“Бельзен балдары”, согуштан алынчу сабак

"Бельзен балдары"

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин көп өтпөй, европалык жөөттөрдү массалык түрдө өлтүрүү – Холокост тозогунан аман калгандарды реабилитация үчүн Британияга жөнөтүшкөн. Алардын отузу королдук күлүктөрдүн мелдеши менен белгилүү Аскоттогу Беркшир шаарчасына жайгаштырылган.

Маргарет Натлинин ат майданында белгисиз балдар менен биринчи жолу жолукканы эсинде. 1945-жылдын күз айлары болчу, алар футбол ойноп жатышкан, концлагерден кийген ак кара сызыктуу кийими менен эле.

“Ат майданы азыркыдай тосулбайт болчу, аны биздин балдар оюн аянтчасы катары колдоноор эле. Бир күнү мен досторум менен баратсам жүрүшүптүр, кадимки башкалардай эле. Балдар бизге денесиндеги эн белгилерин көрсөтүштү жана башынан өткөргөнүн сыймыктанбастан айтып беришти”, - деди Натли.

Натли азыр 85 жашта. Алар ошол учурда көргөндөрүнө карабай, “бактылуу адамдар” элек деди.

“Адамдар түшүнбөйт. Ал балдар сынган эмес жана жанын аман сактап калганына сыймыктанышкан, аны айтуудан да тартынышкан эмес”, - деп сөзүн улантты Натли.

“Алар аябай ачык айрым болчу... Ийгилик жылмайган балдар эле”, - деди ал.

Image caption Ивор Перл 73 жашта

Натли жакында окуясын Фейсбуктагы топто бөлүштү. Ошол учурда үч бала концлагердеги кийимин кийип жүргөн деп ойлогону үчүн аны шылдыңдашты. Бирок чынында эле лагерден тирүү калгандар башынан өткөргөндүн далили катары кийиминин бир бөлүгүн алып жүрчү. Алар тирүү калуунун далили катары көйнөк менен шымына сыймыктанышкан. Жергиликтүү балдар менен оюн ойногондо команданын формасы катары ошол сызык кийимин кийишчү.

Балдардын арасында 13 жана 15 жаш чамасындагы экөө - Ивор Перл менен анын агасы Алек болчу. Венгриянын түштүгүндөгү Мако шаарчасында туулушкан. Алар Освенцим жана Дахау лагерлеринин тозогун көргөн.

Кийин 1945-жылы күздө Англиянын Саутгемптонуна келип, Аскотко жөнөтүлүшкөн.

Азыр Англиянын Эссекс шаарчасында жашаган Перлдин Аскоттогу ат майданында кыздарды жолуктурганы жана “аларга жакканы” эсинде бар. Бирок кыздардын атын эстей албайм дейт.

Ага-инилер көпчүлүгүн эркек балдар түзгөн бир нече жүз баланын арасында эле. Аларды алып келген Британ уюму согушка чейин эле он миңдей жөөт баланы алып келген болчу.

Холокостто кеминде 1,5 миллион жөөт бала жок кылынган. Бирок согуштан кийин ал Британ уюму аман калган бир нече миң балага виза берүүгө өкмөттү көндүргөн.

732 балага эки жыл реабилитациядан өтүүгө уруксат берилген, бирок салык төлөөчүлөрдөн аларга бир тыйын да сарпталбайт деген шарт коюлган. Жеткинчектерге кам көрүү үчүн чыгымды жөөт коомчулугу чогулткан.

Сүрөттүн автордук укугу THE JEWISH MUSEUM
Image caption Аскоттогу балдардын кээ бирлери

Дахау бошотулгандан кийин 1945-жылы апрелде Перл сөөгү менен терисине чейин жабыркап, келте кеселинен өлүм алдында турган. Ал өзүнө келээри менен агасы экөө ата-энеси менен калган жети ага-карындашы тирүү калганын билүүгө ашыгат. Бирок Кызыл Чырым уюму үй-бүлөсүнөн экөө гана тирүү калганын айтканда ошол учурда Британиянын көзөмөлүндөгү Палестинага барууну чечишет. Бул планы да ишке ашкан эмес.

“Бийлик өкүлдөрү Британия ал жакка иммигранттарды киргизбесин, ал үчүн Британияда визага тапшыруу керектигин айтышты”, - дейт Перл.

Перл башка сөзгө аттады: “Англия алтын жер эле жана ал Германиядан чыгып кетүүнүн бир мүмкүнчүлүгү болчу”.

