Түндүк-Түштүк Корея Тынчтык келишимине кол койду

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Мун Чже Ин, Түндүк Кореянын лидерин чек арада тосуп алды.

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин тарыхый жолугушуусунда Тынчтык келишимине кол коюлду. Бул 1953-жылы жарым аралды экиге бөлгөн согушка чекит койгон кадам катары каралууда.

Лидерлер декларацияга кол коюп, "тынчтык доору" башталганы тууралуу жана Корей жарым аралындагы өзөктүк куралдан арылуу үчүн иш жүргүзөрүн жарыялашты.

Ким Чен Ын 1953-жылы Корей согушу токтогондон бери Түштүк Кореяга өткөн биринчи КЭДР лидери болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ким Чен Ын 1953-жылы Корей согушу токтогондон бери Түштүк Кореяга өткөн биринчи КЭДР лидери болуп калды

Символикалык мааниге ээ болгон окуяда Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин, Түндүк Кореянын лидерин чек арада тосуп алды.

Ким Чен Ын сүйлөшүүлөр "чын ниетте" болоруна үмүттөнүп турганын белгилеген болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Тарыхый окуя"

Эки лидер чек арада жолугуп, Панмунжом кыштагындагы "Тынчтык үйүнө" басып барышты.

Ким Чен Ын "Тынчтык үйүндөгү" меймандар үчүн китепчеге "Мындан ары тарыхтын жаңы баракы ачылат - тынчтык доору орнойт" деп жазды.

АКШ болсо сүйлөшүүлөр тынчтык жана өнүгүүгө түрткү болсун деген үмүтүн билдирди. Түндүк-Түштүк Кореянын лидерлери жолуккандан кийин, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө кандай маселелер көтөрүлөт?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тараптар Түндүк Кореянын өзөктүк арсеналы тууралуу сөз кылмакчы. Жакында эле КЭДР лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү өзөктүк полигонду жабарын жарыялаган.

Бирок Сеул буга чейин сүйлөшүүлөр татаал болоорун эскерткен. Себеби эки тарап мурда жолуккандан бери Пхеньяндын өзөктүк курал жана континент аралык ракеталары кыйла өнүгүп кеткен.

Бир нече жылга созулган тирешүү жана ортодогу чыңалуудан кийин эки тарап акыры мунаса табыша алды. Бул Түштүк Кореяда өткөн Олимпиаданын алдында жана кышкы оюндар учурунда жанданды.

Эки тарап 1950-53-жылдардагы Корей согушунан кийинки тынчтык келишими, экономикалык жана социалдык көйгөйлөр тууралуу дагы сөз кылмакчы. Бирок өзөктүк куралдар боюнча маселе сүйлөшүүлөрдүн негизги бутасы болот.

Сынчылар эки лидер Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча маселеге токтолбой турганына нааразы болушууда. Алар саммитке даярданып жаткан саясатчылар Түндүк Кореянын калкын унутуп калды деген пикирин билдирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сеул менен Пхеньян Панмунжом кыштагында бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн

Саммиттин иш тартиби

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды чек арада тосуп алды.

Эки тараптын сүйлөшүүсү чек арага жакын жайгашкан Панмунжом кыштагында өтмөкчү. Сеул менен Пхеньян бул кыштакта бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн.

Саммит жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да "Тынчтык үйүндө" башталды.

Түшкү тамактануу өз алдынча болот. Түндүк Кореянын делегациясы кайрадан чек арадан өз тарабына өтүп кетет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түшкү тамактанууга Түндүк Кореянын делегациясы кайрадан чек арадан өз тарабына өтүп кетти

Түштөн кийин эки лидер "тынчтык жана өнүгүүнүн" символуна ээ болгон кызыл карагайды отургузушат.

Андан соң Ким Чен Ын менен Мун Чже Ин Панмунжом кыштагын чогуу кыдырып, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын баштайт.

Саммит жыйынтыкталып жатканда эки лидер келишимге кол коюп, кайрылуу жасашат. Кечки сый тамак Түштүк тарапта болот.

Панмунжом кыштагынын мааниси

1953-жылы Корей согушу токтотогон соң, эки тарап Панмунжом кыштагын сүйлөшүүлөр жүргүзгөн аймак катары таанышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Элдешүү кыштагы" экиге бөлүнгөн: бир тарабы Түндүккө, экинчи тарабы Түштүккө таандык

"Элдешүү кыштагы" экиге бөлүнгөн: бир тарабы Түндүккө, экинчи тарабы Түштүккө таандык.

Кыштактын борборунда, эки тарапты бөлгөн сызыктын так ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун башкаруу имараты жайгашкан.

Өткөн жылы Түндүк Кореянын аскери так ушул аймактан Түштүк тарапты көздөй качканын көрсөткөн тасма тараган.

Түндүк-Түштүк Кореянын ортосундагы саммиттердин тарыхы

1953-жылы Түндүк Кореянын Түштүккө чабуулу ишке ашпай калгандан кийин лидерлер Пхеньянда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2000-2007-жылдардагы Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы саммит эки Корея ортосундагы мамилени өзгөртө алган эмес

2000-2007-жылдары Түндүк Кореянын борборунда Ким Чен Ир түштүк кореялык жогорку бийлик өкүлдөрүн кабыл алган. Ал жолугушууда кандайдыр бир алдыга жылуу болгон эмес.

Бирок ошондой болсо дагы Түштүк Корея президенти Ро Му Хён Пхеньян менен сүйлөшүүгө аракет кылган деп Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган.

Түндүк Корея жетишилген келишимдин шарттарын аткарган эмес. Тескерисинче, өзөктүк куралдардан арылуунун ордуна өзөктүк курал сыноосун катарынан өткөргөн.

Изоляциядан чыгуу аракети

Түндүк Корея дүйнө коомчулугу тарабынан обочолонуп калган өлкө. Анткени өзөктүк курал программасынан баш тартпай койгону, адам укуктарынын бузулушу, эл аралык укуктарды бузганы Пхеньянды БУУнун санкцияларына туш кылды.

Түндүк Корея алты жолу өзөктүк курал сыноосун өткөргөн. Ошондой эле алыскы аралыкка уча турган ракеталарын сынаган. Алар АКШга чейин жетет деп айтылган. Өткөн жылы кырдаал чыңалып, АКШ жана Түндүк Корея лидерлери бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтып, "согуш" менен коркутушкан.

Бирок быйылкы жылдын башынан тарта Пхеньян өзүнүн көп жылдык душманы Түштүк Корея менен дагы, анын союздашы АКШ менен да сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтө баштады. (AT)