Түштүк Кореянын экс-президенти 24 жылга абакка кесилди

Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хе кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мажбурлоо фактылары менен айыптуу деп табылып, 24 жылга абак жазасына кесилди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Пак Кын Хенин жактоочулары Сеулдагы сот имаратынын алдында митинг өткөрүүдө.

Экс-президентке байланышкан тергөө коомчулукта чуулгандуу болгондуктан сот жараяны мамлекеттик телеканал аркылуу түз көрсөтүлдү.

Президентке коррупция боюнча айыптоо 18 эпизод боюнча тагылды. Соттун өкүмүн угузуу уланууда.

Башында экс-президент Пак Кын Хе 30 жылга эркинен ажыратылып, 100 млн доллар ашуун айып пул төлөшү мүмкүн деп күтүлүп жаткан.

Өлкөдөгү коррупциялык жаңжал президент Пак Кын Хенин импичментине алып келип, ага дагы коррупция боюнча кылмыш иши козголгон эле.

2017-жылы 10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдогон. Муну менен Пак Кын Хе кылмыш жоопкерчилигине тартууда президенттик кол тийбестик жана иммунитетинен ажыраган.

Ушул эле жылы 31-мартта экс-президент камакка алынган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, пара алган жана мыйзамсыз кысым көрсөтүүгө барган деген айыптар тагылган.

Импичменттин себеби президент Пак Кын Хенин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебеген курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганы деген айыптоо себеп болгон. Аны президент өзү калкалаган деген дооматтар айтылган эле.

Чхве Сун Силь күнөлүү деп табылып, 2018-жылы февралда 20 жылга түрмөгө кесилди. Экс-президент болсо айыптоолорду четке кагып, айыбы угузулуп жаткан учурда сот залына келбей койду.

Пак Кын Хенин жактоочулары Сеулдагы сот имаратынын алдында митинг өткөрүүдө. (AbA)

Тектеш темалар