ИИМ: Британия Европанын "кокаин борборуна" айланууда

Жыл башынан бери Лондондо 64 кишинин өмүрүнө кол салынган. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Жыл башынан бери Лондондо 64 кишинин өмүрүнө кол салынган.

Улуу Британия тездик менен европалык негизги кокаин колдонуучуга айланууда деп билдирди Ички иштер министрлигинин коопсуздук боюнча орун басары Бен Уоллес.

Коммуникациялык технологиялар баңгизат соодасы менен алектенгендерге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачууда: алар сүйлөшүүдө коопсуз аянтчага ээ болушту, өтө тездик менен байланыштарды түзө алышат дейт Уоллес.

Кеңири тараган шифрлөө технологиясы баңгизат соодагерлерин кардар табуу түйшүгүнөн арылтты. "Бүгүнкү күндө жаштар албандык, серб ал тургай жергиликтүү кылмыш топторунан буюртма кыла алышат. Болгондо да үйүнүн босогосуна чейин алып келишет",-деди министр орун басары.

"Ошол эле учурда Британия Европадагы кокаинге болгон суроо-талабы жогору өлкөгө айланып баратат. Башкача айтканда, керектөөчүлөр тарабынан суроо-талап чоң",-деди ал.

Британияда чынында эле кокаин коп колдонулууда. Бул тууралуу өткөн жылдагы Баңгизат жана баңгимандар тууралуу европалык борбордун изилдөөсүндө айтылган. Европадагы шаарлардын ичинен баңгизат колдонуу боюнча Бристоль алтынчы орунда турат. Бул шаарда бир күндүк колдонуу - миң кишиге 754,7 миллиграммдан туура келген.

Лондон болсо кокаинди көп колдонгон европалык шаарлардын катарында стабилдүү алдыңкы төрттүктөн түшпөй келе жатат. Өзгөчө дем алыш күндөрү көп колдонулары белгилүү болгон.

Антирейтингде биринчи орунда Барселона. Ал эми алдыңкы беш өлкөнүн үчөөнү Швейцариянын шаарлары ээлейт.

БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эсебинде, 2016-жылы Англия менен Уэльстин эмгекке жарамдуу калкынын болжолу 2,25 пайызы кокаин колдонот. Шотландияда бул сандар 2,5%.

Провинциялардагы зомбулук

Кокаин колдонуу "байлардын эрмеги болуудан калды" дейт Уоллес. Баңгизат колдонуу шаарлар менен катар эле айылдарда дагы өсүүдө. Муну арты эми провинцияларда наркотрафик менен алектенген кылмыштуу топтор ортосундагы таасир талашуунун жаңы толкунун жаратты.

"Олуттуу кокрунучка ээ болгон кылмыштуу топтор бар...Алар 15 жаштагы өспүрүм диллерге баңгизатты жеткирип эле койбостон, өспүрүмгө "аймагыңды корго" деп курал дагы берүүдө",-деп айтып берди Уоллес.

Анын айтымында, эгерде 15 жаштагы өспүрүм алар менен кызматташуудан баш тартса, аны зомбулук, өлүм күтөт.

Сүрөттүн автордук укугу PA

Лейбористтер партиясынын парламенттеги өкүлү Дэвид Ламми баңгизаттардын "кара базары" майда соодагерлер арасындагы зомбулукту күчөтүүдө дейт. Алар өздөрүн коргоо үчүн бычак алып жүрүшөт. Бул болсо зомбулукту күчөткөнгө чагым болуп калууда деди ал.

Жыл башынан бери Лондондо 64 кишинин өмүрүнө кол салынган. Бул көрсөткүч менен британ баш калаасы Нью-Йорк менен Москвадан озуп кетти.

Курмандыктардын көбү Африка, Пакистан, араб өлкөлөрүнөн келген бүлөлөрдүн чыккан өспүрүмдөр. Басылмалар "зомбулуктун эпидемиясы" деп жазууда.

Полиция чараларды күчөтүп, бычак сыяктуу куралдарды алып жүргөндөргө каршы күрөш жүргүзүп жатканын билдирди. Жакынкы күндөрдө парламентте полициянын укугун кеңейтүү боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Тагыраагы, полиция көчөдө бараткандарды тинтүүгө алууга уруксат сурашы мүмкүн экени айтылууда. (АbA)