Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болбосо, Трамп жыйындан чыгып кетет

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болбосо, жолугушуудан чыгып кетем деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Трамп Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин, Түндүк Корея өзөктүк курал долбоорунан баш тартканга чейин Пхеньянга каршы кысым көрсөтүлө берет деп билдирди.

Трамп менен Абэ Кошмо Штаттардагы Мар-а-Лаго курортуна жолукту.

Президент Трамп тарыхый сүйлөшүүлөр мүмкүн экенине кубанып турганын жашырган жок. АКШнын президенти "мурда Түндүк Кореянын лидерлери - Ким Чен Ын же анын атасы, чоң атасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес" деп журналисттерге билдирди.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпео жашыруун иш сапары менен Пхеньянга барып келгенден кийин, Түндүк Кореянын расмийлери сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле жасап жатканына Трамп ынангандай.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Буга чейин Пхеньян менен Вашингтондун ортосундагы жолугушууда Түндүк Корея өзөктүк арсеналынын келечеги тууралуу сөз кылууга даяр экени дагы айтылган. Бирок Трамп сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп калышы мүмкүн экенин дагы моюнга алды. АКШнын президенти жолугушуудан чыгып кетүүгө дагы даяр экенин жашырган жок.

"Сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болот деп үмүттөнүп турам. Эгерде сүйлөшүүлөр натыйжасыз болот деген ой келсе, биз андан баш тартабыз. Жолугушуу учурунда сүйлөшүүлөр жемиштүү болбой калаарын түшүнсөк, мен урмат-сый менен жыйындан чыгып кетем",-деди Трамп.

Бул кайрылуусун Трамп Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Мар-а-Лаго курортундагы жолугушуусунан кийин жасады.

Трамп менен Кимдин күтүлгөн саммити Токионун кооптонуусун дагы жаратып, жапон премьери Синдзо Абэ сүйлөшүү үчүн Вашингтонго учуп келген.

Америкалык президент Түндүк Корея суроосунда эки өлкөнүн ача пикри жок экенин белгилеген. Бирок байкоочулар Абэнин Вашингтон сапарынын негизги максаты - Трампты түндүккореялык режимге болушунча кысым көрсөткөн саясатты улантууга көндүрүү болгон.

Трамп Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдө 1970-80-жылдан Түндүк Корея уурдап кеткен жапониялыктарды бошотуу маселесин дагы көтөрөм деп билдирди. Ошондой эле камакка алынган үч америкалыкты бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталганын тастыктады.

Куру сөзбү же убадалар ишке ашабы?

Март айында Түндүк Корея менен АКШ сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деген жаңылык тараганда көптөр таң калган.

Буга чейин эки мамлекеттин лидерлери бири-бирин коркутуп, кайым айтышып келген.

2000-2007-жылдардагы Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы саммит эки Корея ортосундагы мамилени өзгөртө алган эмес. Буга чейин Түндүк Корея сүйлөшүүлөр учурунда өзөктүк куралын жана ракеталарынын сыноосун токтотуп, бирок талаптары аткарылбаса өзөктүк долбоорун кайрадан уланткан.

Азырынча Вашинтон менен Пхеньян "өзөктүк арсеналды жок кылуу" деген терминди кандай түшүнөөрү белгисиз. АКШ бул терминди Пхеньяндын өзөктүк долбоорун толугу менен токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу катары кабыл алат.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчисинин жашыруун жолугушуу тууралуу эмне билебиз?

Майк Помпеонун Пхеньянга сапары тууралуу биринчи болуп Washington Post жазды. Басылма белгилегендей, иш сапар Рекс Тиллерсондун отставкасынан кийин Майк Помпео мамлекеттик катчы болору анык болуп калганда жасалды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Майк Помпео (солдо) жакынкы күндөрү мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду алмаштырат

Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы байланыш 2000-жылдан бери мындай жогорку деңгээлде боло элек болчу деп белгиледи WP. Анда Түндүк Кореяга Ким Чен Ир менен жолугушуу үчүн мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт учуп барган.

Жолугушуу тууралуу Ак үй дагы, Түндүк Корея, БУУдагы комментарий берген эмес.

Түндүк Корея менен АКШ ортосунда дипломатиялык мамиле жок. 2014-жылы КЭДРге Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клаппер барып, абактан эки америкалык жаранды алып келген экен. Негизинен эки өлкө ортосундагы пикир алышуу бейрасмий каналдардан ортомчулар аркылуу ишке ашат.

Корея жарым аралын Түндүк жана Түштүк кылып бөлүп салган согуштун бүткөнүнө 65 жыл болду. Бирок ошого карабастан тынчтык келишимине кол коюла элек.