Месси бешинчи ирет мыкты чабуулчу, "Алай"-"Алга" беттешиндеги ызы-чуу

Испаниялык "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2017-2018-жылдагы сезондун жыйынтыгы менен "Алтын бутсы" сыйлыгын бешинчи ирет утуп алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Муну менен аргентиналык футболчу рекорд жасады. Футболдун тарыхында буга чейин бул сыйлыкты беш жолу эч ким уткан эмес.

"Реалдын" оюнчусу португалиялык Криштиану Роналду төрт ирет ушул сыйлыкты багындырган.

"Алтын бутсы" сыйлыгы Европанын улуттук чемпионаттары жыйынтыкталгандан кийин берилет.

Бул сезондо Месси 34 гол киргизип, англиялык "Ливерпулдун" оюнчсу Мохаммед Салахтан эки гана голго озуп кетти. .

  • Лионель Месси - 34 гол (68 упай)
  • Мохаммед Салах - 32 (64 упай)
  • Гарри Кейн - 30 (60 упай)

30 жаштагы Лионель Месси өзүнүн профессионалдык карьерасында испандык "Барселона" клубунда ойноп келе жатат. Месси дүйнөдөгү эң көп наамдарды уткан футболчулардын бири. Ал ФИФАнын жыл сайын берилген "Алтын топ" сыйлыгын беш жолу алган.

"Алай" менен "Алганын" беттешинин соңу мушташка айландыбы?

Сүрөттүн автордук укугу FC Alay Osh

Маалымат каражаттары жекшембиде өткөн футбол боюнча Кыргызстандын Топ Лигасындагы "Алга менен "Алай" командасынын беттешинин соңу мушташка айланып, ага күйөрмандар дагы аралашканы тууралуу жазып чыгышты.

9-турдун беттешинде "Алга" менен "Алай" 1:1 эсебинде тең чыкканы кабарланган эле. "Алайдын" бир оюнчусу орой ойногону үчүн эки ирет сары айып кагазын алып, оюндан чыгарылган.

Жергиликтүү басылмалар беттеш бүткөндөн кийин эле дароо кайым айтышуу башталып, мушташка айланганын жазууда. Беттеш учурунда дагы эреже бузуулар көп орун алган. Беттештен кийинки калайман мушташ милиция кызматкерлеринин күчү менен токтотулган деп кабарланды.

Кыргызстандын футбол бирикмеси, "массалык мушташ", "футболчулар сабалды" деп маалымат каражаттары бир аз көбүртүп жиберишкенин айтты. Футбол бирикмесинин дисциплинардык комитетинде бул иш каралып, андан кийин расмий билдирүү жасалат деди бирикменин өкүлү.

Топ Лигада 8 команда ойнойт. Мындан үч күн мурун эле Кыргызстандын футбол бирикмеси "Алай" командасы оюнчунун жасалма документтерин көрсөткөн деп, алдыдагы бир нече оюндарын техникалык жеңилүү катары саноо боюнча чечим кабыл алган эле.

"Алай" Кыргызстандын Топ Лигасындагы эң күчтүү командалардын бири. Бир нече жолу өлкөнүн чемпионатын жана Кубогун уткан. Эл аралык беттештерге дагы катышып жүрөт.(AbA)

Тектеш темалар