Туристтердин агымын токтото албай жаткан беш өлкө

Tourists visit the beach on Boracay Island, Aklan province, on April 6, 2018 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Филиппиндер президенти Родриго Дутерте болсо Боракай аралы кишиге толгон "кир көлчүккө" айлынды деп айтты

Жакында эле Таиланд менен Филиппин дүйнөгө таанылган, көздүн жоосун алган жаратылышка ээ эки аймакка туристтерге барууга тыюу салды.

Таиланддын расмийлери күн сайын агылып келген туристтерден улам Майя Бэйдин экологиясы жапа чегип жатканын белгилеп, аны убактылуу жапты. Бул аймак 2000-жылы тартылган, Леонардо Ди Каприо катышкан "Жээк" (The Beach) аттуу көркөм тасмадан кийин атагы чыккан.

Филиппиндер президенти Родриго Дутерте болсо Боракай аралы кишиге толгон "кир көлчүккө" айлынды деп айтып, аймакты бир нече айга жапкан.

Туристтер кызыккандыктан экологиясы бузулган эки аймак жалгыз эмес. Айталы, Европанын Венеция жана Дубровник шаарлары дагы өтө эле көп турист келгенин билдиришкен.

2017-жылы болсо Барселонанын жергиликтүү бийлиги лицензиясы жок, интернет аркылуу бөлмөлөрдү ижарага берген тургундарга каршы чара көргөн. Шаардагы бөлмөлөрдүн көбү кымбат баага туристтерге берилип кетип, жергиликтүү эл ижарага алуу үчүн батирлер өтө эле кымбаттап кеткенине нааразы болушкан.

Айрым мамлекеттер туристтер агылып келгенде жаратылышты сактап калуу үчүн бааларды атайылап көтөргөн учурлар да бар. Мисалы, Руандада бир күн бою жапайы гориллага байкоо салуу үчүн 1,500 долларга лицензия сатып алуу керек.

Би-Би-Си өтө эле көп сандагы туристтер менен күрөшкөн беш аймак тууралуу айтып берет.

Таиланд: Майя Бэй туристтерден арылат

Maya Bay, Thailand Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Март айында Таиланддын бийлиги атактуу Майя Бэй аймагын туристтерге жаап жатканын жар салды. 2000-жылы Леонардо Ди Каприо катышкан "Жээк" аттуу көркөм тасма тартылгандан кийин бул аймакка дүйнөнүн ар бурчунан келген туристтер кызыгат. Таза суу, аппак кум жана көздүн жоосун алган жаратылышы бар Майя Бэйге күнүн беш миңге чейин турист келет.

Жаратылышты коргоо адистери Майя Бэйдин коралдарынын 77 пайызы коркунучка кабылганын жарыялашкан. Аларды негизинен туристтерди алып келген чакан кайыкчалар талкалоодо. Арийне, июнь айынан сентябрга чейин аймакты жаап салуу маселени чечпейт.

Thai park rangers keeping watch as tourists walk along the Maya Bay beach, Thailand, 9 April 2018 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Майя Бэйге өтө эле көп туристтер келүүдө

Демек, Майя Бэйдин сактап калууга кеч болуп калдыбы?

Баш калаа Бангкокто жайгашкан окумуштуу Тон Тамроңнавасаваттын айтымында, Майя Бэйдин коралдарын сактап калса болот.

"Буга чейин башка аралды туристтерге жаап салганбыз. Үч жылдан кийин коралдан кайрадан калыбына келе баштады. Биз ал ыкманы Майя Бэйде колдонолу деп жатабыз. Башка аймактардан коралдарды көчүрүп келүүгө да аракеттенебиз",-деди Тон Тамроңнавасаваттын.

Майя Бэй туристтерге ачылган күнү дагы күнүнө эки миң гана киши булуңга барууга уруксат ала алат. Ошондой эле кайыктарга Майя Бэйдин тайыз жерлерине барууга толугу менен тыюу салынат. Жергиликтүү бийлик болсо жаңы эрежени тескөө өтө оор болоорун айтышууда.

Италия: Чинкве-Терре жаңы технологияга кайрылды

Colourful houses in Cinque Terre, Italy Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Туристтер Италиядагы көп түстүү Чинкве-Терре шаарчасына улам-улам келишет. Беш миң тургуну бар шаарча 1999-жылы Улуттук паркка айланган жана жылына эки миллион туристти кабыл алат.

Өтө көп адам Чинкве-Терреге барып, аскага чыкчу тепкичтер урап, туристтердин коопсуздугуна коркунуч жаралган. Андан кийин туристтердин санын чектөө боюнча көп сунуштар түшкөн болчу.

Учурда чөнтөк телефонго жүктөлгөн программа аркылуу туристтер канча адам шаарчага жеткирчү багыттар аркылуу басып бара жатканын билсе болот. Айтылган багыт аркылуу өтө эле көп киши басып бара жаткан болсо, программа коңгуроо кагат. Келечекте, бул программа аркылуу кезекке дагы турса болот.

