2018-жылдын эң таасирдүү адамдары

Powerfull people

Америкалык Forbes журналы 2018-жылдын эң таасирдүү адамы деп Кытайдын лидери Си Цзиньпинди атады.

Журналдын тизмесине бардыгы болуп 75 киши кирген.

Басылма "Жер шаарында жети жарым миллиард адам бар, бирок аталган 75 таасирдүү кишилер дүйнөнү башкарат" деп билдирди.

Таанымал Forbes журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү адам катары Кытайдын президентин атады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Кытайдагы башкаруучу компартия өлкөнүн Баш мыйзамындагы мамлекет башчынын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салган. Кытайдын лидери Си Цзиньпин 2023-жылдан кийин дагы бийликте калышы мүмкүн. Мурда мыйзамда мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөт менен эки ирет шайлана алат деп көрсөтүлгөн эле.

Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.

Си Цзиньпинге чейинки эки лидер бул эрежени бекем карманды. Бирок Си бийликке келгенден тарта эле өз эрежелери менен башкарууга даяр экенин көрсөтүп баштаган.

Си Цзиньпин 1953-жылы туулган. Анын атасы Кытайдагы компартияны негиздеген ишмерлердин бири болгон.

Си 1974-жылы компартиянын катарына өтөт. Ошондон тарта укмуштуудай карьералык өсүш жасап, 2013-жылы Кытайдын төрагасы болгон.

Анын бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Ошол эле учурда улутчулдук өсүп, жарандык укуктар чектелген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Путин 18 жылдык башкаруусун улантууда

Кытайдагы башкаруучу компартия мамлекет башчынын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салгандан кийин Си Цзиньпин Орусиянын президенти Путинден озуп кетти. 2017-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүу адам катары табылган Путин, экинчи орунда.

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл президенттик төртүнчү мөөнөтүн баштады. Путин март айындагы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 77 пайызынын колдоосун алып, шайлоодо жеңип чыккан.

Ушуну менен ал 18 жылдык башкаруусун улантат. Путин президент жана премьер-министр катары өлкөнү башкарып турган кезде Орусия экономикалык өсүүгө, аскердик экспансияга жетишип, мамлекет кайрадан ири державага айланды.

Орусиянын оппозициясы Путинди "падыша" же "император" деп аташып, кескин сынга алып келген. Путинди сындагандар, 18 жылдын ичинде Орусиянын жаш демократиясы талкаланды деген пикирде.

Андан тышкары кубаттуу армия Орусиянын улуттук уңгусунун бир бөлүгү болуп келген. Бирок Советтер союзу кансыз согуш учурунда каражатты армияга жумшай берип, мамлекет банкрот болгон.

Союз ыдырап кеткенден кийин Орусиянын армиясы кризиске дуушар болуп, бюджет кескин кыскарган. Владимир Путин армияны заманбап, кубаттуу күчкө айландырды.

Ал бийликке келгенден бери армия Чеченстан, Грузия, Украина жана Сирияда кубатын көрсөттү.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөдөгү үчүнчү эң таасирдүү адам катары аталды.

Трамп миллиардер жана саясий ишмер, Республикалык партиянын мүчөсү, медиамагнат, жазуучу. Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Куинсте (Нью-Йорк штаты) туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамп 13 жашында аскер академиясына кирип, эң алдыңкы окуучу болгон.

Дональд Трамп АКШнын президенттиги кызматы үчүн ат салышарын 2015-жылы 16-июнда жарыя кылган. 2015-жылы май айында праймеризде башка талапкерлерди артка таштап, Республикалык партиянын атынан талапкер болуп калган. 18-21-июлда Республикалык партиянын курултайы аны АКШ президенттигине расмий талапкер деп жарыялаган.

Ал 2016-жылы бийликке келгенден бери бир нече чуулгандуу окуялар болуп кетти. Жакында эле президент Трамптын АКШнын элчиликти Тель-Авивден Иерусалимге жылдыруу чечими ишке ашкандан кийин нааразылык акциялар болуп, кеминде 55 палестиналык каза таап, 2700 киши жаракат алган.

Дональд Трамп чоң күчкө ээ таасирлүү державанын башында турат. АКШда башка өлкөлөргө салыштырганда глобалдык альянстарынын бүтүндөй түйүнү бар десек болот. Американын аскердик кубатына тең келчүлөр жокко эсе. «Жыйырмалыктагы» көп өлкөлөр өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дагы АКШга көз каранды.

