Дүйнөлүк чемпионат кыргыз мигранттарына кандай таасир этет?

Дүйнө чемпионатына бара турган курамалар аныкталды Сүрөттүн автордук укугу Tass/imago
Image caption Дүйнө чемпионаты 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин болот.

Орусияда саналуу күндөрдөн кийин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Мындай чоң иш-чаранын алдында өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Орусияда 700 миңден бир миллионго чейинки кыргызстандык эмгек мигранттары бар деп айтылып келет. Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшү кыргызстандык эмгек мигранттарынын жашоо-турмушуна кандай таасир этет? Коопсуздук маселеси кандай?

Бул суроо менен Орусиядагы "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакировго кайрылдык.

Абдыганы Шакиров: Албетте, бул чемпионаттын өтүшү бир жылдан бери айтылып, даярдык көрүлүп келе жатат. Чемпионат жакындап калганы азыр аябай эле сезиле баштады. Көчөлөр кооздолуп, укмуш таза болуп калды. Бул жерде жалгыз эле орус футбол күйөрмандары эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүп келишет. Көптөгөн адамдардын келиши мигранттардын коопсуздугуна таасир этиши толук мүмкүн. Бирок, биздин жарандарга элчилик тарабынан алдынала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чемпионат күндөрү көп көчөгө чыкпай, ар ким өз иш ордунда отурат деп ойлойм. Учурда баардык мигранттарды дүйнөлүк чемпионат учурунда кантип бир жерден экинчи жерге жылып жүрөбүз, кантип каттоого турабыз деген суроолор түйшөлтүп жатат.

Би-Би-Си: Орусияда чемпионаттын алдында эле көптөр корккону - футбол бейбаштары болду окшойт. Беттештер Орусиядагы 11 шаарда өтөт экен. Көчөдө, метродо дегендей мигранттардын коопсуздугу кабатырлануу жаратпай койбойт. Мигранттарга кандайдыр бир түшүндүрүү, маалымат берүү аракеттери байкалабы?

Абдыганы Шакиров: Бул боюнча алдыңкы күндөрү миграция кызматынын өкүлдөрү менен бирге коомдук уюмдардын жетекчилери, активисттер бир топ маалыматтарды таратып жатышат. Дүйнөлүк футбол чемпионат Орусиянын 11 шаарында өтө турган болсо, алардын баарында эле көп сандагы кыргыз мигранттары бар. Мисалы, Москванын өзүндө эле эмгектенип жаткан мигранттардын саны 500 миңден ашат. Аларга дагы өзүн алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми жакшы жагынан карасак, Орусияда кафе, ресторан иштеткен кыргыз жарандары үчүн бул күндөр кирешелүү болсо керек. Алар дагы азыртан эле камынып жатышат. Учурдан пайдаланып, келген туристтерден чоң финансылык киреше өндүрүп алышса болот.

Би-Би-Си: Орус футбол фанаттарынын буга чейинки мигранттарга мамилеси кандай эле? Айталы, "Спартак", "ЦСКА", "Зенит" сыяктуу футбол клубдарынын беттештери учурунда сөзсүз кооптоносуң деген пикирди айрым мекенедештерден угуп жүрөбүз.

Сүрөттүн автордук укугу VASILY MAXIMOV/AFP/Getty Images

Абдыганы Шакиров: Акыркы жылдары бул көрүнүш жакшы жакка ооду десем жаңылышпайм. 5-10 жыл мурда чындыгында бейбаштык көп болчу. Жалаң эле чоң оюн учурунда эмес, күндөлүк турмушта деле алардын колунан жапа чеккендер бар болчу. Азыр жокко чыгып баратат. Анткени Орусиянын коопсуздук кызматы жакшы иштерди алып барууда. Андыктан дүйнөлүк чемпионат учурунда дагы коопсуздук темасынан көп чочулабай эле турсак болот.

Би-Би-Си: Негизи эле чемпионатка даярдык иштеринде, мисалы, стадион курулушунда иштеген кыргыздар болдубу? Алар арасында акчасын ала албай даттангандар болгон жокпу?

Абдыганы Шакиров: Аябай чоң курулуштар курулду, катуу даярдык жүрдү. Демек, ошончо киши эмгектенди. Алардын арасында албетте нааразылар болот да. Бирок массалык түрдө нааразы болгондорду уккан жокпуз. Болсо деле көйгөй көпкө узабай чечилсе керек.

ДЧ-2018: Орусиядагы кара терилүү кишилерге мамиле

Орусиянын калкы 144 миллионго жеткени менен, алардын бир гана пайызы кара терилүү кишилер экени айтылууда. Буга чейин адам укуктарын коргогон уюмдар Орусиядагы расисттик маанай тууралуу баяндап келген.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта миңдеген чет өлкөлүк туристтер Орусияга агылып келет деп күтүлүүдө. Бирок Орусияда кара терилүү болуу кооптуубу? Алар өзүн кандай сезишет?

"Көптөр орусиялыктарды расист деп аташат. Бирок мен бул ойго кошулбайм", -дейт Африкадан Орусияга барган студенттердин бири.

"Мен метрого түшпөй калгам. Себеби метродо көптөр жаман көргөнсүп тиктей берет", -деди дагы бир кара терилүү студент.

Орусияда болжолдуу 70 миң кара терилүү адам жашайт. Алар айрым учурда расистик маанайдагы мамилеге туш болгону менен, жалпысынан Орусияда кара терилүү тургундарга мамиле жакшы деп белгилешүүдө.

Бирок бул мамлекетте жашаган кара терилүү кишилер: "жаш балдар эмнеге айрым адамдардын териси башкача болорун түшүнүшпөйт" деп айтышууда.

