Орусия атыр, күрмө, шейшепке марка басып жатат. Эмнеге?

Орусия бир катар товарларга марка баса баштайт
Image caption Орусия бир катар товарларга марка баса баштайт

Орус өкмөтү келерки жылдан тарта атайын марка коюла турган товарлардын тизмесин бекитти. Ага күрмө, атыр, шейшеп өңдүү буюмдар кирет. Товарга марка коюунун эмне зарылдыгы бар жана бул сатып алуучуларга кандай таасир этет?

Марка басуу деген эмне жана эмне үчүн зарыл?

Орус өкмөтү марка аткез товарлардын айлануусун азайтуу максатында киргизилип жатат дейт.

Азыр Орусияда жүн кийимдерге марка коюлат. Шуба жана башка тыбыт кийимдерге радиобирдик жабыштырылат. Ал мындай товарлардын Евразия экономикалык биримдиктин ичиндеги жылып жүрүшүн көрсөтөт.

Башкача айтканда, бажы органдары товар өндүрүлгөндөн тарта аларманга жеткенге чейинки жолун көрө алат. Мунун баары базарды мыйзам нугуна салуу жана аткезчиликти азайтуу максатында жасалган.

Бул товардын жылышын көрүүгө жол ачкан марка басуунун бир гана ыкмасы.

Ушу тапта DataMatrix белгисинин жардамы менен дары-дармектерге марка коюнуну пилоттук долбоору иштеп жатат.

Дары тууралуу маалыматтар “Маркировка” деп аталган системада көзөмөлдө турат. Ал эми аларман смартфон же дарыканадагы сканер аркылуу дары жасалма экенин биле алат. Дарыларга марканы милдеттүү түрдө 2020-жылдан тарта киргизгени жатышат.

Орусияда ошондой эле ар бир тамекинин кутусуна марка жабыштыруу боюнча долбоор сыноодон өтүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Марка басуу товардын баасын көтөрүшү мүмкүн

Марка басылчу товарлар

Өкмөттүн тизмесине ылайык, 2019-жылдан тарта товарлардын он тобуна марка басылат:

· Тамеки продукциялары

· Атырдын түрлөрү

· Дөңгөлөктөр

· Кийимдер

· Көйнөктөр

· Пальто, кыска пальто, күрмө – аялдардыкы, эркектердики

· Шейшеп, дастаркон жана чачыктар

· Бут кийим

· Фотокамера, фотожаркылдаткыч, лампа

2019-жылдын 1-мартынан тарта тамекилерге, 1-июлда бут кийимдерге милдеттүү марка киргизилет. Калгандарын 2019-жылдын 1-декабрында баштоо пландалып жатат.

Бул товарларга марка кандай басылары түшүнүксүз. QR коду бар бирка басса болот, ошондой эле нанобелгилерди койсо болот. Ал товардын баасына көз каранды. Бул тууралуу “Ведомости” гезити атын атабаган чиновникке шилтеме кылып жазды.

Мындан ким пайда көрөт?

Орусияда тамекиге марка коюу долбоору иштей баштагандан кийин РБК басылмасы “БАТ Россия” (British American Tobacco компаниясынан чыккан фирма) фирмасына шилтеме берип, тамеки өндүрүүчүлөрүнүн чыгымы биринчи жылы 11,5 млрд рублга (185 млн доллар) чыгарын жазды. Бул суммага болжолдуу үч млрд рублга алынчу жабдыктардын жана 1,8 млрд рубл сарпталчу документ алмашуунун чыгымы кирет.

Мындан сырткары, өндүрүүчүлөр системанын операторуна марка басуунун баасын төлөйт.

Аларманга пайда зыяны эмне?

“Ведомости” товарларга марка басуу анын баасын 10% көтөрүшү мүмкүн дейт. Мындай эсепти косметика жана атыр өндүргөн компаниянын жетекчиси берген.

“Бул чечим логистикалык жактан кыйынчылыктары бар өндүрүүчүлөргө зыян жана бааны көтөрөт. Марка басуу акча турат. Код кымбат болбогон менен, арзан товарлар үчүн анын баасы кыйла сезилет”, - деди Би-Би-Сиге Керектөөчүлөр базарына мүчөлөрдүн биримдигинин башкы директору Ольга Баранникова.

Атыр, косметика, тазалоочу жана гигиеналык каражаттарды өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын директору Пётр Бобровскийдин айтымында, атырга эч качан марка басып көрүшкөн эмес.

“Биз кеңешүү зарылдыгы тууралуу жазганбыз. Биз азыр деле ушундай ойдобуз. Марка басуу системасы иштей баштаганга чейин базардын катышуучулары менен кеңешиш керек. Марка басуунун кандай түрү тандалат, аны коюунун ар кандай жолу бар. Өндүрүш жана соода министрлигине, өкмөткө түшүндүрүп бергиле деп кайрылабыз”, - дейт Бобровский. (AK)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар