Аскердик сексизм: кыз-келиндерди армияда эмнеге жеришет?

Девушка в военной форме с бревном Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрым курсанттардын айтымында, Сен-Сир аскердик окуу жайында кыз-келиндерге кысым жасалып, алар аргасыздан окуусун таштап жатышат (архивден алынган сүрөт)

Франциянын Коргоо министрлиги армиядагы аял жоокерлерди басмырлоого жол берилбейт деп кабарлады. Буга чейин Франция армиясынынын тандамал аскерлерди даярдаган академиясында кыз-келиндерге сексуалдык ыдык көрсөтүлүп жатканы тууралуу чуулгандуу жаңылыктар тараган.

Айрым курсанттардын айтымында, Сен-Сир аскердик окуу жайында кыз-келиндерге кысым жасалып, алар аргасыздан окуусун таштап жатышат.

Франциянын коргоо министри Флоранс Парли кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөр академиядан чыгарылат деп жар салды. "Армияда сексизмге орун жок, биз ага жол бербейбиз", -деди ал.

Сен-Сир Франциядагы элиталык аскердик окуу жай катары белгилүү. Аны Британиядагы Сандхерст Королдук аскердик академия же АКШдагы Вест-Пойнт окуу жайы менен салыштырып келишет.

Сен-Сир академиясын 1802-жылы Наполеон Бонапарт негиздеген. Окуу жай 1986-жылы кыз-келиндерди кабыл ала баштаган.

Салтчылдар жана гомофобия

Сексуалдык ыдык кеңири тараганы тууралуу Libération гезити жазып чыккан. Басылма курсанттардын биринин президент Эмманюэль Макронго жолдогон катын дагы жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сен-Сир академиясын 1802-жылы Наполеон Бонапарт негиздеген

Курсант академияда болгон окуяларды сүрөттөп берет. Айталы, Сен-Сир академиясында ашынган салтчылдардын "tradis" аттуу тобу бар экен. Курсант кыздын айтымында, бул топко 230 окуучунун алтымышка чукулу кошулган. Алар кыздарды окуудан кетирүү үчүн "баардык кадамдарга" даяр экенин айтылат.

"Кыз-келиндерди кабыл алууга даяр эмес армияда кызмат өтөгүм келгенине уялам. Аял болуу карьераны, кыял-тилектерди жана жашоону талкалап салаарын түшүндүм", -деп жазылат курсанттын катында.

Айтылган катта Сен-Сир академиясынын мурдагы окуучуларынын сөздөрү дагы кошулган. Анда эркек курсанттар академиядагы кыз-келиндерди кемсинтип, акарат кылып, сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн көптөр окууну таштаганы белгиленет.

Ошондой эле элиталык академияда гомофобия жана ашынган улутчулдук кеңири тараганы дагы айтылат.

Санкциялар

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Элиталык академияда гомофобия жана ашынган улутчулдук кеңири тараганы дагы айтылат

Парламентте эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, өлкөнүн коргоо министри Флоранс Парли сексуалдык ыдык көрсөткөнү далилденген окуучулар академиядан чыгарылат деп билдирген.

Сен-Сир академиясы айтылган окуучуларга катуу чара көрбөгөнү жана бул аракеттерди алдын ала токтотпогону үчүн санкциялар дагы жарыяланышы мүмкүн экенин Парли айым кошумчалаган.

Арийне, Libération гезитинин жазганына караганда, академия дагы деле жетиштүү чара көргөн жок. Эки гана окуучу академиядан чыгарылуу коркунучуна кабылган. Алардын бири өз ыктыяры менен Сен-Сирден кетүүнү чечкен.

Сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген курсанттар сабактардан четтетилгени айтылат. Бирок аларга каникул маалында сабактарга катышууга тыюу салынганы маалымдалды. Андан тышкары олуттуу делген экзаменден эч ким четтетилген жок. (AT)