"Балдар менден "качан агарасың" деп сурашат. Мен аларга күн желеси ар түстүү болот, дүйнөдөгү кишилердин териси дагы ар түстүү деп айтам. Алар күн желесинде кара түс жок деп жооп беришет", -деди Брайт.

Катерина Новосельцева Орусиянын баскетбол боюнча курама командасында ойногон биринчи кара терилүү аял. Анын атасы Сьерра-Леонеден, бирок ал Ростов-на-Дону шаарында төрөлгөн.

"Мен расизмге эч качан туш болгон эмесмин деп айта албайм. Бир учурда кыска мөөнөткө расизм кеңири тараган. Бирок ал көпкө созулган жок. Кайсыл жерге барса болоорун, кайсыл жерден алыс болуу керек экенин билишиң керек. Мага сен орус эмессиң деп айтканда, сизге караганда көбүрөк орусмун деп жооп берем. Себеби мен улуттук команда үчүн ойнодум. Орусия үчүн көп иштедим. Мен өзүмдү орусиялык катары сезем, бирок кара терилүү орус", -деди Катерина Новосельцева.

Британдык эксперттер: ДЧ-2018 фанаттардан коркууга негиз жок

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өткөн аптада Британиянын Коомдук палатасындагы эл аралык иштер боюнча комитетинде өткөн угууда Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдык тууралуу сөз болгон.

Анда британ полициясынын өкүлдөрү, Футбол күйөрмандарынын бирикмесинен жана Англия футбол ассоциациясынан өкүлдөр чыгып сүйлөштү. Саясий атмосфера чыңалып турганы менен орусиялык уюштуруучулар активдүү түрдө британдыктар менен кызматташып жатканы айтылды.

"Биздин жолугушуулардын баары жакшы маанайда өттү. Алар чемпионат тынч маанайда өтүшүнө аракет кылып жатканын ынандырууда. Эгерде кандайдыр бир окуялар жүз берчү болсо, алардын тартип сакчылары башаламандыктарды токтот деп ишенем",-деди парламенттеги сөзүндө футболго байланышкан иштер боюнча британ полициясынын башкы координатору, Түштүк Йоркшир аймагынын полиция жетекчисинин орун басары Марк Робертс.

Депутаттар Францияда өткөн Европа чемпионатындагы башаламандыктарды эске салып, айрым орус саясатчылары футбол бейбаштарын колдоп турганы боюнча сөздөр айтылганына токтолду.

Полиция өкүлү Скрипалды ууландыруу боюнча Москва менен Лондон ортосундагы дипломатиялык чыр-чатакка карабастан орусиялык кесиптештери менен кызматташуу үзгүлтүксүз болуп жатканын айтты.

Бейбаштарга көмүскөдө көрсөтүлгөн колдоо

Депутат Боб Сили Орусия дүйнө чемпионатын өткөрүүдө кандайдыр бир мүчүлүштүктөргө жол бербөөгө аракет кылып жатканы тууралуу эксперттердин пикири менен макул экенин билдирди. Бирок ошол эле учурда "зомбулук өсүп жатканын", айрым учурда аны орус бийлиги өзү колдоп жатат деген сөздөр бар экенине тынчсыздануусун айтып чыкты. Депутат бир эле футбол күйөрмандары эмес, "байкерлер тобу" боюнча дагы эске салды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Боруссия" менен "Гамбург" ортосундагы беттеш.

"Менимче, баары жакшы болот. Анткени бул Орусиянын кызыкчылыгындагы иш. Бирок бул жерде сүйлөгөндөрдөн бирөөң дагы футбол экстремизминин айланасында жашырылган колдоо тууралуу айткан жоксуңар".

2016-жылы Францияда өткөн Европа чемпионатында орус жана британ футбол күйөрмандары ортосунда кагылышуулар орун алган. Акыркы мезгилде ушундай эле кагылышуулар дүйнө чемпионатында дагы орун алышы мүмкүн деген макалалар жарык көрүүдө.

Жарыяланган макалаларда алдыдагы кооптонууга ашынган орус күйөрмандары эле эмес (негизинен Марселдеги кагылышуулардын күнөөкөрлөрү болгон), өч алгысы келген англиялык күйөрмандар дагы себепкер болушу мүмкүндүгү айтылууда.

"Донецктин көчөлөрүндөгү өлүм"

Марк Робертстин айтымында, жекшембиде басылмалардын бири ага кайрылып, болжолу Англиянын бир топ жерлериндеги ашынган күйөрмандар Марселдеги окуялар үчүн орустардан өч алганы жатканы тууралуу маалыматтар бар деп, комментарий сураган.

"Бул болбогон кеп! Болгондо дагы коркунучтуу келжиректик деп жооп бердим. Бирок басылма менин комментарийимди жарыялаган жок",-деди ал.

Футбол күйөрмандарынын бирикмесинин жетекчиси Кевин Майлз ар дайым эле чемпионат өткөрө турган өлкөдөгү күйөрмандар тууралуу тирүү шумдук окуялар айтыларын эске салды.

"Украина менен Польшада өткөн Европа чемпионатынын алдында бейбаш-расисттер менен бизди коркутуп, өлүмүңөрдү Киев же Донецктин көчөлөрүнөн табасыңар дешкен. Бразилядагы чемпионат алдында дагы, Түштүк Африкадагы чемпионат алдында дагы кылмыштуулук деңгээли жогору экени тууралуу сөз кылып, коркутушту. Ар качан прессадан ушундайларды угуп, иш жүзүндө бирөөсүн дагы көрбөйбүз",-деди Футбол күйөрмандарынын бирикмесинин жетекчиси. (AbA\SA\AT)