Индияда коркунучтуу Нипах вирусунан тогуз киши көз жумду

Индиянын бийлиги Керала штатында Нипах вирусун жуктуруп алган тогуз киши көз жумганын кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вирустун алып жүрүүчүлөрү - жарганат түлкүлөр.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тынчсыздануусун жараткан бул вирустун вакцинасы жок. Ошондуктан аны жуктуруп алгандардын 70 пайызы көз жумат.

Анализдер көз жумган үч кишиден вирусту аныктаган. Ал эми калган алтоо текшерилип жатат.

25 киши ушул вирустун белгилери менен шектелип, индиялык Кожикоде шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Нипах (NIV) вирусу эң кооптуу инфекциялык 10 илдеттин сап башында турат.

Керала штатынын Саламаттыкты сактоо министри Раджив Седанандан Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, бейтапты караган медайым дагы көз жумганын айтты.

"Биз Пунадагы вирусология боюнча улуттук институтка болжолу вирус жуккан деген кишилердин анализдерин жибердик. Азырынча үч кишиден вирус аныкталганы тууралуу маалыматыбыз бар,-деди ал. Биз илдетти жайылтпоого аракет кылып жатабыз".

Вирустун алып жүрүүчүлөрү - жарганат түлкүлөр. Булар жарганаттын бир түрү саналып, мөмө-жемиш менен азыктанат.

Расмийлердин айтымында, каза тапкандардын үйлөрүндө жарганат түлкүлөр тумшугун салып кеткен манго табылган.

  • Нипах - жакында эле белгилүү болгон инфекция. Жаныбарлардан кишилерге жугат. Вирусту жарганат түркүмүнө кирген жарганат түлкүлөр алып жүрөт.
  • Инфекция биринчи жолу 1999-жылы катталган. Анда Малайзия менен Сингапурдагы чочко баккан фермерлерден табылган.
  • Ал учурда илдет жуктурган 300 кишинин жүзү каза тапканы айтылган. Анда миллион чочкону жок кылууга туура келген. Бул Малайзиянын экономикасына катуу сокку болгон.
  • Илдетти жуктуруп албаш үчүн ылаңдап калган чочколорго, жарганттарга жолобош керек болгон. Мындан сырткары чийки пальма ширесин ичпеш керек эле.
  • Оорунун симптомдору - дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, алсыздануу, дем алуу органдарындагы көйгөй, дезориентация. Бир суткадан кийин же эки күндөн соң оорулуу эс-учун жоготот. (AbA)