АКШ вице-президенти Ким Чен Ынга: "Трамп менен ойнобогула!"

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Fox News телеканалына берген интервьюсунда, КЭДР лидери Ким Чен Ынды 12-июнга белгиленген жолугушууда Трамп менен "ойношпо" деп эскертти.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

"Эгерде Дональд Трамп менен ойнойм деп эсептесе, анда Ким Чен Ын өтө чоң жаңылыштык кылат",-деген Пенс.

АКШ менен КЭДР ортосундагы жаңы кайым айтышуулар кайра тутанды. Буга жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча Трамптын кеңешчиси болуп шайланган Жон Болтондун ММКларга жасаган билдирүүлөрү себеп болгон. Ал КЭДРдеги денуклеаризация "ливиялык сценарий" менен жүрүшү керектигин айткан эле.

Мындай билдирүү Пхеньянды терең тынчсыздандырат. 2003-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафи санкцияларды алып салса, өзөктүк курал программасынан баш тартарын айтып, эл аралык текшерүүгө макулдук берген. Сегиз жылдан кийин Каддафи батышты жактаган көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн.

Image caption Улуттук коопсуздук боюнча Трамптын кеңешчиси болуп шайланган Жон Болтон.

Өткөн аптада Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы билдирүү таратып, бийликтин Болтонго карата кескин каршы маанайын айтып чыкты.

Ошол эле учурда Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Корея биргелешип өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тынчсыздануусун билдирген.

АКШ менен КЭДР лидерлеринин тарыхый жолугушуусунан баш тартпай туруп, тараптар мурдагыдай эле кайым айтышууга өттү.

Түштүк Корея жолугушуу болот деди

Түштүк Кореянын өкмөтү АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы саммит болот деп ишендирүүдө.

Буга чейин Пхеньян АКШ президенти Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартууга мажбурлай берсе, саммитти жылдырабыз деп эскерткен. Бүгүн Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Вашингтонго келип, АКШнын лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

Түштүк Кореянын президенти Вашингтон сапарында саммитти сактап калууга умтулат. Бирок АКШ менен Түштүк Корея өткөрүп жаткан биргелешкен аскердик машыгуулардан улам Сеул менен Пхеньяндын ортосундагы байланыш үзүлдү.

Өзөктүк курал сыноолорун өткөргөн полигон жабылат

КЭДР өзөктүк куралдарды сыноодон өткөргөн Пунгери полигонун жабууга даярдык көрүүдө. Бул полигондо 2006-жылы алты ирет өзөктүк курал сыноодон өткөн. Акыркы сыноо 2017-жылы болгон.

Байкоо салган кытайлык эксперттер тоо арасындагы бул полигон масштабдуу кыйроого туш болгонун, колдонууга жараксыз болуп калганын айтып келе жатат.

Деген менен КЭДР бийлиги полигонду салтанаттуу түрдө жабууга даярдык көрүүдө. Ага Орусия, Британия, АКШдан журналисттер катышат.

Корей жарым аралындагы денуклеаризация Трамп менен Ким Чен Ындын жолгушуусундагы негизги маселе болмокчу. (AbA)