Медведевдин алмашылгыс экенинин сыры эмнеде?

Дмитрий Медведев Сүрөттүн автордук укугу ALEXANDER ASTAFYEV/TASS

Орусиянын Думасы ушул аптада Дмитрий Медведевди премьер-министр кызматына бекитти.

Буга чейин Мамлекеттик Думага президент Путин келип, премьер-министр кызматына Медведевди сунуштаган. Путин өз кайрылуусунда алдыдагы көйгөйлөрдөн улам тез арада өкмөт курап чыгуу зарыл экенин белгилеп, Медведевдин талапкерлигин колдоп берүүнү суранган.

Медведев болсо өз сөзүндө Путинге ыраазычылык билдирип, бир нече маселеге токтолду. Экономикалык кыйынчылыктардан тарта, террордук коркунуч жана соода тууралуу сөз кылды.

Орусиянын экономикасы солгундап жаткан учурда, эмнеге Путин премьер-министр катары Медведевден башка саясатчыны сунуштабайт? Би-Би-Си бул суроону саясат таануу боюнча адистерге жолдоду.

Татьяна Становая, R.Politik аналитикалык компаниянын башчысы

Владимир Путиндин Медведевди алмаштырбагандыгынын себептеринин бири - ага жаңы даражалуу кызмат орун табуу.

Кандай гана болбосун Медведевдин өзгөчө статусу бар. Ал мурда өлкөнүн президенти дагы болгонун, өзүнүн саясий стратегиясы бар экенин эстен чыгарса болбойт. Медведев Путиндин саясатына шайкеш келбеген стратегиясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Андан тышкары Медведев "Газпром" сыяктуу компаниянын башчысы катары дайындалса, ага өз алдынча саясат жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Мындай жагдайда "Роснефть" сыяктуу компаниялар менен тирешүү болушу ыктымал.

Владимир Путин муну түшүнөт. Медведевге эркиндик берилсе, ал кандай кадамга барарын алдын ала айтуу оор болуп калат. Дал ушул себептен Путин Медведевди кетирбейт.

Глеб Павловский, саясат таанучу

Азыр калыптанган саясий системада Медведевдин премьер-министр кызматына дайындалышы тууралуу сөз кылуу тапталган маселе.

Бирок бир нерсе анык болуп турат - Орусия реформаларга муктаж. Президент өз кайрылуусунда дагы аны белгилеп өттү.

Өлкөдө кызык жагдай түзүлдү. Бир четинен жогоруда айтылган маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн күчтүү өкмөт керек. Андай болбосо реформаларды ким аткарат?

Бирок күчтүү өкмөт, таасирдүү премьер-министр бийликтеги президентке дагы коркунуч жаратышы ыктымал. Күчтүү премьер-министр келечектеги президент катары каралышы дагы мүмкүн. Путин андай жашдайды көп жактырбайт.

Демек, президент мурдагы саясатчылардын бирин тандайт. Мурдагы топтон Медведевден башка адамды премьерликке дайындаса, ал дагы президенттин ордуна келет экен деген жоромолдор чыгат.

Күчтүү министрлер ишке келсе деле, алсыз премьер-министр менен өкмөт таасирдүү болбойт.

Президент министрлерди түздөн-түз башкара берет. Бул классикалык система Орусияда 1917-жылга чейин орногон. Анда "царь" министрлерди өз алдынча чакырып, премьер-министр менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Менимче, Медведевди мындай жагдай канааттардырат. Себеби ал президентке "жок" деп айткан премьер-министр боло абайт, аны Медведев түшүнүп турат.

Аббас Галлямов, саясат таанучу

Путин Медведевге ишенет. Дал ушул себептен Медведев кайра премьер-министр катары дайындалды.

Президент саналуу гана адамга ишенет. Бирок алардын бири гана Путиндин жетекчиси болуп туруп, өз алдынча саясат жүргүзгөн жок.

Өзүнүн чыныгы жетекчисине, формалдуу жетекчи болуу оңой эмес - өзгөчө амбициялуу адамга. Медведев президент болуп турганда аны өз алдынча саясат жүргүз, бийликти кайрадан өткөрүп бербе деп түрткөндөр көп болгонун Путин аңдап турат.

Бирок ага карабастан Медведев президенттик мандатты Путинге өткөрүп берди. Бул жеңил болгон жок.

Андан тышкары Медведев премьер-министр катары Путиндин чечимдеринин баарын кабыл алып келет. Мисалы, Владислав Сурковду өкмөт аппаратынын башчылыгынан алып салуу, "Башнефть" компаниясынын Владимир Евтушенковдон "Роснефтин" чоңу Игорь Сечинге өткөрүп берүү Путиндин чечими эле. Аларды Медведев ишке ашырды.

Демек, Медведев Путиндин ишенимине кирген. Президент премьер-министр бир команда болуп иш жүргүзө алат деген пикирде.

Муну эске алганда Медведев келечекте Путиндин ордун басып калышы ыктымал. Ошол эле учурда экономикалык кыйынчылыктардан улам, Медведев иштен дагы алынышы мүмкүн.

Тектеш темалар