“Катибат аль-Таухид ва аль-жихад”- "Аль-Каиданын" Борбор Азиядагы идеялык мураскору

“Катибат аль-Таухид ва аль-жихад” Сүрөттүн автордук укугу MODerndiplomacy.eu

Усама бин Ладен менен Айман аль Завахари баштаган күрөштүн жолун улантууну ыйык милдети катары санаган Борбордук Азиядагы жихадчы-салафиттердин арасында антиамерикалык, антиизраилдик жана антисемиттик көз караштарга негизделген "аль-Каиданын" идеологиясын колдоочулар көбөйүп жатат.

"Аль-Каиданын" эң катуу колдоочуларынын бири болуп Борбордук Азиядан чыккан, негизинен ферганалык өзбектерден турган согушкерлердин "Катибат аль-Таухид вал Жихад" уюму эсептелет.

Бул топту түбү Кыргызстандын түштүгүнөн болгон Абу Салах (чыныгы аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров) 2014-жылы Сирияда түзгөнүн айта кетүү керек. Анын курамына "Ѳзбекстан ислам кыймылынан", "Катибат аль Бухари" жана "Түркстан ислам партиясынан" бөлүнүп чачырап кеткен согушкерлер бириккен.

«Катибат аль-Таухид ва аль-Жихад» Сириянын Идлиб провинциясында Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан «Хейат Тахрир аль-Шам» деп аталган козголоңчул топ менен байланышта болгон үчүн "Аль-Каиданын" колдоосуна ээ болгон. Азыркы күндө Абу Салахтын согушкерлери Жакынкы Чыгыштагы теги борборазиялык жихадист-салафилердин эң согушчул жана эң жакшы куралданган тобу. Постсоветтик Борбор Азия, Россия жана Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономдуу району үчүн коопсуздук менен туруктуулукка коркунуч туудурган анын согуштук кубаты эле эмес. Эң башкы коркунуч "Катибат аль-Таухид Жихаддын" өзүнүн идеологиялык доктринасында жана анын "Аль-Каиданын" идеяларын глобалдык масштабда таратуу мүмкүнчүлүгүндө жатат.

Топтун лидери Абу Салах өзбек, уйгур, орус жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт, ал 2000-жылдары Сирияда Аль-Фатах аль-Исламия ислам университетинде окуган. Дал ушул жерде ал салафизм менен ваххабизм сыяктуу диний радикал агымдардын негиздөөчүлөрү болгон Ибн Таймийи менен Абд аль-Ваххабдын теологиялык эмгектерин окуп, "Аль-Каиданын" идеологиялык колдоочусуна айланган. Университетти бүткөндөн кийин ал Кыргызстанга кайтып келип, Ош областындагы мечиттердин биринде имамдын жардамчысы болуп иштеген.

Абу Салахтын руханий насаатчысы - диний касташуу отун жагып, экстремисттик материалдарды таркаткандыгы үчүн он жылга эркинен ажыратылган Борбор Азиядагы белгилүү динаятчы Рашид Кары Камалов. Радикалдуу ислам идеологиясын изилдеп жүргөн илимпоз катары мен аны менен эчен ирет жолугуп, Фергана өрөөнүндөгү салафизм менен ваххабизмдин идеологиясынын зыяндуулугу жөнүндө көп жолу талашып-тартышканбыз. Ошол Рашид Кары Камаловдун Кашкар-Кыштак кыштагынан чыккан шакирти исламдык терроризм жана экстремизм жолун тандап алганы абдан кейиштүү.

Сүрөттүн автордук укугу MODERNDiplomacy.eu
Image caption «Катибат аль-Таухид ва аль-Жихаддын» лидери - Абу Салах

Ваххабиттердин адабиятын өзгөчө ынтаалык менен окуу, салафиттердин идеясына ынтызарлык менен берилүү аны 2012-жылы кайра Сирияга алып келип, «Катибат имам аль Бухари» террордук тобуна кошулган. Куран боюнча билими терең, чечендик өнөрү жана лидерлик сапаттары бар Абу Салах бат эле алдыга суурулуп чыгып, моджахеддердин руханий башчысы болуп калды. Сириянын өкмөттүк аскерлери менен болгон согуштарда ал көзүнөн жарадар болуп, Түркиянын Газиантеп шаарында дарыланып чыкты. 2014-жылы күзүндө Абу Салах «Катибат-имам аль-Бухари» уюмунан чыгып, өзүнүн тобун түзүп, аны «Катибат аль-Таухид-Жихад» деп атады. Курамына Кыргызстандын, Ѳзбекстандын, Тажикстандын жарандары жана Батыш Кытайдын айрым уйгурлары кирген жаңы топ "Аль-Каиданын" түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири болуп, "Джабхать аль Нусраны" колдоого алып келатат.

