Армениядагы кризис: Оппозиция демонстрацияларын токтотту

Armenian opposition leader Nikol Pashinyan waves to his supporters at a rally in Yerevan, Armenia May 2, 2018. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пашинян демонстрациялар бир күнгө токтойт деп билдирди

Арменияда бийликтеги Республика партиясы премьер-министр кызматына оппозициянын талапкерин колдой турганын билдирди. Андан кийин оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян жалпы улуттук нааразылык акциясын токтотту.

Пашинян бийликтеги партия өзүнүн позициясын такташ керектигин айтып, бирок демонстрациялар бир күнгө токтойт деп билдирди.

Шейшемби күнү бийликтеги Республика партиясы Пашинянга атаандаш катары премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерин сунуштабаганы менен, тогуз саатка созулган талкуудан кийин Пашиняндын талапкерлигин колдобой койгон.

Республика партиясынын өкүлдөрү Пашинян өлкөнүн көчөлөрүнө башамаландык алып келгенин белгилеп, бул саясатчы премьер-министр кызматын аткара албайт деп жүйөө келтиришкен.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өкмөткө каршы демонстранттар көчөлөрдү бөгөп алган

Парламенттин 45 депутаты Пашиняндын талапкерлигин колдогон, бирок ага кеминде 105 депутаттын 53 добушу керек болчу. Пашинян добуш берүүнүн алдында аны бийликтеги партия колдобосо Арменияны "саясий бороон-чапкын" каптайт деп эскерткен.

Добуш берүүдөн кийин Пашиняндын тарапкерлери негизги аянтка чогулуп, "уят" деп кыйкырышты. Өкмөткө каршы демонстранттар көчөлөрдү бөгөп, өлкөдө мектептердин көбү жабылып, жергиликтүүлөр ишке чыкпай демонстрацияларга кошулган. Аба майданга бара жаткандардын унаалары токтотулуп, туристтер аэропортко жөө басып өтүштү. Ереван шаарындагы метро дагы жабылды. Демонстрациялар Армениянын бир нече шаарында болду.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Шаршемби күнү партия кайрылуу жасап, премьер-министрликке оппозициянын талапкерин колдойбуз деп билдирди, бирок Пашинянды ысымын атаган жок. Ошондой эле партия өзүнүн талапкерин дагы сунуштабайт.

Эми эмне болот?

Парламент 8-майда кайрадан чогулуп, экинчи жолу премьер-министрди шайлоого аракеттенет.

Армениянын конституциясына ылайык, парламент жети күндүн ичинде экинчи жолу премьер-министрди шайлоого аракеттенет. Депутаттар экинчи жолу премьер-министрди шайлай албай калса, парламент тарайт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Пашинян аны бийликтеги партия колдобосо Арменияны "саясий бороон-чапкын" каптайт деп эскерткен

Пашинян бейшемби күнү расмий түрдө убактылуу премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштайт.

"Мен так айтып кетейин, бул жерде эл Никол Пашинянды премьер-министр кызматына алып келүү үчүн чогулган жок. Алар өз укуктары, демократия, мыйзамдуулук үчүн күрөшүп жатат. Демек, алар чарчабайт, чаалыкпайт!", -деди Пашинян.

Нааразылык акцияларды негизнен жаштар колдоп жатат

Тынч мүнөздөгү демонстрациялар Армениянын тарыхындагы орчундуу окуялардын бири болуп калды. Шейшемби күнү демонстрациялардын башында турган Никол Пашинян премьер-министр болуп шайланышы күтүлүлгөн болчу.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 42 жаштагы Никол Пашинян 31-мартта нааразылык акциясын Гюмри шаарында баштаганда, ага ондогон активисттер эле кошулган

42 жаштагы Никол Пашинян 31-мартта нааразылык акциясын Гюмри шаарында баштаганда, ага ондогон активисттер эле кошулган. Акцияга чыккандардын көбү журналисттер болгону дагы айтылууда.

Бирок журналист, 2000-жылдардын ортосунан тарта саясатка аралашкан Пашинян 13-апрелде Ереван шаарына жеткенде, анын акциясын миңдегендер колдоп чыкты.

Армениялыктарын көбү 1991-жылдан бери мындай көрүнүшкө күбө боло элек болчу. Демонстрацияларга мейманканада иштеген кызматкерлерден тарта, мектеп окуучуларына чейин катышты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пашинян: Мен коррупция, мыйзамсыздык жана башалмандыкка каршы оппозициядамын

17 жаштагы мектеп окуучулары билим берүү тармагы оңдолушу керек деп көчөгө чыкса, алыскы айылдан келген тургундар "бийлик биздин маселеге биринчи жолу көңүл буруп жатат" деп айтып турушту.