Балдарды Мюнхенден Аскоттогу ат майданынын маңдайында жайгашкан бакчасы кенен чарбага жиберишкен. Рододендрон деген бадал гүлдөрүнө толо чарба жергиликтүү кеңештин мүчөсүнүкү болчу жана согуш маалында көчүрүлгөн жөөттөрдү жайгаштырууга колдонулчу.

30 баланы 22 жаштагы жөөт Манни Силвер карачу. Атасы Польшада төрөлгөн Силвер балдарды өзүнө окшоштурчу эмес. Окшоштугу бир гана анын да аман калганы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бельзен концлагери бошотулгандан кийин өрттөлгөн

Силвердин балдарга жардам бериши үчүн эч кандай даярдыгы жок болчу. Бирок анын тобунда Британиянын Kindertransport уюмуна бир канча жыл мурда кошулган германиялык жөөт бар эле.

Реабилитация жөнөкөй нерседен башталган. Балдар үстөлдө отуруунун эрежелерин үйрөнүшкөн. Алардын түшүнүгүндө ар бир тамактануу учурунда нанды үстөлдөн алып чөнтөктөрүнө, жастыгынын алдына катып алуу бар эле. Эми алар муну кылбоого үйрөтүлгөн.

Келечекке жана жаңы жашоо түзүү үчүн зарыл нерселерди үйрөтүүгө басым жасашкан. Немис жана жөөт тили колдонулган, бирок балдарга англисче адабияттарды беришкен. Силвер алар “үйрөнүүгө муктаж” эле деп эскерет.

Перл үчүн Англиядагы жашоо ал тарбияланган православдык үй-бүлөдөгүдөн башкача эле.

“Биз жашоо эмне экенин билчү эмеспиз. Эки кабаттуу автобустарды жана светофорлорду эч качан көргөн эмеспиз. Баары биз үчүн жаңы болду”, - дейт Перл.

“Дин дагы чектөө болуп эсептелет жана аны айтып турган бирөөнүн болбогону да эркиндик берет”, - деген Перл киного барышканын, шаарды көрүү үчүн аларга велосипед берилгенин эстеди.

Балдар жашап жаткан Вудкот 1947-жылы жабылгандан кийин Перл менен агасы жана айрым балдар Британияда калган. Бирок дээрлик баары Палестинага кеткиси келген деп эскерди Силвер. 1948-жылы согуш башталганда көпчүлүгү жаңы Израиль мамлекети үчүн согушкан.

Сүрөттүн автордук укугу THE JEWISH MUSEUM
Image caption Прагадагы балдардын тобу, Британияга жиберилер алдында

Перл да согушка барам деген, бирок мугалимдеринин биринин да өмүрүн тобокелге салгысы келген эмес. “Согуш күтө турат, турмушуму сынап көрөйүн дедим”, - деп эскерет ал.

85 жаштагы Ирене Бэлдоктун апасы Марта Турнер балдар жашаган Вудкотто иштеген. Үй-бүлө Лондондун Ист-Эндинен болчу жана алардын дүкөндөрү талкаланганда Аскотко жайгашып калышат. Анын сиңдиси Дорри убактысынын көбүн балдар менен үстөл теннисин ойноп, хостелде өткөргөн.

Бэлдоктун айтымында, ал балдардын бири Сами Даймонд Доррриге жылуу мамиле кылып, алардын үйүндө көп болчу.

1945-1946-жылдардын кышында экөө тең он сегизде болчу. Даймонд 16 жаштан кичүүлөргө берилчү Британ визасына тапшырганда жаш курагын жашырып, алдаган.

Ал эки концлагерде болгон, Британияга 1945-жылы августта кыйынчылыктан кутулган 300 бала менен бирге Прагадан келген.

“Америкада кийим тигүүчү болуп иштеп калган Даймонд кийин апамы көргөнү келди. Ал энесинен концлагерде ажыраган”, - деди Бэлдок.

Image caption Ирене Бэлдок

Бэлдок анын тагдыры кийин кандай болгонун, үй-бүлө курганын билгиси келет.

Ал менен Натли апалары менен Бельзен концлагеринин бошотулушу боюнча тасма көргөнү барышкан. Вудкоттогу балдарды ошондон кийин “Бельзен балдары” деп атап калышкан.

Бүгүнкү күнү эки аял тең тарых кайра кайталанып жатканына кабатыр. Бэлдок эгер жаштар ал окуялар тууралуу жакшыраак билсе, бүгүнкү дүйнөнү түшүнүшмөк жана башкаларга карата сабырсыздык кооптуу экенин билишмек дейт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар