Өзил менен Гүндогандын түрк президенти менен жолукканы Германияда сынга кабылды

Германиянын футболдук бирикмеси (DBF) улуттук курама команданын оюнчулары Месут Өзил менен Илкай Гүндогандын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга жолукканын жана бирге сүрөткө түшкөнүн сынга алды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Месут Өзил учурда англиялык "Арсенал" футбол клубунун жарым коргоочусу.

Теги түрк бул эки футболчу жекшембидеги Лондондогу жолугушууда Эрдоганга кол тамга жазып футболка белек кылышкан.

Азыркы учурда Эрдоган кайра шайланганы турат. Германия курама командасынын жарым коргоочусу Гүндоган: "Менин татыктуу президентиме терең урматым менен" деген кол тамга калтырган футболка берген.

Месут Өзил учурда англиялык "Арсенал" футбол клубунун жарым коргоочусу, Илкай Гүндоган "Манчестер Ситинин" оюнчусу.

Эки футболчу тең июнь айында Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө. Германия курама командасы чемпионаттын эң күчтүү командасы катары саналат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Теги түрк бул эки футболчу жекшембидеги Лондондогу жолугушууда Эрдоганга кол тамга жазып футболка белек кылышкан.

Эки футболчунун Эрдоган менен жолугушканын көпчүлүк немис саясатчылар катуу сынга алды. Алардын мындай мамилеси - Германияда кабыл алынган демократиялык баалуулуктарга болгон ишеними канчалык деген шек жаратат деп сындап жатышат.

DBF директору Оливер Бирхофф: "Футболчулардын бирөөсү дагы бул сүрөттүн канчалык символдуу мүнөзгө ээ экенин аңдаган эмес. Алар туура эмес кылышты, биз бул тууралуу өздөрү менен сөзсүз сүйлөшөбүз",-деди.

Жаш кезинде Эрдоган өзү дагы футбол ойногон экен. Саясатка келгенге чейин 1990-жылдары жарым профессионалдар арасындагы Стамбулдагы "Касымпаша" клубунда ойногон экен.

Түркияны 15 жылдай башкарган президент Эрдоган 24-июнга белгиленген шайлоодо кайра шайланганы жатат. (AbA)

Тектеш темалар