"Буга чейин көп жолу демонстрацияга чыкканбыз. Бирок алардан эч кандай жыйынтык болгон жок. Өзгөрүүлөр болбогондуктан эл үмүтүн үздү. Азыркы нааразылык акциялар башкача өтүп жатат. Себеби биздин башчыбыз бар", -деди Ереван шаарынын тургуну Мегри Габриэл.

Армениянын "баркыт ыңкылабы"

13-апрель - Никол Пашиняндын 14 күнгө созулган нааразылык жүрүшү баш калаа Ереванга жеткенде, миңдегендер көчөгө чыкты.

17-апрель - Миңдегендер демонстрацияга кошулганына карабай, парламент 76 добуш менен мурдагы президент Серж Саргсяндын талапкерлигин колдоду. 17 депутат каршы добуш берди. Саргсян андан сегиз эле күн мурун президенттик кызматтан кеткен болчу.

22-апрель - Никол Пашинян менен Серж Саргсяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин, Пашинян камакка алынды.

23-апрель - Никол Пашинян абактан бошотулуп, Серж Саргсян кысым алдында кызматтан кетти. Серж Саргсян кызматтан кетүү арызында "Никол Пашиняндыкы туура экен. Мен туура эмес кылыпмын" деп жазды.

27-апрель - Убактылуу премьер-министр катары дайындалган Карен Карапетян оппозиция менен жаңы сүйлөшүүлөрдөн баш тартты.

29-апрель - Бийликтеги Республика партиясы оппозициячыл саясатчы Пашинянга атаандаш катары премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерин сунуштабайбыз деп билдирди.

1-май - Пашинян бийликтеги Республика партиясы анын талапкерлигин колдобой койсо Арменияны "саясий бороон-чапкын" каптайт деп эскерткенине карабастан, Республика партиясы Пашинянды шайлаган жок. Жергиликтүүлөр кайрадан көчөгө чыгышты.

2-май - Бийликтеги Республика партиясы кайрылуу жасап, премьер-министрликке оппозициянын талапкерин колдойбуз деп билдирди, бирок Пашинянды ысымын атаган жок. Ошондой эле партия өзүнүн талапкерин дагы сунуштабайт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пашинян менен Саргсяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин, Пашинян камакка алынган

Демонстрациялар эмнеден башталды?

2008-жылы Серж Саргсян президент катары шайланган. Анын алдында өкмөткө каршы демонстрацияларда полиция күч колдонуп, 10 киши каза тапкан.

2013-жылкы шайлоодо Саргсян кайрадан президенттик кызматка келди. Ушундан кийин Армения башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө даярдана баштаган. Ага ылайык премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттин укуктары кыскарган. 2015-жылкы референдумда мыйзам бузуулар болгону дагы кабарланган.

Image caption Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышкан

9-апрелде жаңы шайланган Армения президенти Армен Саркисяндын инаугурациясы болгон. Ал мурда Армениянын Улуу Британиядагы элчиси кызматында иштеген.

2015-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык Армен Саркисян парламент шайлаган Армениянын биринчи президенти болуп калган.

Он миңдегендер, көбү студенттер жана окуучулар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр катары көрсөтүлүшүнө каршы болуп, көчөгө чыгышкан. Нааразылык акцияга чыккандар "Серж алдамчы" деп кыйрып турушту. Буга чейин Серж Саргсян өлкөнүн премьер-министр кызматына барбайм деп убада кылган болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Пашинян нааразылык акцияга чыккандарды мамлекеттик имараттарды бөгөп алууга чакырып, демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, Ички иштер министрлигин жана Башкы прокуратура имаратын тороп алышкан.

"Демонстрацияга чыккандардын көбү жаштар. Алар өлкөдөгү курч абалга нааразы. Жаштардын көбү Совет пропагандасын көргөн эмес, алар эркин жашоону каалайт. Биз өз укугубузду, эркиндигибизди коргоп чыктык", -деди нааразылык акцияга кошулган жаштардын бири Рубен Эланакян.

Армения Орусиядан алыстайбы?

