканда 160 сум акы төлөйт. Белгилеп кете турган жагдай тажик тарап электр энергиясын өз наркында гана сатууда.

Анткени 1 кВ саат электр энергиясын өндүрүүнүн өзү эле 2 центке айланат. Жай айларында Тажикстан өз муктаждыгынан көбүрөөк электр энергия иштеп чыгарат жана аны сатуу үчүн базар издөөдө.

Өзбекстан болсо жарандары үчүн ар бир кВ саат электр энергияны 228 сум, башкача айтканда 2,8 центке сатат. Тогуз жылдык тыныгуудан соң Тажикстандын Регар станциясынан Өзбекстанда электр энергия жиберүүнү баштады. Маалыматтарга караганда, башталгыч этапка суткалык экспорттун көлөмү 672 миң кВ саатка жетет. Кийинчерээк экспорттун көлөмү мындан да чоңоёт деп айтылууда.

Быйыл Тажикстан Өзбекстанга 1,5 млрд кВ саат электр энергия экспорт кылууну пландаган. Ошондой эле Тажикстандан Өзбекстанга электр энергияны жеткирүү көлөмүн көбөйтүү максатында 220 кВ кубатындагы экинчи электр узатуу линиясы даярдалып жатканы айтылууда.

Тажикстанда бир суткада 37 млн кВ саат электр энергия иштеп чыгарылат. Анын 284 миң кВ сааты Ооганстанга экспорт кылынат. Тажикстан быйыл Ооганстанга электр энергия экспорт кылуу көлөмүн 200 млн кВ саатка көбөйтүүнү пландаган.

2009-жылдын ноябрь айында Өзбекстан Борбор Азия электр энергия системасынан бир тараптуу чыккандан кийин, Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда энергетика секторунда кызматташтык токтоп калган болчу.