Перу: Мачу-Пикчудагы жаңы система

Machu Picchu, Peru Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Перуда жайгашкан, Инктер курган байыркы Мачу-Пикчу чебине саякаттоону жактыргандардын көбү барууга умтулат. Тоонун чокусунда жайгашкан чепке "Инка жолу" аркылуу Андеан жайлоосун басып өтүп, аскадагы булуттарды аралап чыгуу дүйнөдөгү кереметтердин бири.

Бирок өтө эле көп туристтер агылып келип, бейрасмий тур операторлор туура эмес жолдор аркылуу чепке жеткирип жатканы жана аймак таштандыга толгону чоң маселеге айланды.

2005-жылы Перунун өкмөтү "Инка жолу" аркылуу чепке чыгууну көздөгөн туристтердин санын чектеп, февраль айында тазалоо иштери үчүн Мачу-Пикчу толугу менен жабуу чечимин кабыл алган.

Бул кадамдан кийин туристтер алдын ала билет сатып алып, тур операторлор лицензиясын жоготпоо үчүн эрежелерге карманып калды.

Андан тышкары туристтердин санын көзөмөлдөө үчүн түшкө чейин жана түштөн кийинкиге эки башка билет сатылууда. Бирок ага карабастан күнүнө 2500 турист гана барсын делген чек сакталбай жатканы айтылууда.

Түштүк Корея: Чежу аралы

Jeju Island, South Korea Сүрөттүн автордук укугу Shutterstock

Дүйнөдөгү эң көп учак каттамы кайсыл мамлекетте катталган деп ойлосуз?

Өткөн жылы Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул жана андан токсон чакырым аралыкта жайгашкан Чежу аралынын ортосунда эң көп сандагы учактар жүргүнчүлөрдү ташыган.

2017-жылы Сеул менен Чежунун ортосунда 65 миң же күнүнө 180 учак туристти жеткирген. Жылына 15 миллион турист аралга келет. Эки миң чарчы чакырым территориясы бар арал үчүн бул өтө эле көп.

Туристтер аралдагы шаркыратмаларга, миңдеген жылдар мурун атылган вулканга жана жаратылышка кызыгышат.

Бирок жаратылышты коргогон адистер аралдын экологиясы бузулуп, аймак таштандыга толгонун айтышууда.

Түштүк Кореянын өкмөтү туристтердин санын кыскартууга умтулган жок. Тескерисинче аралга дагы бир аба майдан куруу долбоору жарыяланган. Сеул 2035-жылга чейин аралга саякаттап келген коноктордун санын 45 миллионго чыгарууну көздөйт.

Чежу аралына көптөгөн кытайлык туристтер агылып келчү. Бирок Сеул АКШнын ракеталарга каршы системасын орнотууну чечкенден кийин Кытайдын бийлиги нааразылыгын билдирип, Түштүк Кореяга туристтик турларды сатууга тыюу салган. Бээжин Сеул бул кадамы менен чөлкөмдөгү коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтып келет.

Кытай жакында эле кайрадан Түштүк Кореяга турларды сатууга уруксат берди.

Колумбия: Каньо-Кристалестин эрежелери

Caño Cristales river in Colombia Сүрөттүн автордук укугу Alamy

Колумбиядагы Каньо-Кристалеске баргандар, башка планетага барып келгендей таасир алышат. Аймактагы дарыяда ар түрдүү өсүмдүктөрдөн улам, сууну түсү улам өзгөрүп тургандай сезилет. Жергиликтүү калк Мета провинциясын "суюк күн желеси" деп аташат.

Буга чейин аймак козголоңчу согушкерлердин чордону болчу. Дал ушул себептен чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтер аймакка жакын жолочу эмес. 2016-жылы Колумбиянын өкмөтү менен марксист согушкерлер тынчтык келишимине кол койгондон кийин туристтер аймакка тынымсыз келүүдө.

Албетте, Каньо-Кристалеске жогоруда белгилеп кеткен аймактардай көп сандагы туристтер келбейт. 2016-жылы болжолуу 16 миң турист барганы айтылат. Бирок аймактын эко-системасы өтө аялуу болгондуктан, адамдын санын эмитен чектөө зарыл экени белгиленүүдө.

Waterfalls at Caño Cristales river in Colombia Сүрөттүн автордук укугу Alamy

Бул аймакка көп сандагы туристтер келсе дарыянын алдындагы өсүмдүктөргө коркунуч жаралышы мүмкүн экени улам айтылууда.

Туристтер жаңыдан кызыгып жаткан аймак катары, башка жерлерге салыштырмалуу, Каньо-Кристалес туура нукка түштү. Жергиликтүү бийлик дароо эрежелерди киргизди: аймакка желим бөтөлкөлөрдү алып барса болбойт, күнгө же курт-кумурскага каршы крем колдонуп сууга түшсө болбойт, айрым аймактарда сууга түшүү толугу менен тыюу салынат, тамеки чексе болбойт, балыктарга тамак берсе болбойт.

Каньо-Кристалеске келген туристтер түшүндүрмө курсуна да катышууга милдеттүү.

Сүрөттөр Alamy, Getty Images жана Shutterstock алынган.