Бирок Дональд Трамптын күлкүлүү жүрүм-туруму олуттуу тынчсызданууларды жаратып, АКШда президентке караганда бийлик институттары бекем көрүнүшү мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2015-жылы Time журналы Меркелди "жылдын адамы" атаган.

Ангела Меркель төртүнчү эң таасирдүү адам жана дүйнөдөгү эңтаасирдүү айым деп аталды.

Германиянын канцлери 2017-жылкы шайлоодо төртүнчү жолу жеңишке жетти.

Ангела Меркелге прагматикалык жана акылдуу лидер катары образ берилген. Ал тургай бир учурларда аны "Германиянын ханышасы", "Европанын ханышасы" деп дагы атап жүрүштү.

Ангела Меркель (төрөлгөндөгү фамилиясы Каснер) 1954-жылы 17-июлда Гамбургда төрөлгөн. Анын атасы чиркөө кызматкери эле.

Каснердин балалыгы Чыгыш Берлиндин чет жакасындагы шаарчада өттү. Ал учурда бул аймак коммунисттик бийликтин башкаруусунда эле.

Лейпциг университетинде физика боюнча докторлук даражага ээ болгон. ГДРдин илимдер академиясында иштеген.

1990-жылы Германия бириккенден кийин Христиан-демократиялык союзу партиясынын катарына өтүп, бир жылдан кийин Аялдар жана жаштар укугу боюнча федералдык министр кызматына дайындалат. Ал учурдагы канцлер Гельмут Коль болчу.

2000-жылы Гельмут Колдун дарегине Христиан-демократиялык союзу партиясын мыйзамсыз каржылган деген кинелер коюлуп, Меркель анын отставкасын талап кылган. Ушундан көп өтпөй партиянын башына Меркель келет.

2005-жылы Ангела Меркель Германиянын биринчи аял канцлери болду.

Ангела Меркелдин саясий карьерасында аны "табити жок кийинет" дегендей кабыл алышкан. Бирок ал жаңы чач жасалга жана кооз кийимдерге баш ооруткан жок.

Европа аймагындагы кризистерди, украин кризиси, миграциялык кризис жана "брекситтен" кийинки дендароо абалды жайгарууга умтулганы мактоого татыйт. Муну менен анын популярдуулугу артып, бийлиги бекемделди. Иш жүзүндө анын тажрыйбасы жана Германиянын экономикалык кубаты аны Европа бримдигиндеги лидер кылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос бешинчи орунда. 2017-жылы Forbes журналы Безосту дүйнөдөгү эң бай адам катары атаган. Ал бай адамдардын тизмесинде турган "Microsoft" компаниясынын түптөөчүсү Билл Гейтстин да рейтингинен ашып өткөн.

Безостун салыктан кийинки байлыгы 105,1 миллиард долларга жетти. Безос карапайым үй-бүлөдө өскөн. Апасы аны өспүрүм курагында эле төрөгөн. Ата-энеси ажырашып кетип, Жефф өгөй атасынын ысымын алган. Жаш кезинде чоң ата-энесине таандык дыйканчылык чарбада иштеген.

Ал бала кезинен эле техникага жакын болчу. Кийин электр инженер кесибин окуган. Жогорку билим алгандан кийин Уолл-стриттеги барктарда IT кызматкери катары иштеген. 30 жашында айлыгы жашкы болсо да жумуштан кетип, өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн кадам таштаган.

Жефф Безос ата-энесинин гаражында интернет аркылуу китеп саткан баракча түзгөн. Жефф компаниясынын атын Amazon деп дарыянын атына койгон. Учурда бул компания дүйнөдөгү эң таанымал он брэнддин катарына кирет. Безостун Amazon компаниясында 16 пайыз үлүшү бар.

Amazon - бул дүйнөдөгү эң чоң онлайн соода сатык тармагы. Ал АКШ, Европа, Канада, Кытай, Индия, Жапония сыяктуу ири өлкөлөрдө иш алып барат.

2004-жылы туристтерди космоско жеткирүү үчүн Безос Blue Origin аттуу компанияны негиздеген. Адистер Жефф Безос Жер планетасындагы биринчи триллионер болот деп жоромолдошууда. (AT)

Тектеш темалар