Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялады

Эрдоган 11 жыл өкмөт башчы болуп иштегенден кийин 2014-жылы президент болуп шайланган. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Эрдоган 11 жыл өкмөт башчы болуп иштегенден кийин 2014-жылы президент болуп шайланган.

Президент Эрдоган 2019-жылы ноябрда өтө турган шайлоону быйыл 24-июнга жылдырганын жар салды. Түркиянын учурдагы президенти 2002-жылдан бери өлкөнү башкарып келет, былтыр ал референдум аркылуу өзүнө дагы беш жылдык бийлик камсыздап алган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү идеясы алгач Улуттук альянс партиясы тарабынан көтөрүлдү.

Эрдоган жергиликтүү сыналгыда сүйлөп жатып "оорулу эски системадан" арылыш үчүн мамлекет жаңы шайлоолорго муктаж экенин айтты.

"Сириядагы жана башка жерлердеги окуялардын өнүгүшү жаңы аткаруу бийлигине тезинен өтүүнү талап кылууда. Өлкөнү күчтүү жолго салыш үчүн ушундай демилгелүү кадамдар керек" ,-деди президент түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө.

Эрдоган бул чечимге Улуттук альянс партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келгенин белгиледи. Аталган партия парламенттик шайлоодо Эрдоган башында турган Акыйкат жана Өнүгүү партиясы менен альянска барары күтүлүп жатат.

Кезексиз шайлоо болбойт деп белгилеп келген өкмөт саясатын баштан-аяк буруп, мурда жарыялагандан да эрте мөөнөткө кезексиз шайлоону белгилеп отурат.

Шашылыш шайлоонун себептери

Саясат талдоочулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, ириде, авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү саясий көрүнүш экенин айтышууда.

Түркиядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун экономикалык да себептери болушу мүмкүн.

Себеби Түркияда быйыл лиранын (улуттук валюта) куну болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бул дүйнөдөгү каржылык рыноктогу валюталык нарктын эң төмөн чекке түшүүсү катары бааланып, ири дефицит жана жогорку инфляция орун алып жатканы белгилүү.

Серепчи Искендер Ормонов Эрдоган чабал тартып бара жаткан өлкө эконимикасынан улам, элдин ишениминен биротоло кете электе чукулунан пайдаланып калууну көздөп жатышы да мүмкүн деп да жоромолдойт.

"Ачыгын айтканда бул Режеп Тайып Эрдогандын башкаруусунун алсызданып бара жатканынын, анын баасын түшүрүүчу факторлор көбөйүп бара жатканын ачык белгиси. 1,5 жылдык убакыт калганда кезексиз шайлоо өткөрүүсү-экономикалык, эл аралык же ички саясатта болсун аброю түшүп кете электе, шайлоочулар ишеними такыр кеткичекти, эртереээк шайланалы деген чечим болду окшойт",- деди Искендер Ормонов.

Атаандаштарынын шаштысын алуу стратегиясы

Айрымдар мындай жол менен Эрдоган өзүнүн башкы каршылашы Мерал Акшенердин канатын кыркканга аракет кылууда дешүүдө. Акшенер бир ай мурун эле жаңы оңчул багыттагы партиясын түптөгөн эле.

"Бизче "Жакшы партия" деген ат менен жаңы саясий уюм куруп, анын рейтинги күндөн күнгө көтөрүлүп жаткан. Анын талапкерлигин коюусуна мүмкүнчүлүк бербей, койдурбай кою механимздерин табуу мүнөзү болот деп атышат. Эми анын чын-бышыгы жакынкы күндөрү белгилүү болот",- деди саясат талдоочу Искендер Ормонов.

Image caption Эрдогандын бул чечими оппозициядагы Акшенер өңдүү саясатчылардын артып бара жаткан аброюна да байланыштуу дешүүдө

Былтыр референдум аркылуу кабыл алынган Түркиянын Конституциясына кирген өзгөрүүлөргө ылайык премьер-министр кызматы жоюлмак.

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, бирок алар өлкөдө президенттик шайлоо өткөндөн кийин күчүнө кирмек.

Шайлоо белгиленген дата дагы ошондой эле Түркияда 2016-жылы июлда Эрдоганды кызматтан түшүрүү максатында орун алып, бирок ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүшкө да байланыштуу болушу мүмкүн.

Эрдогандын талапкерлери президент болгону былтыр референдумда Туркия парламенттик өлкөдөн президенттик башкаруугө өтөт деген нерсени ишке ашырууну гана каалап жатканын айтып жатышат.

Бирок Эрдоган үчүн кезексиз шайлоонун артыкчылыктары көрүнүп эле тургандай: Сириядагы курд согушкерлерине каршы соңку аскердик чабуулдан кийинки упайды колдонуу жана оппозициянын алапайын алуу ишке ашчудай.

Бирок мындай жүрүштүн тобокелчиликтери да бар, айрым шайлоочулар бул айлакердик экенин түшүнүп, өкмөттү экономикадагы соңку чабалдык саясат үчүн "жазалап" коюш ыктымалдыгы бар. (EKa)

Тектеш темалар