Абу Салах өзүнүн пропагандисттик сөздөрүн, аудио-видеороликтерин, анын ичинде Сириядагы өзбек согушкерлеринин согуштук аракеттери жөнүндө аңгемелерин Telegram, Facebook, VK, Одноклассники жана YouTube социалдык тармактары аркылуу күн сайын таркатып турат.

Telegram каналында Jihod Shomaly («Жихад шамалы") деген псевдоним менен жана Tavhid Xabarlari («Таухид кабарлары»), Abu Salohdarsliklary («Абу Салахтын лекциялары»), Saad Muhtor, Golos Shama («Шама үнү») деген аккаунттар менен анын жихадка чакырган 200дөн ашык аудио жана видеолору тарап жатат. Telegram каналындагы анын өзүнүн жеке баракчасынын окурмандары бир нече миңдеп саналат. Ал эми андагы жабык баракчасында дагы бир нече миң адам катталган.

Абу Салахтын аудио жана видео сөздөрүн радикалдуу ислам эксперт катары ар тараптуу анализдеп чыккандан кийин мен анын диний темадагы эрудициясынын кенендигин, Курандын аяттары менен Имам аль-Бухаринин хадистерин жатка биле турганын белгилеп коюшум керек. Ал өзүнүн оюн элестүү жана таамай жеткире алат, эл чогулган жерде өзүн ишенимдүү алып жүрөт жана моджахеддердин жаңы муунун жанкечтилик терактыларга барганга шыктандырып сүйлөй алат.

«Катибат аль-Таухиддин» лидери жанкечти террорчулардын жардамы менен кеминде үч жардыруу уюштурганы белгилүү. Ал биринчи жолу жалалабаддык 19 жаштагы өзбек Бабур Исраиловду пайдаланып, 2015-жылы Сириянын Аль-Фуах шаарында жардыргыч заттар шыкалган брондолгон машинаны жардырткан. Экинчи жолу ал 2016-жылы август айында Кыргызстандагы Кытайдын элчилигине уйгур согушкеринин (аты белгисиз, бирок анын Тажикстандын жараны Зур Халиловго берилген жасалма паспорту болгон) жанкечтилик террордук кол салуусун уюштурду. Анын идеялык укугуруна илинген үчүнчү адам Кыргызстандын Ош областынан чыккан этникалык өзбек Акбаржон Жалилов болуп калды. Анын 2017-жылы апрелде Санкт-Петербургда метрону жардырып, 14 адамдын өмүрүн кыйып, элүүдөн ашык адамды жарадар кылганы белгилүү.

Эми Абу Салах Усама бин Ладен менен Айман аль-Завахиринин жолун жолдогон, "Аль-Каиданын" жалындуу пропагандисти жана постсоветтик мейкиндиктеги эң көп издөөгө алынган террорист болуп калды. Чечендик жагынан ал Борбордук Азиядан чыккан террористтердин лидерлеринин арасында алдына киши салбайт.

Бин Ладен өзбек жихадчыларынын лидери үчүн исламдын ыйыктыгы үчүн жанын берген баатыр, ал эми "Аль-Каиданын" стратегиясы менен тактикасын ал Батыштын "чырым көтөргөн" күчтөрүнө каршы күрөштүн модели катары пайдаланат. Абу Салах өзүнүн идеологиялык ишинде "Аль-Каиданын" иштөө стилин, маалымат берүү методдору менен формаларын активдүү пайдаланат, ошол себептүу өзбек жихадчылары азыр глобалдык жихаддын алдыңкы сабына чыгышты. Сирия менен Иракта халифат кулаган азыркы учурда "Ислам мамлекетинин" жолун жолдоочулардын саны кыскарып жатканына карабастан, Абу Салах "Аль-Каиданын" катарына жаңы ыктыярчыларды топтоону улантууда.

"Moderndiplomacy.eu» сайтына жарыяланган макала англис тилинен кыскартылып которулду.