Түндүк Корея өзөктүк куралын сыноодон баш тартып, полигондорун жабат

КЭДР лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү ядердик полигонду жабарын жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мындай сыноолорду өткөрүүгө эми Пхеньян үчүн зарылчылык жок. Анткени өлкө өзөктүк куралды жасап бүттү деген Ким Чен Ын.

Сыноолордун токтотулганы - "Корей жарым аралындагы тынчтык жана экономикалык өсүш үчүн" деп жазды өлкөнүн мамлекеттик ММКлары.

Түштүк кореялык "Рёнхап" мамлекеттик агенттиги: "мындай чечим аптанын жума күнү өткөн башкаруучу Эмгекчилер партиясынын жыйынында кабыл алынганын" маалымдады.

Кабыл алынган токтомдо, эгерде коркунуч болбосо Түндүк Корея өзөктүк куралды колдонбой турганын айтылат. Ошондой эле өзөктүк куралды кандай шарт болсо дагы башка өлкөгө бербей турган милдеттенмени моюнуна алган.

"Бул Түндүк Корея жана дүйнө жүзү үчүн чоң прогресс. Чыдамсыздык менен биздин саммити күтөм",-деп жазды АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына.

Март айында Дональд Трамп күтүүсүз жерден Пхеньяндын түз сүйлөшүүлөр боюнча сунушун кабыл алган. Буга чейин бир дагы америкалык президент Түндүк Корея лидери менен жолуккан эмес.

Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: "саммит июндун башында, балким андан эрте да болуп калышы мүмкүн" деп айткан. Кийин Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу майдын башында өтө турганы белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШга чейин жете алган Хвасонг-15 ракетасы

Саммитке даярдык көрүү максаты менен Пхеньянга АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) жетекчиси Майк Помпео келип кеткен.

Изоляциядан чыгуу аракети

Түндүк Корея дүйнө коомчулугу тарабынан обочолонуп калган өлкө. Анткени өзөктүк курал программасынан баш тартпай койгону, адам укуктарынын бузулушу, эл аралык укуктарды бузганы Пхеньянды БУУнун санкцияларына туш кылды.

Түндүк Корея алты жолу өзөктүк курал сыноосун өткөргөн. Ошондой эле алыскы аралыкка уча турган ракеталарын сынаган. Алар АКШга чейин жетет деп айтылган. Өткөн жылы кырдаал чыңалып, АКШ жана Түндүк Корея лидерлери бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтып, "согуш" менен коркутушкан.

Бирок быйылкы жылдын башынан тарта Пхеньян өзүнүн көп жылдык душманы Түштүк Корея менен дагы, анын союздашы АКШ менен да сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтө баштады. (AbA)

Тектеш темалар