АКШ элчилиги Иерусалимге көчкөндөн кан төгүлдү

Газа тилкесиндеги Израиль армиясы менен кагылышуудан ондогон палестиналыктар мерт кетти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бул АКШ элчилиги Иерусалимге жылдырылган күнү орун алды. Палестиналык дарыгерлер каршылык акциясына катышкан кеминде 55 киши каза таап, 2700 киши жардам сурап кайрылганын айтууда. Бир дагы израилдик жаракат алган эмес деген маалыматтар айтылып жатат.

Укук коргоочулар Израиль армиясын каршылык акциясына чыккандарга күч колдонот деп айыптаган учурлар аз эмес. Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлердин аракетин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобунан коргонуу катары мүнөздөдү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, чек ара тарапка таш жана жардыруучу заттарды ыргытышты.

Болуп өткөн кандуу окуяны көз карандысыз иликтөөгө алуу боюнча Кувейттин БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган резолюция долбооруна АКШ бөгөт койду. Ак үй бул окуяларга ХАМАС тобун күнөөлөп, палестиндик топтун согушкерлери чагым кылган деген пикирде.

Көптөгөн дүйнөлүк лидерлер демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонгон деп израилдик аскерлерди айыптады. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү билдирүү жасап, "ок атуучу курал демонстранттарга эмес, алардын арасына кирип алган экстремисттерге каршы колдонулганын" айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Маалыматтарга караганда 2000дей киши медициналык жардам сурап кайрылган.

Дүйшөмбүдө Иерусалимде АКШ элчилигинин ачылышы чоң салтанат менен өттү. Иерусалимдеги АКШ элчилигинин салтанаттуу ачылышына Ак үйдөн президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп менен күйө баласы, президенттин кеңешчиси Жаред Кушнер катышты.

Президент Дональд Трамптын элчиликти Тель-Авивден Иерусалимге жылдыруу чечимине палестиналыктар кескин нааразылык билдирип келген. Алардын көз карашында бул чечими менен АКШ бүтүндөй шаар Израилге тишелүү экенин моюнга алууда. Палестиналыктар шаардын чыгыш бөлүгүн өздөрүнүн борбору кылгысы келет.

Дүйшөмбүдө таң эрте Газа тилкесине он миңдеген кишилер жыйылып, чек араны көздөй жылышты. Израиль армиясы болсо аларды ок менен тосуп алды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Чек арадагы Израиль аскерлери.

Демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, чек ара тарапка таш жана жардыруучу заттарды ыргытышты. Израиль тараптан снайперлер аракеттенген.

Палестин автономиясынын өкүлү Юсуф аль-Махмуд израилдик бийликти айыптап, эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

"Эл аралык амнистия" укук коргоо уюму демонстранттарга ок атууну адам укугун жана эл аралык укукту одоно бузуу деп сынга алды. Уюмдун маалыматында "каршылык акциясына чыккан 500гө жакын киши ок атуучу куралдан жаракат алган".

"Биздин көз алдыбызда эл аралык укукту жана адам укугун бузган үрөй учурган окуя орун алууда. Газа тилкесинде кишилер мерт болду. Арасында балдар жана өспүрүмдөр бар. Эки миңдей киши жаракат алды. Бул үрөй учурган көрүнүш чукул арада токтотулушу керек",-деп жазды Amnesty International "Твиттердеги" баракчасына.

Израилдик армиянын билдирүүсүндө, болжолу 40 миңдей палестиналык массалык башаламандык уюштуруп, чек арадагы тосмолорду бузуп өтүүгө аракет кылды. Ал эми аскерлер эрежелерге ылайык аракет кылды деп айтылган.

Дүйнө лидерлери буга кандай көз карашта?

Болуп өткөн кандуу окуяны көз карандысыз иликтөөгө алуу боюнча Кувейттин БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган резолюция долбооруна АКШ бөгөт койду.

Дүйнө лидерлери жаңжалдашкан тараптарды сабырдуу болууга чакырды. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон демонстранттарга каршы курал колдонулганын айыптады. Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган геноцид катары таанууга чакырды. Германия Израилдин өзүн-өзү коргооого укугу бар экенин айтып, бирок бул үчүн ошого ылайык коркунуч жаралышы керек деди.

Орусия болсо АКШ элчилигинин көчүрүлүшү боюнча чечимге башынан эле каршы экенин белгилеген.

Элчиликтин жылдырылышы эмнеге чуу жаратууда?

Иерусалимдин макамы палестиналыктар менен израилдиктер ортосундагы жаңжалдагы негизги маселе.

Израил көп жылдан бери эле Иерусалимди өзүнүн борбору катары санап жүрөт. Ошол эле учурда 1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил тарабынан басып алынган Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн палестиналыктар болочоктогу өлкөсүнүн борбору катары көрөт.

Иерусалимде иудейлер, христиан жана мусулмандардын ыйык санаган жайлары бар.

1967-жылы Чыгыш Иерусалимди Израил басып алып, кийин 1989-жылы аннексиялаган. Бирок шаарды бир дагы өлкө Израилдин борбору катары тааныган эмес.

Чыгыш Иерусалимде болжолу 330 миңдей палестиндер жана көчүрүлүп келген 200 миң чамалуу жөөттөр жашайт.

1993-жылдагы макулдашууга ылайык Иерусалимдин макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек. Бирок мындай сүйлөшүүлөр 2014-жылы туңкуюкка кептелди. Дональд Трамп өзүнүн чечими менен бул сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан АКШнын ролун жокко чыгарды деген сынга кабылган. (AbA)