Армениядагы окуялар мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекет башчылары үчүн коркунучтуу көрүнүш экени айтылууда. Орусия Армениядагы окуяларга үн каткан жок.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пашинян "Орусия менен мамиле бузулбайт" деп айтты

Орусиянын Арменияда аскердик базасы бар жана бул мамлекет президент Путин баштаган Евразиялык экономикалык биримдигине кирет. Демек, Москванын 2,9 миллион калкы бар Арменияда кызычыклыктары арбын.

Бирок жекшемби күнү Никол Пашинян Москвага учуп барып, орус депутаттары менен жолукту. Пашинян Орусия менен мамиле бузулбайт деп белгиледи.

"Бул жараян аркылуу эч кандай геосаясий кутум уюштуруп жаткан жокпуз. Бул жерде эч кандай геосаясий контекст да жок. Бул жараян, биздин кыймыл бир гана ички процесс. Биз бардык эл аралык милдеттерибизди сыйлайбыз. Армениянын ЕАЭБ менен ЕККУга болгон милдеттери аткарылат. Бирок бул эч кандай маселе жок экенин айгинелебейт. Аны сүйлөшүүлөр аркылуу жайгаруу зарыл. Бул көйгөйлөрдү орус өнөктөштөрүбүз менен талкуулайбыз", -деди Пашинян.

"Елк" - либералдуу оппозиция, алар Армениянын европалык интеграцияга киришин жактап, Европа Биримдиги менен эркин соода келишимин түзүүгө чакырып, Орусия жетектеген ЕАЭБ экономикалык биримдигине каршы болуп келишет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 42 жаштагы Никол Пашинян 2000-жылдардын ортосунан тарта саясатка аралашкан

Арменияда көпчүлүк жарандар коррупцияга каршы көчөгө чыкканга даяр эле. Бирок сырткы саясат, евроинтеграцияны колдогондор аз экенин өткөн шайлоолор көрсөттү.

Геосаясый жактан алганда, өлкөнүн душмандашкан эки коңшусу (Азербайжан менен Түркия) жана эки анчейин тынч эмес коңшусу (Грузия менен Иран) турганда, армяндар үчүн жакынкы Орусиядан четтеп, алыскы ЕБге кирүү реалдуу көрүнбөйт.

"Мен Батышты колдогон, Орусияны колдогон же Американы колдогон саясатчы эмесмин. Мен Арменияны колдойм, ал менин чыныгы позициям. Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу сөз кылсак - мен Армениянын Биримдикке мүчө катары кошулушуна каршы болчумун. Бирок Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү, бул факт. Кандай гана саясачы болбосун бул фактты эске алышы керек", - деди Пашинян.

"Елк" блогунун лидери бардык тараптар менен, анын ичинде Орусия менен тыгыз мамиледе болууну көздөп турганын белгиледи. Пашиняндын айтымында, Орусия Армениянын ички маселесине, анын ичинде экономикалык өнүгүүсүнө кийлигишпейт.

Арменияга кандай башкаруу системасы ылайыктуу?

"Бул жерде түпкү маселе башкаруу форматы эмес, башкаруунун маңызы. BMW же Mercedes унаасы мыкты деп тынымсыз талашса болот. Бирок кеп кайсыл унаа жакшыраак эмес, эрежелерди карманып, мыйзамды сактап айдоодо. Себеби эки унаа тең мыкты. Демократиялуу бийликти, мыйзамды сыйлаган башкаруу системасын, экономиканы өркүндөтө турган жараяндар эки форматта тең болот. Демек, түпкү көйгөй башкаруу системасынын маңызында", -деди Пашинян.

Никол Пашинян жергиликтүү калк баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн системаны жактыраарын белгилеп, ал парламенттикпи же президенттикпи маанилүү эмес деп айтты.

Эгерде шейшемби күнү парламент анын талапкерин колдобосо, Пашинян өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралбайт деп билирди. "Мен коррупция, мыйзамсыздык жана башалмандыкка каршы оппозициядамын. Бул көйгөйлөрдү биз чечебиз", - деди Пашинян.

Пашинян ким жана "Елк" эмне болгон блок?

42 жаштагы Никол Пашинян мурдагы журналист, 2000-жылдардын ортосунан тарта саясатка аралашкан.

Ал "Жарандык келишим" партиясын жетектеген. 2016-жылы "Елк" либералдык кыймылына кирген.

Пашинян Серж Саргсяндын өкмөт башына келишине каршы чыккан акциялардын башында туруп, аны миңдеген кишилер колдоого алган.

Бирок 2017-жылы апрелде өткөн парламенттик шайлоодо үч партиянын башын бириктирген "Елк" кыймылы 105 мандаттын тогузун гана алган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар