Пхеньян АКШ менен саммитти жылдырам деп опузалады

КЭДР бийлиги президент Дональд Трамп Пхеньянды өзөктүк куралдан баш тартууга мажбурлай берсе, АКШ менен саммитти жылдыра турганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption КЭДР лидери Ким Чен Ын менен президент Дональд Трамптын ортосундагы саммит март айында пландалган, 12-июнда Сингапурда өтмөк.

Түндүк Кореянын борбордук мамлекеттик агенттиги Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүн жарыялады. Анда эгерде АКШ "бизди бурчка такап, өзөктүк куралдан баш тартууну талап кыла берсе, анда бул сүйлөшүүлөр бизге кызык эмес, алдыдагы АКШ менен саммит тууралуу кайра кароого мажбур болобуз" деп айтылган.

КЭДР лидери Ким Чен Ын менен президент Дональд Трамптын ортосундагы саммит март айында пландалган, 12-июнда Сингапурда өтмөк.

Би-би-синин Түштүк Кореядагы кабарчысы Лора Бикердин айтымында, КЭДР бийлиги тарабынан жасалган билдирүү саммитти жокко чыгара элек, бирок Трамп менен жолугушууга күмөн жаратты.

Бул билдирүүнүн алдында эле Пхеньян шаршембиде өтө турган Сеул менен сүйлөшүүлөрдү жылдырды. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө эки тарап тең макулдук берген эле. Жолугушуу Панмунжом кыштагында өтүп, апрелдеги эки лидердин сүйлөшүүлөрүндө жетишилген келишимдер майда-чүйдөсүнө чейин каралат деп күтүлүп жаткан.

Андагы негизги суроолордун бири - Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз аймак катары жарыялоо эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Aпрелдеги эки лидердин - Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу.

Мындан сырткары апрелдеги Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын жолугушуусунда төмөндөгүдөй чечим кабыл алынган:

  • Бири-бирине карата душмандык мамилени токтотуу
  • Чек арадагы демилитаризацияланган аймакты "тынчтык аянтына" айлантуу жана, чек арадагы үгүт аракеттерин токтотуу
  • Чөлкөмдөгү курал-жарактарды кыскартуу жана аскердик чыңалууну азайтуу
  • Кытай жана Орусиянын катышуусу менен төрт тараптуу сүйлөшүүлөргө жетишүү

"Отко май чачуу"

АКШ менен Түштүк Корея тарабынан өткөрүлүп жүргөн биргелешкен аскердик машыгуулар КЭДРдин кыжырын келтирет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Буга чейин Пхеньян мындай мүнөздөгү машыгууларды "отко май чачуу" деп мүнөздөп, "согуш ачам" деп опузалаган.

Бул жолку машыгууларга 100гө чукул аскер учагы тартылган. Түндүк Корея машыгуунун мурдагыдай эле чагым деп атады.

Түштүк Корея менен АКШ мындай машыгуулардын максаты коргонуучу гана мүнөзгө ээ жана 1953-жылы жетишилгенк елишмдин алкагында өтөт деп ишендирип келүүдө. (AbA)